Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыздар паркта калайман салды


Эскертүү: Бул сүрөт мурда болгон окуядан тартылган.
Эскертүү: Бул сүрөт мурда болгон окуядан тартылган.

7-октябрда күндүзгү саат бирде Бишкектин Фучик атындагы сейил багында окуучу кыздардын калайман мушташы болду.

Фучик паркынын кызматкерлеринин айтымында, ага 50-60тай кыз катышкан.

Жакында эле Бишкектеги спорт мектеби менен орто мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ болгон эле.




Фучик паркында кыздар мушташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00
Түз линк
(макаланын аудиосун бул жерден угуңуз)


Чак түштөгү окуя, кечиккен милиция

Бул мушташ 7-октябрда күндүзгү саат бирлер чамасында Фучик багында орун алган. Ал окуяга мен да капыстан күбө болуп калдым.

Парктын кызматкерлери кыздардын топтошуусу калайман мушташ экенин билген соң, ошол замат тартип коргоо органдарына кабарлашканын билдиришти. Бирок дээрлик бир саат өткөнүнө карабай, милиция кызматкерлеринен кабар болгон эмес.

Тирешип жаткан кыздардын окуясына кабатыр болгон парктын кызматкерлери тартип коргоо органдарына кайра-кайра телефон чалып, аларды ынандыра албай жатты:

- Алло, менин атым Нурлан, Фучик паркынын кароолчусумун. Мурдарак чалганда деле “жибердим-жибердим” дедиңер эле. Бул жерде азыр топ-топ болуп турат. Бул жерде мен паркты кайтарып жаткандан кийин жоопкерчиликтүүмүн да. Мына, окуучулар мушташып жатат. Өзүңөр деле телевизордон көрүп жатсаңар керек, рэкетчиликти.... (Бизди карап) Ой, бул коюп салды телефонун, келбейт окшойт.

Фучик паркынын бригадири, окуяга күбө болгон Дүйшөн Өмүрбеков “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Чогулуп, тигил жерде тарсылдатып эле мушташып жатышат дейт. "Барып, таратып жиберели" деп, паркта иштегендерди чогултуп бардык. Булар жөн эле 54-мектеп деп жатат, жаныбыздагы эле 57-мектептин окуучулары. 54-мектеп алыс болсо, ушул жакка келип мушташмак беле? Эми кыз балдар ушинткенден кийин эмне дейт элек?

Эки мектептин кыздары экен

Бирок кыздар мындан кийин да көпкө чейин тарабай, топ-топ болуп тирешип турушту. Кыздардын окуясына сырттан байкоо салып турган, атын атагысы келбеген айым илгери өспүрүм кыздар уят-сыйыттуу эле деп эскерүүдө.

- Биз мушташмак түгүл, балдардын жанына отургузса, "отурбайбыз" деп ыйлачубуз. Заманга жарашабы, азыркы балдардан ыйман кетти. Балдардын мушташы бүтүп, эми кыздардын “бандасы” чыкканы эмнеси?

Ал аралыкта паркка чакырылган тартип коргоо органдарынын үч кызматкери келди. Аларды көргөн кыздар четинен тарай баштады. Бирок милиция кызматкерлери мушташкан делинген кыздардын алтоосун тосмолоп жатып кармап, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишти.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Болот Сыдыковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, окуя Бишкек шаарындагы №54 менен №57-орто мектептерде окуган жогорку класстагы кыздардын ортосунда болгон. Милиция кармагандар №57-мектептин кыздары экен.

- Кыздардын айтканына караганда, бир бала боюнча мушташмак экен. Анан ортодо башкалары "мушташпай эле, мындай эле сүйлөшөлү" деп, сөз менен эле уруша кетишиптир. Азырынча 54-мектептин кыздарын таба элекпиз, ошолордун кыздары менен мушташмак экен, бирок мушташ болбой калыптыр. Азыр сурайбыз, ата-энелерин да чакырып жатабыз. Алардын көзүнчө да сурайбыз. Анан материалды тергөөгө беребиз.

Адистер акыркы кездери мектеп жашындагы улан-кыздардын мушташы күчөгөнүн айтышууда. Психолог Акчач Жолдошева бул бир жагынан өспүрүм кыздардын жаш курагына таандык психологиялык көрүнүш десе, экинчиден, бул заманга да жараша деген ойдо.

- Эмне үчүн мындай окуялар болуп жатат деген суроону азыртадан коюп, республикалык, облустук жана райондук деңгээлде, айыл жерлеринде колго алышыбыз керек. Биз муну көтөрүп чыкпасак кеч болот. Мен ойлойм, азыр да кеч болуп калдыбы деп.

Мындан он күн мурда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектеп-интернаты менен №38-орто мектептеги балдар ортосунда массалык мушташ орун алган.

XS
SM
MD
LG