Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Турганбаев: Бакиевдер жазасын алат


Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү аракети кайрадан жандатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Ушул дүйшөмбүдө президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер соту өз өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Курманбек Бакиев сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүрү өткөнчө эркинен ажырады. Сиз, Садыркуловдун өлүмүн иликтөөнүн башында турган адам катары мындай чечим акыйкат болду деп эсептейсизби?

- Мыйзам чегинде карай турган болсок, Бакиевдерге чыгарылган өкүм акыйкат эле болду деп эсептейм. Себеби Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жасаган кылмыштарына татыктуу эле жаза алышты. Мындай чечим менен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу президент жана үй-бүлөсү кылган кылмыш үчүн мыйзам чегинде сыртынан болсо да жоопкерчиликке тартылды.

- Сиз Садыркуловдун өлүмүн иликтеп жүргөндө буга күнөөлүү деген Жаныш Бакиевди кармап келүүгө болот деп маалымат каражаттарына интервью берип жүрдүңүз эле. Мына эми сот өкүмү чыкты, Бакиевдер күнөөлүү деп табылды. Эми аларды кармап, жазага тартууга мүмкүнчүлүк барбы?

- Биз буга чейин деле Жаныш Бакиевди кармап келүү боюнча чоң иштерди жүргүзгөнбүз. Алгач Садыркулов боюнча кылмыш иш ачылганга чейин Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевдин ишинде саясий мотив бар деп, Интерпол эл аралык издөө жарыялабай жүргөн.

Кийин бул иш иликтенип, бети ачылып, анда Бакиевдердин “кулагы көрүнгөн соң” гана Жаныш Бакиевге Интерпол эл аралык издөө жарыялап, ал жашырынып жаткан мамлекеттен башка жакка чыгуусуна бөгөт коюлган. Эми сот өкүмү чыкты. Мындан соң ал экөөн тең Кыргызстанга алып келип, жазага тартууга аракеттер башталат. Бул үчүн мыйзамдын негизинде дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

- Сот өкүмү чыккан соң аларды кармап келүүнүн тартиби кандай болот?

- Буга чейин деле Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевди өткөрүп бергиле, экстрадициялагыла деп көп эле өтүнүч, документтерди жөнөткөнбүз. Курманбек Бакиев да, Жаныш Бакиев да Беларуста жашап жатканы белгилүү эле болуп калбадыбы. Сот өкүмү чыккан соң ортодогу келишимдердин негизинде Башкы прокуратура жана Ички иштер органдары биргелешип, Кыргызстанга аларды экстрадициялоо боюнча кайра жүргүзүлөт.

- Буга чейин Жаныш Бакиевдин Садыркулов эле дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экени айтылган эле. Учурда ички иштер органдарынын карамаганда мындан башка дагы иштер барбы?

- Бизде негизги иш катары Садыркулов жана анын сапарлаштарынын өлүмү боюнча иш бар болчу. Бул жыйынтыкталып калды. Мындан башка Жаныш Бакиев аралашкан журналист Сыргак Абдылдаевге кол салууга байланышкан иш бар. Анда деле көп нерсе даяр болуп калды. Бирок жабырлануучунун чет мамлекетте жүргөнүнө байланыштуу аны жыйынтыктоо мүмкүн болбой жатат. Анын баарыбызга маалым болгондой, Бакиевдер айыпталган Апрел окуялары боюнча сот иши жүрүп жатат.

- Сиз өзүңүз да белгилегендей, Кыргызстандын күч органдары Беларуска Бакиевдерди өткөрүп берүү боюнча өтүнүч келтирип, бирок мындан жыйынтык чыкпай жатат. Беларус тарап аны саясий куугунтуктоо катары эсептеп жатат. Мындай кырдаалда эмнелер жасалышы керек? Дегеле сиз Бакиевдер жоопко тартылаарына ишенесизби?

- Мен алар жазасын алаарына ишенем. Бул үчүн бизге саясий эрк керек болуп турат. Ал үчүн талыкпастан бардык күч органдары биргелешип иштеши зарыл. Мына ошондо жыйынтык чыгып, Бакиевдер жазасын алат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG