Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

"Садыркуловдун иши": көрсөтмөлөр өзгөрүүдө


Медет Садыркуловдун соту. Бишкек, 5-апрель, 2012-жыл
Медет Садыркуловдун соту. Бишкек, 5-апрель, 2012-жыл

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө.

13-сентябрдагы сотто айыпталуучулардын бири өзүнүн мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Анын айтымында, тартип коргоо органдары ур-тепкиге алгандан кийин аргасыз алар каалагандай көрсөтмө берген.

Жаныш Бакиев жетекчи болуп турганда Мамлекеттик күзөт кызматынын бөлүм башчысы болуп иштеген Марат Турдукулов 13-сентябрда сотто көрсөтмө берип жатып, былтыр жаңы кармалганда берген билдирүүлөрүнөн баш тартты. Ал 2011-жылдын 12-сентябрында ИИМдин кызматкерлери ал жашаган көп кабаттуу үйдүн короосунан кармап кетип, башына мүшөк кийгизип, ур-токмокко алганын, ошондон кийин тергөөчүлөр талап кылгандай көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун айтты.

- Мен өзүмдү согуштагы туткундай эле сездим. Көрсөтмө берүүдө бир нерсе талап кылууга менин эч кандай укугум болгон эмес. Качан менин адвокатым пайда болгондо мени кыйнашканын айткам. Бирок анда бир топ убакыт өтүп кеткен болчу. Мен алгачкы көрсөтмөлөрүмдү берип койгон. Экинчиден, кыйноолор болгондугун бекемдөөгө документтер менен тастыкталган ар кандай далилдер керектигин да түшүнгөм. Буларсыз менин арызым кабыл алынмак эмес да. Бирок мени ургандыгын дагы кайталап айтам: алар мени эч кандай так калбай тургандай кылып уруп жатышты.

Марат Турдукулов Жаныш Бакиев менен кызмат боюнча гана мамилеси болгондугун, аны менен эч кандай жеке жакындыгы жоктугун, Садыркуловду өлтүрүүгө такыр катышпаганын айтууда.

Анткен менен жабырлануучу тарап да, мамлекеттик айыпталуучулар да анын мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга эч кандай негиз жок деп санашат. Алардын ишениминде, эгер кыйноолор, же күчтөп көрсөтмө алуу орун алган болсо, аны Турдукулов буга чейин эле айтып чыгууга, өз адвокаттары аркылуу билдирүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Окуялар тизмеги

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, ал бир жыл мурда берген көрсөтмөсүндө Медет Садыркуловду, анын жанындагы Сергей Слепченкону жана айдоочу Кубат Сулаймановду өлтүрүү кандайча болгонун баяндап берген.

Көрсөтмөдө Алматыдан түн ортосунда кайтып келаткан Медет Садыркулов баштаган үч адамдын машинесин “Ак жол” бекетинен өткөндөн кийин жолдон токтотушуп, кармашканы айтылган.

Прокурор айыпталып жаткан Турдукуловдун бир жыл мурдагы көрсөтмөлөрүн сотто окуп берди:
- Машина токтогондо мен айдоочуга барып, өзүмдүн тапанчамды такап эшикти ачтым. Аны Тахир алып кетти. Ошол кезде жанымдагы Айбек Садыркуловго милиция кызматкери катары өзүн тааныштырды. Садыркулов менен дагы бир орус адам машиненин арткы отургучунда экен. Айбек Садыркуловдун жанына барып отурса, мен болсо алардын "Жип" машинесинин рулуна отуруп, айдап жөнөдүм. Айбек мага машинени түштүк тарапка айдоом керектигин айтты. Ошондо Садыркулов бизден эмне үчүн кармалышканын түшүндүрүүнү талап кылды. Айбек аны “тынч отур, барганда териштиребиз” деп койду. Бирок Садыркулов катуу кыйкырып, ачуулана баштады. Ошол учурда Санжар Медет Садыркуловду муштум менен бетке эки жолу урду. Ал тынчып калды. Ал эми анын жанындагы орус адам тынч отуруп келатты.

Кийин алар Көк-Жар айылындагы дачага алынып келип, тындым кылынганы да алгачкы көрсөтмөдө баяндалган.

