Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Коргоо министрлиги бир айлык кызматты жоюуга каршы


Кыргыз аскерлери. Ош, 2010-жылдын 29-июну.
Кыргыз аскерлери. Ош, 2010-жылдын 29-июну.

Кыргызстанда парламент депутаттары акы төлөп, аскерде бир айлык кызмат өтөөнү жокко чыгарууну сунуштоодо

Алар бул сунушун аскердик кызмат өтөөнүн мындай түрү армиядагы паракорчулуктун чордонуна айланганы менен түшүндүрүүдө. Коргоо министрлигинин өкүлдөрү болсо депутаттардын мындай сунушу орунсуз деп эсептейт.

Акча табуу амалыбы?

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети акы төлөп, 1 айлык аскердик кызмат өтөөнү жоюуну караган мыйзамды жактырды. Мыйзамдын демилгечиси Исмаил Исаковдун айтымында, бир айлык кызмат өтөө ансыз деле араң жан турган армиядагы коррупциялык иштердин көбөйүшүн жана армиянын курамдык сапатынын начарлашын шарттоодо.

- Бул кызмат эч кимге пайда алып келген жок. Тескерисинче, азыркы 1 жылдык кызматка залалын тийгизип, жарандардын материалдык абалына жараша бөлүп, айрымдардын укуктарын тебелеп жатат. Муну менен бирге армияда өзүнчө бир коррупциялык чөйрөнү түзүп жатат. 1 жылдык кызматка көпчүлүк барбай калды. Мындай резервди даярдоодон өткөндөр, эгер эртең согуш чыга турган болсо, эл эмес, өзүн да сактай албайт.
Мындай мыйзамдын кереги жок болчу. Учурунда парламенттин тиешелүү комитетинде бир топ депутаттар каршы чыкканына карабай, күчтөп кабыл алынган.
Рашид Тагаев



Исаковдун билдиришинче, акы төлөп аскердик милдетти бир ай ичинде өтөөнү мурунку бийлик акча топтоонун айласы катары ойлоп тапкан.

Анткен менен Коргоо министрлиги эл өкүлдөрүнүн келтирген жүйөлөрүн орунсуз көрүүдө. Министрликтин аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Карымбаев депутаттардын сунушу армияны тартипке келтирүү боюнча жүрүп жаткан иштерге тоскоол болушу мүмкүн деген пикирде.

Карымбаевдин айтымында, министрлик 1 айлык кызмат өтөөнү четке какпастан, бирок анын мөөнөтүн жана акысын өзгөртүү боюнча мыйзамды иштеп жаткан:

- Коргоо министрлиги бул сунушка макул болгон жок. Биз жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканбыз. Биз өз долбоорубузду да жибергенбиз. Биз анда чакыруучу мобилизаицялык резервди калтырып, мөөнөтүн жана акча төлөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатканбыз.

Мыйзам күчтөп кабыл алынганбы?

Кыргызстанда 12 000 сом төлөп, бир айлык даярдыктан өтүү менен уландарды аскер милдеттен куткарган мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ал учурдагы бийлик мындай ыкманы аскер кызматындагы коррупцияны ооздуктап, бул тармактагы сол чөнтөккө кетип жаткан каражатты өлкө казынасына буруу аракети менен түшүндүргөн. Муну менен катар бул кызматтын эсебинен кесипкөй армия түзүлө турганы убада кылынган.

Коргоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2008-жылдан бери 17 000ден ашуун аскерге жарактуу улан кызмат өтөөнүн дал ушул түрүн тандашкан. Министрликтин өкүлдөрү ушул жылдары аскердик кызмат өтөөнүн бул түрү толугу менен өзүн-өзү актаганын айтып жатышат.

Ошол эле учурда бул мыйзам ишке кирген күндөн тартып эле куюшканы кыйшайганын айткандар бар. Маселен, 2008-жылы бул мыйзамды жактырган чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаевдин айтымында, аталган мыйзам тиешелүү комитеттин каршылыгына карабастан күчтөп кабыл алынган:

- Мындай мыйзамдын кереги жок болчу. Бирок Коргоо министрлигинин демилгеси менен киргизилген болчу. Тиешелүү комитетте бир топ депутаттар каршы чыкканына карабастан, ал кездеги абалды билесиңер, министрлер кандай күчкө ээ эле, мыйзам кабыл алынган болчу.

Ошол эле учурда бир айлык кызмат өтөө армиянын кемтигин бүтөөнү максат кылып, ал акырындык менен жолго коюлуп келе жатканы айтылууда.

Коргоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Токтогул Какчакеев кызмат өтөөнүн бул түрү аскерге баруудан качып жүргөндөрдү аз да болсо даярдыктан өткөрүүнүн айласы катары каралганын белгилейт:

- Бүгүн аскерге барчулардын кайда качып жүргөнүн эч ким билбейт, эч ким чакыра албайт. Анын үстүнө азыр аскердин мөөнөтү 1 жыл болуп кыскартып калганына байланыштуу 15 миңге жакын адам резервге туруп калчу. Азыр болсо армиянын 75-80 пайызы кесип келишим менен чакырылгандар түзүп жатат. Эгер коогалуу иш болуп калса, бизде резерв жок болуп жатат. Ушундай кырдаалда ушул резервди толтуруу айласын көрүп, 1 ай болсо да окутуп, автомат атканды, окоп казганды үйрөтүүгө аракет кылып жатышат.

Бир айлык аскердик кызмат өтөөнү жокко чыгарган мыйзам жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG