Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Оторбаев: "Центерра" жетекчилиги Кумтөр боюнча сүйлөшүүдөн чочулоодо


Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров камалган соң “Центерра Голддун” жетекчилиги Кыргызстанга келип сүйлөшүүдөн чочулоодо. Мындан улам кошумча келишимдерди даярдоо видеоконференция аркылуу жүрүүдө. Ошондуктан сүйлөшүү натыйжалуу болбой жатканын өкмөт башчы моюнуна алды.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча кошумча келишимдердин долбоорун күзүндө Жогорку Кеңешке алып келүүнү мерчемдеп жатат.

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш "Кумтөр оперейтинг" компаниясында үлүштү 50 пайызга бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырып берген. Андан кийин дагы 10дон ашык кошумча келишим түзүлүүгө тийиш эле. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG