Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:57

Абактагы милиция кызматкерлерин колдогон митинг өттү


6-октябрда Ош – Бишкек жолунун Базар-Коргон районундагы бөлүгүндө митинг өттү. Ага ушул райондо набыт болгон орусиялык жарандын өлүмүнө шектүү катары камалган төрт милиционердин жүзгө жетпеген тууган-уруктары менен тарапкерлери катышты.

Чогулгандар аталган тартип сакчыларын бошотуу жана сотту окуя болгон жерде өткөрүү талабын коюшту. Ушундай эле талап менен мындан эки күн мурун 500дөй адам Ош – Бишкек жолун тосушкан болчу. Базар-Коргон райондук милиция башчысы жол тосулбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди

Ош – Бишкек жолунун боюнда митинг өткөргөн адамдар Базар-Коргон районунда набыт болгон орусиялык жарандын өлүмүнө шектүү деп эсептелген төрт милиционердин урук-туугандары менен жакын санаалаштары болуп чыгышты.

Төрт милиция кызматкери Сузак райондук сотунун токтому менен өткөн айда камакка алынып, ушул убакта Сокулук районунда абакта отурат. 5-октябрда аталган райондук сот бул милиционерлерди үй камагына которуу жөнүндөгү алардын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Милиция кызматкеринин тууганы Тагайбек Сатаров 4-октябрда Ош – Бишкек жолун тоскондордун “төрт милиционерди окуя болгон жерде соттосун” деген талабы аткарылбагандыгын билдирди.

- Бул төрт жашты саясатка аралаштырбастан боштондукка чыгарсын. Эки күндө чечилет деген, мына бешинчи күнгө кетип атат. Ошол жактагылар ушул төрт жигиттей болгондо эл кыйналбайт болчу. Элдин шартын ойлогондо, акыйкат сот болгондо ошону кылбайт эле. Окуя кайсы жерде болсо, ошол жерде соттойт болчу. Эртең, башка күнү деп, өздөрү убакытты 19-октябрга чейин созуп атышат.

Камакта отурган уулунун жазасын өзгөртүү талабын Уларбек Исмаиловдун апасы Майрамкан айым да айтууда. Ал баласы күнөөсүз камалганын ырастоодо:

- Сот адилеттүү чечим чыгарып берсин, балдардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, сотко чейин балдар үйүбүздө турсун деген талап менен чыгып атабыз. Соттон азырынча эч кандай жооп жок.

Митингде турган Таалайбү Жаманова уулу Нургазы Туташевдин былтыркы массалык башаламандыктарга тиешеси бар деп күмөндөлгөн адамды Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө кармап баруу менен өзүнүн тартип сакчылык милдетин так аткарганын айтууда. Ал баласы менен анын кесиптештерине коюлган айыпты натуура деп эсептейт:

- Ушулар өлтүрдү деп атышат, билип-билбестен куру доомат коюшууда. Ал баланын эмне болуп өлгөнү белгисиз. Эми төрт бала канча айдан бери жатат! Буларды шайлоо добуш алуу үчүн кармап отурушабы? Өлгөн адам ким өзү, тегинен караш керек да. Ал өзү былтыркы тополоңго катышкан адам экен. Эмне үчүн Сокулукта карайт? Эмне үчүн Жалал-Абад, Ошто карабайт? Төрт бала кыргыздын душманыбы? Төрт бала кыргыздын атуулу, кыргыздын солдаты. Кыргыздын башына иш түшсө, ушулар ишке жарайт. Кыргызга мындай балдардын кереги жок окшойт.

Митингге жүзгө жетпеген адам катышты. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдил Куланбаев коопсуздукту сактоо максатында Орусиянын жаранына байланыштуу сот иши Сокулук райондук сотуна которулганын маалымдады.

Куланбаев Ош – Бишкек жолу митинг өткөрүү жайына айланбашы керектигин, бул окуяга күнү-түнү унаалардын кыймылы токтобогон башкы жолдун тиешеси жоктугун, ушул тапта райондук милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтты:

- Эртең менен саат онго жакын келишкен, ошондон бери түшүндүрүп атабыз. Төртөөнүн үчөө Базар-Коргон райондук милициясынын кызматкери экен, бирөө облустун милициясынан. “Халмурзаев дегенди өлтүрүп койду” деген айып коюлган. Бирок азыр сот карап атат, кимиси айыпкер, кимисинин айыбы жок – бул мага белгисиз. Сот Сокулукта ортодо ызы-чуу чыкпасын деген максатта өтүп жатса керек. Булар ушул жерде сот болсо, үйүбүзгө кирип-чыкканга жакын болот эле деген ойдо.

Жалалабаддык төрт милиционердин соту Сокулук райондук сотунда 19-октябрда уланат. Аларга “денеге оор жаракат келтирүү”, “кыйноо”, “кызмат абалынан ашкере пайдалануу” жана “пара талап кылган” деген айыптар коюлган. Айыпталуучулар мындай кинелерди четке кагууда.

Набыт болгон орусиялык жарандын туугандары Халмурзаев Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө токмоктон набыт болгонун ырасташууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG