Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Диний билим берүү жана саясий туруктуулук


Кыргызстандын медреселеринин биринде кесиптик билим алып жаткан кыздар.
Кыргызстандын медреселеринин биринде кесиптик билим алып жаткан кыздар.

Диний билим берүүдө кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасы керекпи же Кыргызстан өз моделин иштеп чыгууга тийишпи?

Акыркы кезде Кыргызстанда «Ыйман сабагын» киргизүү боюнча демилге көтөрүлүүдө. Бул сунуш коомдо талаш маселе бойдон турат. 2017-жылдан баштап «Дүйнөлүк диндердин маданияты тарыхы» сабагы пилоттук негизде 56 мектепке киргизилген. 2021-жылдын сентябрынан бардык мектептерде окутуу пландалууда.

«Биз жана дин» түрмөгүндө Канатбек Мурзахалилов менен дин таануу илимдеринин доктору Сайфулла Базаркулов ушул темага кайрылышты.

- Кыргыз коомунда диний билим берүү десе эле баарыбыз медреселер менен ислам жогорку окуу жайларын элестетип алабыз. Бирок өлкөдө 20дан ашуун орус ортодокс чиркөөсүнө, протестанттык багыттагы диний уюмдарга тиешелүү орто жана жогорку билим берүү мекемелери да бар. Деги жалпылап алганда Кыргызстандагы диний билим берүү системасында кандай кыйынчылыктар менен жетишкендиктер бар?

Сайфулла Базаркулов.
Сайфулла Базаркулов.

- Алгач жетишкендиктер жөнүндө айта кетсек. Акыркы беш-алты жылдын ичинде башталыш катарында диний билим берүүчү окуу жайларын заманга жараша лицензиялоо жана интеграциялоо максатында теологиялык коллеждердин ачылышын айтсак болот. Теологиялык коллеждердин ачылышынын башкы максаттарынын бири - диний окуу жайларын лицензиялоо, ал мекемелерде окуп жаткан студенттердин жарандык укуктарын коргоо. Коллежди аяктаган бүтүрүүчүлөр диний чөйрөдө өз кызматын аткаруу менен бирге башка жогорку окуу жайларында окусуун улантууга мүмкүнчүлүктөрү да бар. Башкача айтканда, алган билиминин натыйжасында диплому өлкөгө жарактуулугу жөнүндө сөз болуп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ислам университети Билим берүү жана илим министрлигине таандык болгон бакалавр багытындагы теолог адистери үчүн лицензия алып, алдыда аккредитациядан өтүүнүн алдында турат. Ал эми мүчүлүштүктөр өтө эле көп. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар.

Диний билим берүү жана саясий туруктуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:38 0:00
Түз линк

- Диний билим берүү жаатындагы маселелерди чечиш үчүн мамлекет, өлкөдө расмий иш жүргүзгөн диний бирикмелер кандай иш-аракеттерди жүргүзүшү керек деп ойлойсуз?

- Бүгүнкү күндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлору ордунан жылбай турат. Ушуларды ыкчамдатуу зарыл. Диний бирикмелер мыйзам талап кылган нерселерди ишке ашырууга белсенип, укук алууга ашыгышы керек. Мисалы, лицензиялоону талап кылган диний окуу жайлары жетиштүү. Алардын ишин оптималдаштыруу маселесин колго алыш керек.

Диний окуу жайларын лицензиялаганда өкмөт «өткөөл мезгил үчүн» деп атайын женилдиктерди караштырышы зарыл. Диний окуу жайларынын эң негизги түйшүгү - бул туруктуу каржылоо маселеси. Кандайдыр бир деңгээлде мамлекет аларды каржылоо маселесин чогуу чечүүнү колго алса болмок. Кыргызстан - дүйнөбий өлкө. Бирок анын жарандарынын дээрлик көпчүлүгүн мусулмандар түзгөндөн кийин, диний окуу жайларын каржылоо маселесинде кандайдыр бир механизмдерди иштеп чыкса болот деген ойдомун.

Башка дин өкүлдөрү эмне үчүн тез эле мыйзам талап кылган эрежелерди сактап, өздөрүнүн диний билим берүү мекемелерин ачып алган? Мисалы, Ош шаарындагы Орус православ чиркөөсүнө таандык «Светоч» аттуу мектепте 1-класстан 11-класска чейин билим берилет. Аны бүткөн окуучулар аттестат алышат. Бул мектепте диний сабактар берилгени да маалым.

Жогоруда айтылгандай медреселер да лицензияланса, алар мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болот. Мамлекет койгон эрежелер сакталат. Аларды бүтүргөндөрдүн келечеги да бүдөмүк болбойт. Медреселерге карата айтылган көптөгөн сын-пикирлерге ачык-айкын жооп да болмок.

- Диний билим менен дүйнөбий билим берүүнү айкалыштырууда кайсы мамлекеттердин тажрыйбасын бизге адаптация кылуу жеңил болот? Же өзүбүздүн моделди иштеп чыгуу зарылбы?

- Өлкөдөгү диний билим берүүнү жөнгө салууда, лицензиялоодо, аккредитациялоодо кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасы негиз болушу мүмкүн. Бирок коомдун реакциясы ал рецептке туура келбей калышы да мүмкүн. Ошондуктан биз албетте, өзүбүздүн моделди иштеп чыгышыбыз зарыл. Аны биз бүгүнкү күндөгү демократиялык жараяндарда, саясий айдыңда, бөлөк экономикалык мыйзамдардын үлгүсүндө да көрүп жатабыз. Коомчулуктун талабына, муктаждыгына ылайык сөзсүз түрдө биз өзүбүздүн моделди иштеп чыкканыбыз оң. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын сөзсүз түрдө үлгү катары алып, Кыргызстандагы медреселерди лицензиялоодо, диний билим берүүнү жолго коюуда пайдаланышыбыз керек. Бирок бир нерсени эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндөгү дүйнөлөшүүнүн алкагында, плюралисттик коомду жаратууда, демократиялык коомдо өзүбүздүн моделди жаратууда биз сырткы таасирдин, унификациянын астында калбашыбыз керек.

Канатбек Мурзахахилов.
Канатбек Мурзахахилов.

- Сайфулла мырза, өзүңүз байкагандай эле акыркы кезде мектептерге «Ыйман» сабагын киргизүү идеясы кыргыз коомунда кайрадан көтөрүлүп, түрдүү талкууга жем таштап жаткан кези. Кээ бир талдоочулар бул сабакты окутуу мамлекеттеги дүйнөбий көз карашка каршы келет деп эсептешсе, айрымдары өсүп келе жаткан балдардын дүйнө таанымын кеңейтип, адеп-ахлакка тарбиялоого салым кошот деген ойдо. Бирок 2017-жылдан бери өлкөдөгү 56 мектепте «Дүйнөлүк диндердин маданияты» предмети пилоттук долбоор катары программага киргизилип, сабактар окутулуп келатат. Бул багытта методикалык колдонмолор иштелип чыгып, атайын китеп жазылды. Ушул жылдын сентябрь айынан баштап «Дүйнөлүк диндердин маданиятын» окутууну бардык мектептерге киргизүү пландалып жатат. Сиздин пикириңизде аталган эки предметтин ортосунда кандай айырмачылыктар менен окшоштуктар бар?

- «Ыйман» сабагынын концепциясы жок болгондуктан бир нерсе деп айтыш кыйын. 2002-2003-окуу жылдарында сынак иретинде киргизилип, кайра 2004-жылдан баштап милдеттүү түрдө окутулуп келип, баягы 1-класстан 4-класска чейин окутулуп калган «Адеп» сабагы жөнүндө айтсаңыз - ал экөө эки башка. Себеби, ал жерде «элдик идеяга шайкеш келген, нарк-насилди билген, жалпы адамзат баалуулуктарын калыптандыруу» деп «Адеп» сабагынын максаты айтылып келген. Бирок бүгүн баарыбызга маалым болгондой, эл аралык PISA уюмунун көрсөткүчтөрүнүн натыйжасында илгери мектептерге киргизилген көп сандаган сабактар азайтылып, интеграцияга учураган. Ага чейин «Адеп» сабагы 1-класстан 4-класска чейин, башталгыч класстарда гана окутулуп келген. «Дүйнөлүк диндердин маданияты» менен «Ыйман» сабагынын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтыш үчүн ошол сиз айтып жаткан «Ыйман» сабагынын окутуу концепциясы, стандарты болгондо салыштырууга мүмкүнчүлүк болот эле.

- Кыргызстанда диний билим берүү маселесин «бир жээктен экинчи жээкке секирбей» эле чечүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- Секирүүнүн себептерин биринчиден саясий туруктуулуктун алкагында карашыбыз керек. Сөзсүз түрдө саясий туруктуулукка карап диний туруктуулук таасирленет, өнүгөт. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө болуп жаткан бардык тармактарга тиешелүү болгондой эле диний тармакта да реформалар башталып эле ара жолдо калып жатат. Анын башкы себеби - кендирди кескен баягы эле каржы маселеси. Учурдагы мамлекеттеги саясий өзгөрүүлөрдөн улам жалпы коомчулук чоң үмүт менен күтүп турган саясий туруктуулук орноп, экономикалык туруктуулук, өнүгүү өрүш алса, коом тирүү организм сыяктуу эле. Экономика, саясат турукташып, каржы маселеси чечилсе, дин чөйрөсүндөгү, диний билим берүү жаатында, мектептерде келечектеги муундун дин сабатын өнүктүрүүдө биз утурумдук саясат менен эмес, туруктуу саясат менен өзүбүздүн локалдуу, улуттук жана коомдук кызыкчылыкты колдоп, ишке ашырабыз деген ойдомун. Антпесек, бүгүнкү күндө дин өтө сезимталдуу маселеге айланууда. Бул маселенин акыбети легалдуу жана локалдуу муктаж суроо-талаптарды эске алуу менен чечилет. Аны ушул жол менен ишке ашырбасак, айыккыс жарат катарында биздин коомбузду артка тарткан же өнүгүүгө тоскоол болгон маселе катарында дайыма жүрө берет. Буюрса, жаңы саясий реформалар ишке ашса, диний билим берүү да коомдук кызыкчылыктын мүдөөсүнүн негизинде ишке ашат деген үмүттөбүз.

XS
SM
MD
LG