Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Кумтөрдүн тагдыры кайрадан талкууда


Кумтөр алтын ишканасы.
Кумтөр алтын ишканасы.

«Арай көз чарайда» Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги акыркы талаш-тартыштар талкууга алынды.

Студиянын коноктору: «Ата Журт» фракциясынын башчысы, Кумтөр жабык акционердик коомунун ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык убактылуу комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров, Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.




«Азаттык»: Ошентип Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров башында турган убактылуу комиссия бул ишканынын ишин текшерип чыгып, анын тыянагын кечээ парламенттин талкуусуна койду. Парламент ага кандай баа берери азырынча белгисиз. Эртең талкуу дагы кезексиз уланганы турат. Садыр мырза, биздин угармандар үчүн жөнөкөйлөнтүп айтып берсеңиз, комиссия кандай тыянакка келди?

Садыр Жапаров: Комиссия 15-февралда түзүлгөн. Ал комиссияга 5 фракциядан 10 киши кирген. 10 кишинин текшерүү максаты - Кумтөрдөгү экономикалык, экологиялык абалдын мыйзам чегинде сакталышын текшериш керек болчу. Биз бардыгын текшерип келип, төрт айдан кийин Жогорку Кеңешке кечээ отчетту бердик. Ал жерде экологиялык абал адам баласы эмес, айбан ыйлап аткан акыбалда турат. Бардыгын видео тасмага түшүрүп келгенбиз. Биринчи талкууну улантып, экинчи талкууга эртең чекит коёбуз деп турабыз.

«Азаттык»: Чыныбай мырза, сиз фракция жетекчиси катары кандай кабыл алдыңыз. Канчалык деңгээлде ушул комиссиянын тыянагына баа бере алдыңыз?


Чыныбай Турсунбеков: Эң биринчи кезекте мен өткөн жылы Нарында шайлоочулар менен жолугушууда Кумтөрдүн Нарын элине, жаратылышына тийгизип аткан зыяны боюнча көп маселелерди уккам. Ошондуктан мен дагы бул маселени изилденип каралышына кызыкдар болчумун. Акыркы чекит эртең коюлат болуш керек. Себеби көпчүлүк депутаттар 800 барактан турган материалды толук таанышып үлгүргөн жок.

Эң негизиси - тартылган тасма. Кумтөрдөгү кооптуу таштандылардын сакталышы, шарттары, мөңгүлөрдү ээритип атышын ким болбосун көргөндөн кийин жүрөгүн оорутпай койбойт. Бардыгы коюлуп, чечилип, текшерилгенден кийин бир жыйынтыкка келебиз деп күтүп атабыз. Албетте Кумтөрдүн экологиялык маселесин көтөрүп чыгуу максаты болгон. Аны менен катар экономикалык жана укуктук жагы да коюлуп атат.

«Азаттык»: Албетте улутташтыруу керек деген башкы тыянагы болуп атат. Эгер улутташтырса, албетте канадалык компания кетүүгө аргасыз болот. Мамлекет өзү иштетип кете алабы?


Орозбек Дүйшеев: Кумтөр кени эң бай запасы көп кендердин бири. Бүгүнкү күндө муну эч убакта өзүбүз алалбайбыз. Анткени Кумтөр дүйнөлүк акционердик коом. Кумтөрдүн бардык байлыгы, жер байлыгынан башкасы акционерлердин менчиги болуп эсептелет. Муну тартып алуу мүмкүн эмес.

Кыргызстандыкы 33 пайыз, Американыкы 24 пайыз, Канаданыкы 18-19 пайыз, андан башка Түштүк Африка жана башка жактарда бар. Ошондуктан бул жеке менчик болгондон кийин дүйнөлүк сот кандай чечет, абдан татаал нерсе. Ошондуктан биз бүгүн муну тартып алабыз деген такыр болбогон сөз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG