Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Жаатташкан мектептердеги жапырт мушташ


Бишкектеги №38 мектеп, 3-октябрь, 2011-жыл.
Бишкектеги №38 мектеп, 3-октябрь, 2011-жыл.

Бишкектеги №38 мектептин окуучулары менен олимпиадалык резервди даярдоо мектебинин тарбиялануучуларынын ортосунда чоң мушташ чыкты.

Өткөн ишембиде болгон бул окуя боюнча эки мектептин жетекчилиги эки башка пикирди айтып, бири-бирин айыптоодо. Окуяны азыр шаардык милиция иликтөөдө.


Жапырт мушташтын себептери


Бул эми балдардын арасындагы маселе. Бир нерсе талашып, же болбосо салык салышып, ошонун айынан дайыма эле ушундай чатак чыгып келген...

Бишкек шаарындагы №38 мектепте ишемби күнү болгон чатакты иликтөө биз үчүн оңойго турбады. Аталган мектептин коопсуздук кызматы бизге окуянын себептерин мектеп окуучуларынан сураштарып-териштирүүгө тоскоолдук кылды:

- Бул жакка болбойт. Уруксат жок. Өчүрүңүз. Мен уруксат бере албайм. Сиз бул жерден интервью алганга болбойт.

Анткен менен мектеп жетекчилиги, же мугалимдерине караганда окуянын күбөсү болгон айрым окуучулар чатактын айрым жагдайларын айтып берүүгө дилгирлигин билдиришти. Өзүнүн атын атабоону суранган онунчу класстын окуучусу буга чейин деле эки мектептин ортосунда таасир талашууга байланышкан карама-каршылык болуп келгендигине токтолду:

- Бул эми балдардын арасындагы маселе. Бир нерсе талашып, же болбосо салык салышып, ошонун айынан дайыма эле ушундай чатак чыгып келген. Спорт мектебинин балдары аябай ынтымакта экен. Алардын бирине тийсе эле бардыгы жабылып келип уруп кетишет. Жума күнү ошондой болсо, ишемби күнү алар топтолуп келишип кол салышпадыбы. Мындай окуя эки жыл мурун дагы болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, мектепти бастырып келген спорт окуу жайынынын элүү чакты тарбиялануучусу мындагы эркек балдарды уруп-согуп баштаган. Жапырт мушташ учурунда милиция спорт мектебинин төрт баласын кармаган. Эки тараптан тең жабыркагандардын так саны туурасында мектеп жетекчилери айткылары келген жок.
Маселенин бардыгы мектептерде эле эмес, биздин коомдо иделогиялык боштук орун алгандыгында. Балдар кылмыш дүйнөсүнүн идеялары менен жашап калышты.


Олимпиадалык резервдерди даярдоо окуу жайынын директорунун спорт боюнча орун басары Руслан Искенов бул окуяга чейин №38 мектептин айрым окуучулары өздөрү чагым жасашкандыгына токтолду:

- Биздин балдар сыртка чыгышканда - 29-сентябрда, анан 30-сентябрда уруп кетишиптир. Анан алар биздин балдарды териштирүүгө чакырышып, ошол жерден чатак чыгып жатпайбы. Бизден төртөө кармалды. Бирок окуянын чыгышына алар тараптан деле себепкерлер болгондугуна карабастан ал жактан эч ким кармалбаптыр. Бир нерсе чыкса эле спорт мектебинин балдарына төңкөрө коймой адатка айланган. Бирок бизде андай чектен чыккан балдар жок. Алар бул жерде режим менен жашайт.


Бирин-бири айыптоонун биринчи сааты


Спорт мектебинин тарбия иштери боюнча орун басары Мария Калилова да эки мектептин окуучуларынын ортосундагы чатакка бир жактуу баа берилип жаткандыгын айтат:

- Бизде дагы таяк жеген балдарыбыз бар. Дептер алганы дүкөнгө чыгышса эле ошол жактан кармап алышып уруп-тоноп коюп жатышат. Анан булар ачуусу менен топтолуп алышып чыгып кетип жатышат. А бирок бул жолу биздин төрт баланы алардын мектебинин жанынан кармап алышкан экен. Ошого байланыштуу азыр иш жүргүзүп жатабыз. 2009-жылы да алар биринчи баштап, спорт мектебинин дарбазасына келип таш ыргыткандан улам жаңжал чыккан болчу.

Бирок мындай дооматтар менен №38 мектептин жетекчилиги макул эмес. Мектептин уюштуруу иштери боюнча орун басары Жыпара Чалбаева фактылар чатак кайсыл тараптан чыккандыгын тастыктап турат деген ойдо:

- Спорт мектебине биздикилер дагы барып келишти. Бирок алар биздин кайсыл балдар ал тарапка барышып, чагым кылышкандыгын далилдей алышкан жок. Биздикилер болсо мектепке чаң салып келишкен алардын балдарынынын ичинен төртөөн кармап, чатак каяктан башталгандыгын тастыктай алдык. Фактыга караш керекпи же божомолгобу. Бул жөн эле бет тырмоочулук.


Терең тамыр алган тенденция


Серепчилер эки мектептин жетекчилигинин ар кимиси өздөрүнүн окуу жайынынын таламын талашышкандыгын сынга алышты. Көз каранды эмес эксперт Назира Раимкулова бул көйгөйдүн себептерин мектептердеги окуу-тарбия иштеринин начардыгынан көрөт:

- Маселенин бардыгы мектептерде эле эмес, биздин коомдо иделогиялык боштук орун алгандыгында. Балдар кылмыш дүйнөсүнүн идеялары менен жашап калышты. Окуу тарбия иштеринде бирдиктүү, таасирдүү бир багыт жок, чар жайыттык. Анан ошонун айынан ата-эне, мектеп жана коом балдардын алдындагы милдеттерин так аткара албагандыктан улам ушундай окуялар көп катталып жатат. Бул тенденция.

Учурда аталган эки мектептин окуучуларынын ортосундагы мушташты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG