Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:12

“Центерранын” башчылары Кыргызстанга келүүдөн чочулоодо


Кумтөр кенинде иштегендер. 2013-жыл.
Кумтөр кенинде иштегендер. 2013-жыл.

Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштеринен чочулап, “Центерра голд инктин” жетекчилиги Бишкекке келүүдөн баш тартууда.

Компания жетекчилери Түркияда же Казакстанда жолугушууну сунуштап жатат. Бул өз кезегинде “Центерра голд инк.” менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы жаңы келишимди түзүү мөөнөтүн кечеңдетүүдө.

“Центерранын” башчылары эмнеден коркот?

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын президенти Токон Мамытовдун билдиришинче, “Центерра голд инк.” менен жаңы келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр абдан солгун жүрүүдө. Ага башкы себеп - “Центерра” жетекчилигинин Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканы.

- “Центерра голддун” жетекчилери Ян Аткинсон, Майкл Фишер Кыргызстанга келе элек. Алар биздин бир нече жолку чакыруубузга “Центерранын” директорлор кеңеши Кыргызстанга келүүгө тыюу салды. Анткени ал жерде кылмыш иши козголгон. Биздин коопсуздугубузга кепилдик жок, ошон үчүн бара албай жатабыз” деп жооп беришүүдө.

Мамытовдун айтымында, өкмөттүн деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр дээрлик токтоп турганы менен, учурда эксперттер ортосунда сүйлөшүүлөр жана “Центерра голд инк.” менен кат алышуулар уланууда. Учурда иштеп жаткан келишим боюнча Кумтөрдүн 33 пайызы Кыргызстанга, 67 пайызы “Центерра голд инкке” таандык.

Ал эми февраль айында түзүлгөн меморандум боюнча эки тараптын үлүшү элүү пайыздан болгон жаңы ишкана түзүлмөк. Аны Жогорку Кеңеш да колдоп берип, жаңы келишимди түзүү үчүн өкмөткө 3 ай мөөнөт чектеген болчу. Бирок андан бери алты ай өткөнүнө карабай жаңы келишим түзүлбөгөн бойдон турат. Токон Мамытов буларга токтолду:

- "Алар Бишкекке барбайбыз, Стамбулда же Алматыда жолугалы" деп сунуштоодо. Мен Стамбулга же Алматыга эмнеге бармак элем? “Кыргызалтындын” жана кыргыз өкмөтүнүн позициясы: кемчилик бизден кетпесин деп жатабыз. Кетсе канадалыктардан кетсин, бирок биз колдон келген да, келбеген да бүт аракеттерди жасап жатабыз. Парламент кабыл алган токтомду аткаруунун аракетиндебиз.

Улутташтыруудан башка жол жокпу?

“Центерранын” жетекчилигин “Кыргызалтындын” мурунку президенти Дилгер Жапаровдун камакка алынгандыгы да чочулатууда. Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, 29-майда кармаган. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Центерра голд инк.” жетекчилигинин Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканы боюнча буларды айтты:

- Алар жаратылышка, Кыргызстандын экономикасына зыян келтирген. Ал жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө алтын казууну улантуу үчүн мөңгүнү бузуу керек деп талап кылышканы да баарына белгилүү. Мына ушулардан улам алар Кыргызстанга келсек, кармалып калабыз деп коркуп жатышат.

Буга чейин “Центерранын” жетекчилиги кыргыз бийлиги кепилдик берген шартта гана Кыргызстанга келерин билдирген. Бирок кыргыз өкмөтү кепилдик бергенине карабай, азыр алар келүүдөн тайсалдап турушат. Өмүрбек Текебаев “Центерра” жетекчилигинин жаңы келишимди түзүүдөн качып жатышы ишкананы улутташтыруу гана туура чечим болорун көрсөтүүдө дейт.

- Тилекке каршы, кыргыз өкмөтү чечкинсиз болуп жатат. Эми бул боюнча чечимди өкмөт гана эмес, президент, парламент, бүткүл коомчулук бир пикирге келип, кабыл алышы керек. Менимче, улутташтыруудан башка вариант жок. Анткени “Центерра” Кыргызстан талап кылган шартка өз макулдугу менен көнбөйт.

Бирок кыргыз өкмөтү буга чейин Кумтөрдү улутташтыруу эл аралык соттук териштирүүгө жана бир катар экономикалык кесепеттерге алып келерин айтып, андай кадамга барган эмес. Экономист Азамат Акелеев ишкананы улутташтыруудагы бир катар тобокелдиктерге токтолду.

- Алар эл аралык сотко берет. Эл аралык соттордо, тилекке каршы кыргыз өкмөтү көбүнчө утулуп калып жатат. Мен бул жерде кандайдыр бир соодалашуу жүрүп жатат деген ойдомун.

Кумтөр Кыргызстандагы бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн негизги ишканалардын бири. Анын мамлекеттик бюджеттеги үлүшү 16 пайызды түзөт. Эгер жаңы келишим түзүлсө, Кыргызстан Кумтөрдөн алда канча арбын киреше табары айтылган.

XS
SM
MD
LG