Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Бажы төлөмүн көтөрүү демилгеси унаа базарды кызытты


Бишкектеги машина базар. 2014-жыл.
Бишкектеги машина базар. 2014-жыл.

Экономика министрлиги Кыргызстанга ташылып жаткан машиналарга бажы төлөмүн жогорулатуу боюнча долбоорду коомчулукка сунуш кылды.

Ага ылайык, бажы төлөмү сентябрдан баштап ар бир автоунаа үчүн азыркыга караганда орточо 200 долларга кымбатташы мүмкүн. Ал эми жаңы жылдан тарта бажы төлөмдөр эки эсе жогоруламакчы. Бул өз кезегинде машина базарды дүрбөлөңгө салып, алармандардын катарын калыңдатты. Экономика министрлиги бажы төлөмүн баскыч-баскыч менен көтөрүүнү Кыргызстандын Бажы биримдигине киргени жатканы жана төлөмдөрдү бара-бара уюмдун ички ченемине теңөө катары түшүндүрүүдө. Башкача айтканда, Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо, унаалар үчүн бажы төлөмдөрү аталган уюмдун ченем-шарттары менен алына баштамакчы.

Ош облусунун тургуну Каныбек Искаков Бишкекке атайын келип, өзү үчүн сатып алууга автоунаа издеп жүргөн чагы. Ал унаа базардагы байкоолорун ортого салды.

- Бажы биримдигине кирсек, машина кымбаттап кетет, азыр алып калалы деген адамдар көп. Чындыгында эле бааны мурдагыга караганда кымбаттатып жиберишиптир. Сентябрда бажы төлөмү 10 центке кымбаттайт турбайбы. Биз ошого чейин машина алып калалы деп жатабыз.

Машина базардагы көрүнүш.
Машина базардагы көрүнүш.

Кыргызстанда жай мезгилинде тыным алып, соодасы солгундай түшчү машина базар адатта сентябрга барып кайра жанданчу. Бирок быйыл али жай мезгили экендигине карабай, унаа базардын соодасы кызып турган учур. Жубайына машина издеп жүргөн бишкектик Мирлан да базарда машина кымбаттаганын байкаган. Бирок ал бажы төлөмүнө байланыштуу чайкоочулук кылып жаткандар бар деген ойдо.

- Көп адамдар бажы төлөмү кымбаттаса машинанын баасы да өсөт деп айтып жатат. Бирок бажы төлөмүнө байланыштуу имиштерди көбүртүп, бааны жасалма да көтөрүп жатышат окшойт. Мындан эки-үч жумага караганда эч кандай себеби жок эле бааны 200-300 долларга көтөрүп жиберишиптир.

Базарда машина кымбаттаганын сатармандар да белгилешүүдө. Алардын айтымында, буга өкмөттүн 1-сентябрда машиналарга бажы төлөмүн көбөйтүү демилгеси жана 1-январдан тарта Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деген сөздөр себеп болууда. Сатарман Улан Кабылбеков 1-январга карата бажы төлөмү эки эсе көтөрүлсө, карапайым элдин машина алуусу кыйын болот деген ойдо. “Ошон үчүн учурда машина сатып алууга шашкандар бар”,- дейт унаа сатуучу.

- Базарда машинанын баасына байланыштуу дүрбөлөң түшкөндөр бар. Анткени машинанын бажы төлөмү эки эсе көтөрүлөт деп жатышат. Анда карапайым эл эле кыйналат. Малын, эгин-тегинин сатып, бир машинага акча топтосо, бул жакта болсо бажы төлөмүнө байланыштуу машинанын баасы көтөрүлүп кетсе. Байларга болсо айырмасы жок, алар ала берет.

Экономика министрлиги 1-сентябрдан Кыргызстанга ташылып жаткан машиналардын бажы төлөмүн ар бир кубуна 10-15 центтен көтөрүү демилгеси менен чыкты. Маселен, 2005-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын күчү 200 миң куб болгон унаанын бажы төлөмү азыркы учурда 800 доллар, 1-сентябрдан тарта ал 1000 доллар болот. Ал эми 1-январдан кийин ушул эле унаанын бажы төлөмү 2 миң долларга чыкмакчы. Бажы төлөмүнүн жогорулашы унаалардын баасына таасир этери бышык.

Бишкектеги машина базар

Бирок бул азырынча коомчулукка сунушталган долбоор гана экенин Экономика министринин орун басары Данил Ибраев айтууда. Ал дүрбөлөң түшүүгө эч кандай негиз жоктугун кошумчалады.

- Ушул долбоорду биз коомдук талкууга чыгардык. Коомчулук карап, көз карашын айтышы керек. Бажы төлөмүн көтөрүү керекпи же жокпу, алардын пикирин да угабыз. Бирок 1-сентябрбы же 1-октябрбы, биз 10-15 центке гана көтөрөбүз. Эгер арзанырак унааларды ала турган болсок, алардын үстүнө 200-400 доллар кошулат. Бирок базарда ызы-чуу, дүрбөлөң түшүү болбошу керек.

Ошол эле кезде заводдон улам кийин чыккан унаалардын бажы төлөмү салыштырмалуу мурдагыларынан анчалык кымбат болбойт. Бул деген Кыргызстанга жаңы машиналардын-заводдон чыкканына 4-5 жыл болгон унаалардын көбүрөөк келүүсүн шарттамакчы. Данил Ибраевдин айтымында, өкмөт жылы эски унаалардын келүүсүн чектөө боюнча кадамга барбаса, келечекте Кыргызстан эски унаалардын таштандысына айланышы мүмкүн.

- Бажы биримдигине кирсек да, кирбесек да биз Кыргызстанга эски машиналардын келишине чектөөлөрдү коюшубуз керек. Албетте азыркы учурда биздин жарандардын кымбат унааларды алганга мүмкүнчүлүгү жок, мен муну түшүнөм. Бирок беш жылдан кийин азыр Кыргызстанда жүрүп жаткан 1 миллион машина эскирип, чирип баштайт. Аларды кайра иштетүүгө болбойт. Эксперттердин айткандары боюнча шаардагы 80 пайыз экологияны бузган бул эски машиналар. Ошондуктан, Бажы биримдигине кирсек да, кирбесек да эски унааларга ушундай чектөөлөр болушу керек.

Кыргыз өкмөтү бажы төлөмүн 1-сентябрда жана 1-январда көтөргөндөн тышкары, беш баскыч менен 2019-жылга чейин ар жылы көтөрүп турууну сунуштап жатат. Ошондо заводдон чыкканына он жыл болгон (же 2009-жылы чыккан) жана кыймылдаткычынын күчү 2 куб машинанын бажы төлөмү 2019-жылы 7 миң доллар болот. Бул бүгүнкү күнгө карата он эсе жогорулайт дегенди түшүндүрөт. Айта кетсек, Кыргызстанда унаалар үчүн бажы төлөмү акыркы ирет 2008-жылы көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG