Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Кыргызстан ДСУ менен ЕАЭБ ортосунда


Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдында алган милдеттери Бажы биримдигине киргенден кийин өзгөрүүсү ыктымал.
Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдында алган милдеттери Бажы биримдигине киргенден кийин өзгөрүүсү ыктымал.

Кыргызстан Бажы биримдиги боюнча келишимге 23-декабрда кол коюуну пландаштырууда. Биримдикке кирүү менен Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдында алган милдеттери өзгөрөт. Бул каршылыкты жаратып, Бишкектин айыпка жыгылуусу мүмкүн экени айтылууда.

23-декабрда Москвада Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити белгиленген. Ал саммитте Кыргызстанды бул уюмга кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен Кыргызстан бул уюмда кабыл алынган шарт жана мыйзамдар менен жашай башташы керек. Бул республиканын тышкы соодасында олуттуу өзгөрүүлөргө алып келип, кээ бир товарларга бажы тарифтери көтөрүлөт.

Мындай өзгөрүүлөр Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк соода уюмунда маселе жаратат деген пикирлер айтылууда. Анткени Бишкек Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары, анын шарты, тартиби менен башка өлкөлөр менен соода кылып келатат.

Экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине кошулгандан кийин Дүйнөлүк соода уюму менен чыга турган маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилет деди:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Келишимге кол коюлгандан кийин, биз бажы тарифтери тиркелген документтердин топтомун Дүйнөлүк соода уюмуна жөнөтүшүбүз керек. Дүйнөлүк соода уюму ал документтерди мүчө мамлекеттерге таратып, үч айдан кем эмес убакыт күтөт. Андан кийин сүйлөшүү жараяны башталат.

Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстанда кайсы бир товарларга бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү боюнча кайсы бир өлкө нааразы болсо, анда Кыргызстан ал өлкөнүн башка товарларына бажы төлөмдөрүн төмөндөтүп, компенсация жасайт.

Кыргызстандын тышкы соодасы Орусия менен Казакстандан сырткары Кытай, Түркия, Түштүк Корея жана Араб Эмираттары менен өнүккөн. Булардан сырткары АКШ жана Европа Биримдигинен автоунаалар ташылат.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен реэкспорттун күтү бүтөрүн эскертти:

"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

- Бажы биримдигиндеги Бажы кодексине ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы реэкспорт соода катнашыбыз да күн баткандай батып баратат. Бул албетте, Бажы биримдигинин мыйзамдары бөгөт койгондуктан болууда.

Карганбек Самаков, Кыргызстан тышкы соодасынын 28% Орусия, 15% Казакстан менен жүргүзөрүн эске салып, бул өлкөлөр Кыргызстандын негизги соода өнөктөрү экенин кошумчалады.

23-декабрда Москвада Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин эле Кыргызстан Бажы биримдигинин тартиби менен жашап калбайт. Анткени келишим Бажы биримдигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Бул убакытты талап кылат.

Ошондуктан 23-декабрдан тарта эле кыргыз эмгек мигранттары жеңилдик алып калат деген жаңылыштык экенин министр Сариев эскертти.

Кыргызстан Бажы биримдигинен дары-дармек, автоунаа, айыл чарба техникалары боюнча беш жылдык мөөнөткө жеңилдик сурап жатат. Жеңилдик алуу жана Бажы биримдиги тарабынан чогултулган жалпы бажы төлөмдөрүнөн Кыргызстан ала турган үлүштүн өлчөмү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматка караганда, бул маселе өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Москва сапарында, андан сырткары Евразия экономикалык комиссиясынын 3-декабрдагы жыйынында, 10-декабрда боло турган биринчи вице-премьер-министрлердин жыйынында каралат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG