Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Кыргызстан бюджетинин негизги маселеси - тартыштык


Быйылкы жылдын бюджет долбоору да 18 млрд . 600 млн. сом тартыштык менен сунушталууда.
Быйылкы жылдын бюджет долбоору да 18 млрд . 600 млн. сом тартыштык менен сунушталууда.

Жогорку Кенештин комитеттеринде өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жана жаңы жылдын бюджет долбоору карала баштады.

18-январда бюджет жана финансы комитети бул маселеге токтолот. Быйылкы жылдын бюджети да ири тартыштык менен коштолууда.

Бюджеттин чыныгы тартыштыгы канча?

Өндүрүшү өксүп турган Кыргызстан акыркы жылдары бюджет тартыштыгынан өзгөчө жабыркап келатат. 2010-жылды өлкө 17 млрд. сомдун тегерегиндеги бюджеттик тартыштык менен аяктады.
Быйылкы жылдын бюджет долбоору да 18 млрд . 600 млн. сом тартыштык менен сунушталууда. Бирок тартыштык андан да көп экени айтылууда. Анткени каржы министрилиги өткөн жылдагыдай эле сырттан келе турган каражаттарды тартыштыкка кошкон эмес. Аларды которуулар же трансферттер деп атап, ал багыттан Кыргызстанга 12 млрд. 900 млн. сом келиш керектиги белгиленген.

Ошондуктан бул сумманы да таңсыктык катары эсептөөгө болоорун адистер белгилеп келет. Натыйжада жалпысынан алганда кирешеси 61 млрд. 100 млн. сом, чыгашасы 79 млрд. 700 млн. сом деп белгиленип жаткан быйылкы жылдын бюджетинин таңсыктыгы 31 млрд 500 млн. сомду түзүүдө.

Адистер эмне дейт?

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев быйылкы жылдын бюджетинин негизги маселеси катары анын таңсыктыгын атады:

- Эми эң негизги проблемасы - бул бюджеттин тартыштыгы. Ал 18 млрд. сом болуп атат. Чындап келгенде бул чоң тартыштык.

Жумакадыр Акенеев өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул тартыштыкты жабуунун жолдорун жабуунун жолдорун кароого сөз бергенин жана бул багытта иш жүрүп жатканын да кошумчалады.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов бюджеттик саясаттын кемчилигин мурункуну кайталоо деп атады:

- Азыркы бюджеттин негизги кемчилиги бул мурункудай эле болуп жатканы. Мурунку эле көрүнүш. Бюджет бул деген 2011-жылы кандай кадамдар жасалат, кандай соода, бюджет саясаты жүргүзүлөт, ошонун баарын көрсөтүш керек. Анан эми бюджеттин долбоору эле көрсөтүлүп атпайбы, 61 млрд. сом киреше, 79 млрд. сом чыгаша деп. Эгерде андай боло турган болсо бир жылдын инфляциясын да жаппайт.

Аскар Бешимовдун пикиринде, өкмөт өткөн жылдын бюджет тартыштыгын жаңы акчаларды чыгаруу менен жабууга аракет жасоодо. Бул өз кезегинде улуттук валютанын курсуна терс таасирин тийгизүүдө. Курстун такыр түшүп кетпеши үчүн Улуттук банк өз резервиндеги валютаны сатып жатат.

Бешимовдун эсебинде, быйыл жана жакынкы жылдары бюджет үчүн эң оорчулукту тышкы карыздарды төлөө пайда кылат. Анткени жакынкы жылдары тышкы карыздарды төлөөнүн эң оор мезгилдери келет. Маселен, быйылкы жылы 12 млрд. сом, келерки жылы 14 млрд. сом карыз төлөш керек.
Бюджет долбоору паламенттин жалпы жыйынында качан каралаары белгисиз.

Жогорку Кеңештин комитеттеринде болсо бюджетти кароо жумалыгы башталды. Дүйшөмбү күнү эки комитетте 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы каралды. Профилдик бюджет жана финансы комитети эртең, 18-январда бюджетти кароону пландаштырып жатканын комитет төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдырахманов билдирди:

- Шейшемби күнү комитет жыйыны болот. Бюджетти карайбыз. Кандай абал,эмнени пландаштырып жатканын тийиштүү министрликтер айтып беришет.

Бул арада оппозициялык “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов өлкөдөгү коррупциялык схемалардын бетин ачып, ал аркылуу мамлекетке 20 млрд. сом зыян келип жатканын билдирип чыкты.

Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке шайланаар алдында бюджеттик саясат кайра караларын айткан. Бирок азыркы сунушталган долбоордо өзгөрүү байкалган жок.

Парламент болсо быйылкы жылдын бюджетин кабыл алаардан мурда, өткөн жылдын бюджетинин аткарылышын карайт. Анда 2010-жылдагы чоң чыгашалардын кайда жумшалганы кызуу талаштарды жаратары азыртан айкын болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG