Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Баткен: Кыргыз-тажик чек ара бекеттери жабылды


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана тиешелүү күч органдарынын жетекчилери Баткендеги чыр чыккан аймакка учуп кетишти.

Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде кыргыз-тажик жарандары ортосунда тирешүү болуп, үч кыргыз чек арачы жараат алды. Алар учурда облустук ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Баткен облустук өкмөт өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чек ара кызматынын маалымат кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, окту биринчи болуп тажик чек арачылары чыгарган.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JcA)

XS
SM
MD
LG