- Мен Тахирдин тапшырмасы менен машинаны Темирбаевдин Көк-Жардагы дачасына айдап жөнөп, ал жерге түнкү саат үчтөр чамасында келдик... Ошондон кийин бул дачага Жаныш Бакиев да келди. Ал Садыркуловдун жанына келип, экөө сүйлөшө баштады. Алардын сөзүн мен уккан жокмун. Анткени Жаныш Бакиев сүйлөшүп жатканда андан алыс туруш керек деген эреже бар болчу.

Башында алар жакшы эле сүйлөшүп жатышкан, акырында Бакиев катуу сөгүнө баштады. Ошондон кийин бизге - Санжарга, Бакытка жана мага Садыркуловду үйдүн ар жагына алып баруубузду буйруду. Ал жерден Бакиев Садыркуловду бетке уруп, бир нече ирет тээп жиберди. Садыркулов ага каршылык көрсөтөйүн деди. Ошондо Жаныш Бакиев Санжарга, Бакытка жана мага Садыркуловду кармообузду буйрук кылды. Мен оң колун, Санжар сол колунан кармап турду. Ал эми Бакыт биздин жаныбызда турду. Жаныш Бакиев кайрадан колу-буту менен Садыркуловду башына, денесине уруп, тээп кирди.

Бир нече убакыттан кийин Бакиев Садыркуловду жана анын жанындагыларды муунтуп өлтүрүүгө буйрук бергени, аны Санжар аттуу жана анын жанындагы белгисиз адам аткаргандыгы айтылат. Андан ары көрсөтмөдө аларды Бишкектин түштүгүндөгү капчыгайга алып барып, өрттөшкөндүгү белгиленген.


Шектүүлөр эркиндикте

Ал эми жабырлануучу тараптын адвокаты Леонид Лужанскийдин айтымында, сот ишинин акырына чыгарына эки аптадай убакыт калды. Ал Жаныш Бакиев баштаган адамдардын күнөөсү сот жараянында далилденип жатканын белгиледи. Лужанский мында Жаныш Бакиев окуяны уюштуруп, Садыркуловду өлтүрүүгө өзү катышкан дейт.

- Бул окуяда Жаныш Бакиевдин ролу абдан чоң. Ал сот ишинде бекемделип жатат. Ошол кезде Садыркуловдун президент менен болгон чыры толук аягына чыккан эмес. Ал акыры тутанып отуруп, ушундай кайгылуу окуя менен аяктаган. Көрсөтмөлөрдө айтылып жаткандай, Жаныш Бакиев өзү да катышкан. Ал өзү да барып, киши өлтүрүүгө жалдоочу гана болбостон, уюштуруучу да болгон. Кылмыш ишиндеги материалдар боюнча Жаныш Бакиев Садыркуловду өзү да урган.
Садыркуловду акыркы сапарга узатуу, 12-апрель, 2009-жыл
Садыркуловду акыркы сапарга узатуу, 12-апрель, 2009-жыл
Буга чейин айып мөөнөтү аяктады деген негиз менен сот Жаныш Бакиевдин жан сакчысы Абдыкалык Жапаровду жана айдоочусу Алтынбек Амракуловду мунапыс менен бошотуу чечимин чыгарган. Ошондой эле оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткан Тынычбек Маматовго карата кылмыш иши токтотулган. Ал эми азыр камакта алты адам жатат. Бул иш боюнча айыпталган чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошев болсо тил кат менен үй камагына бошотулган.

Ал эми негизги айыпталуучу Жаныш Бакиев, ошондой эле Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан делген Тахир Рысалиев менен Рустам Сайдуев Беларустун баш калаасы Минскиде жүргөндүгү жакында белгилүү болгон. Бирок Беларус бийлиги Кыргызстандын Жаныш Бакиевди кайтарып берүү өтүнүчүн өткөн аптада дагы бир ирет четке каккан болчу. Булардан башка да бир нече адам азыр издөөдө.

Өткөн жылы тартип коргоо органдары бул окуя боюнча чек ара, мамлекеттик күзөт кызматтарынын жана милициянын бир нече кызматкерин, ошондой эле Алмамбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун адамдарын - жалпысынан 17 адам шектүү деп табылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG