Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Бажы биримдиги чек арадагы элди ойго салды


Чек ара өтмө бекети.
Чек ара өтмө бекети.

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы Бажы биримдигине кирүү шарттарына даярдана баштады. Буга байланыштуу чек ара өтмө бекеттеринде атайын лабораториялар жайгаштырылууда.

Ал эми Баткендин жергиликтүү тургундары Тажикстан менен дээрлик аралашып калган аймактарда ишкерлердин абалы эске алынып, анча-мынча жеңилдиктер каралышы керектигин айтууда.

Бажы биримдигинин талаптарына ылайык, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" чек ара өткөрүү жайларында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл бекетин жакшыртуу иштери башталды.

Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Ашырбай Жусуповдун айтымында, Баткен облусундагы ветеринардык өтмө бекеттерин жакшыртуу жана аларды керектүү жабдыктар менен камсыздоого азырынча 9,5 млн. доллар бөлүнгөн.

- Чек ара бекеттерин бекитүү жана жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча иш пландар жүрүп жатат. Ушул максатта Баткен облусуна келип, өткөрмө бекеттердин даярдыгын, кандай иш жүргүзүп жатканын текшерүүдөбүз. Үч-төрт айдын аралыгында Бажы биримдигинин талаптарына ылайык, уюштуруу иштерин жүргүзөбүз.

Кыргыз жана тажик ишкерлеринин соода алакасы базардагы бааны аныктары өткөн жылы, чек ара эки айга жабылганда билинген эле. Жергиликтүү талдоочу Нурболот Мадымаров Бажы биримдигине кирүү маселеси кагаз жүзүндө гана каралып, аймактардын жашоо-шарты эске алынбай жатканын билдирди:

- Бажы биримдиги деп дароо эле кагазга кол коюлганын айтабыз. Бирок аны ишке ашыруу механизмдери калып жатпайбы. Учурда бизди багып жаткан чакан ишкерлердин, соодагерлердин абалы кандай болот, аларды ким коргойт, азыркы баалар канчага өсөт деген суроо ачык бойдон калууда. Ветеринардык жана фитосанитария боюнча адистер кайсы негизде иштешет? Кадрлар жетиштүүбү?

Жергиликтүү серепчинин пикиринде, Бажы биримдигине аймак калкынын жашоо-шартын эске албай, катаал шарт менен кирүү нааразылык жаратышы мүмкүн:

- Биздин аймакта чек ара боюнча маселелер көп. Бир жолдун эки тарабы эки башка өлкө. Бири-бири менен тыгыз мамиледе болбосо, жашоосу оорлойт. Азыркы шарттагыдай эле товар алып өтө коем десе, ызы-чуу чыгышы мүмкүн. Ошол себептүү, бири-бирине ыңгайлашып калган аймактарда бир же эки жылга чейин жеңилдетилген шарттарды кароону сунуштайт элем. Качан гана жергиликтүү эл Бажы биримдигин толук түшүнүп, көнгөндө анын шарттары толук аткарылса болмок.

Учурда Бажы биримдигине кирбеген Тажикстан менен чек арада талаштуу аймактар көп. Ошол эле учуруда эки өлкө чек арасынан аткезчилик менен жүк ташуу да тыйылбай келет.

Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы эки өлкөнүн дээрлик аралашып калган кээ бир айылдарында чек арадагы ар бир кыймылды көзөмөлдөп туруу мүмкүн эместей. Эки өлкөнүн эл аралык маанидеги эки чек ара өтмө бекети бар, калган бир канча аймактарында каттамдар тыкыр көзөмөлсүз эле жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG