Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

“Центерра” өкмөткө өктөм талап койду


Кумтөр. 14-март, 2013-жыл.
Кумтөр. 14-март, 2013-жыл.

“Центерра Голд” Кумтөрдө алтын өндүрүү токтотулушу мүмкүн экенин жарыялады.

Буга себеп катары компания Кыргызстандын өкмөтү жаңы өздөштүрүлө турган жерде анын тоо кен иштерин жүргүзүү планын бекитпей жатканын мисал келтирген. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев бул мөңгүлөрдү сактоого багытталган суу мыйзамына каршы келерин айтып, андагы чектөөлөр өзгөртүлмөйүнчө планды бекитүү мүмкүн эместигин билдирди. Эксперттердин айрымдары өндүрүш токтосо, Кумтөр кыйроого дуушар болот десе, кээ бирөөлөрү муну “Центерранын” экономикалык шантажы катары кабыл алышууда.

Толбогон казына, толгонгон өкмөт

“Центерра Голд” Кыргызстандын өкмөтү тоо кен иштерин жүргүзүү боюнча планды 13-июнга чейин бекитпесе, өндүрүш токтотуларын жарыялады. Билдирүүдө ага караштуу “Кумтөр Голд” компаниясы 2013-жылдын аягынан бери тиешелүү бийлик органдарына жылдык планды бекитүүнү сунуштап, бирок ушуга чейин ага өкмөт жооп бербей жатканы көрсөтүлгөн. Билдирүүдө инвестициялык келишимге ылайык жаңы бөлүнгөн тилкеден кен казууга уруксат берилүүгө тийиш экени эскертилген. Тоо кен иштерин жүргүзүүнүн бул жылкы планы боюнча Кумтөрдүн борбордук тилкесиндеги карьерлер кеңейтилмек. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев ага уруксат берүү үчүн мөңгүлөрдү сактоонун кепилдигин караган суу мыйзамын өзгөртүүгө туура келерин билдирди:
Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев
- Мына ошол “Борбордук” деген аянттагы контурлар кеңейтиле турган болсо анын бир бөлүгү мөңгүлөргө туш келип жатат. Мөңгүлөрдү сактоо боюнча суу жөнүндө мыйзамда чектөөлөр бар. Мына ушуга байланыштуу чектөөлөрдү алып салуу же ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү керек. “Центерра” 2009-жылдагы келишимдин талабына такап, “бул маселени өкмөт чечип берүүгө тийиш” деп жатат. Бирок биз аны мыйзамдын алкагында чечишибиз керек. Ошондуктан сунушталган планды бекитүүгө мыйзам жол бербейт.

Ошол эле кезде Сарпашев алтын өндүрүүнү токтотуу кендеги абалга гана таасир этпестен бюджеттин ири киреше булагынан ажыратат деп кооптонот. Ошондуктан мында эки тараптуу мунасага келүүнүн шарттары болууга тийиш дейт ал.

“Центерранын” “көзүрү” күчтүүбү же мыйзамдын талабыбы?

“Центерранын” билдирүүсүндө Кумтөрдө өндүрүш токтосо, карьерлерге суу толуп калуу коркунучу бар экени эскертилген. Ошондой эле Давыдов мөңгүсүнөн ылдый көздөй жылып келе жаткан ири муз катмарларын көзөмөлдөө кыйынчылык жарата турганы көрсөтүлгөн. Мындан сырткары билдирүүдө узак мөөнөткө алтын өндүрүүнү токтотуу ири каржылык чыгым алып келери айтылган. Кыргызстандын тоо кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев өкмөт планды бекитүүнү кечеңдетүү менен кесепеттери оор маселеге дуушар болгонуна токтолду:

- Акыбал ушундай болуп калды, мына ошол мөңгүлөрдү көчүрмөйүнчө иш болбойт дегенибизге карабай, өкмөт маселени чечпей турат. Мына ушундай чечкиндүү чечим кабыл алгандан өкмөт коркуп жатат. “Центерра” болсо өндүрүштү токтотобуз деген маселени көтөргөнгө аргасыз болууда. Өндүрүш токтой турган болсо анын кесепеттери өтө эле оор болот. Бул “Кумтөрдү” жоготууга алып келет. Анан “Центтерра” - “силер тоо-кен иштеринин планын бекитпей койгонго байланыштуу өндүрүштү токтотуп, 2026-жылга чейин өндүрө турган 200 тонна алтындан куру калдык” деп сотко кайрылып, бизге миллиарддаган доллар доо койот. Анан биз алар менен соттошуп жата беребиз.

Бийлик “Центерранын” коркутуусуна туруштук береби?

“Центерра” өзүнүн билдирүүсүнүн соңунда Кумтөр долбооруна байланыштуу бардык талаштар эл аралык арбитражда каралууга тийиш деп кыйыткан. Экономист Айылчы Сарыбаев “Центерранын” аталган билдирүүсүн өзүнүн кызыкчылыгын таңуулаган экономикалык шантаж катары кабыл алды:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.
- Бул атайын эле жасалып жаткан экономикалык шантаж, экономикалык диверсия. “Центерра” өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн өкмөттү коркутуп-үркүтүп, айтканын жасатканга аргасыз кылат. Мунун зыяны чоң. Өндүрүш токтотулбаса деле, мына ушундай билдирүүнү жарыялоонун өзү көйгөй жаратууга барабар. Буга биздин бийлик баа берүүгө тийиш.

Учурда өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев “Центерранын” билдирүүсүнө байланыштуу тиешелүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда шашылыш кеңешме өткөрө турганы белгилүү болду. Анда “Центерранын” койгон талабынын негиздүүлүгү жана кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууга алынмакчы.

XS
SM
MD
LG