Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Можахеддер өлтүргөн кыргыз мугалим


Гафуржан Хоркашовдун уулу Зикирё Гафуров.
Гафуржан Хоркашовдун уулу Зикирё Гафуров.

Аты-жөнү да, өӊү-түсү да тажикке окшош болгону менен каны-жаны нукура кыргыз Гафуржан Хоркашовдун чынчыл инсан, таанымал педагог, чыныгы коммунист экенин Тажикстандын Жерге-Тал райондук гезитинде 1984-1988-жылдары иштеп жүргөнүмдө билип калган жайым бар.

Ал Дүйшөмбү шаарындагы Мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин Жерге-Тал районундагы мектептерде кыргыз жана тажик тилдеринде географиядан сабак берген. Мектеп деректири, элге билим берүү бөлүмүндө усулдук кабинет башчысы, мугалимдердин кесиптик кошуунунун төрагасы болуп иштеген. 40 жылга жакын педагогикалык ишмердигинде өлкөнүн жаш муунду тарбиялоо ишине опол тоодой салым кошкон. Эптеп сабак өтүп, окуучунун убалына калган мугалимдердин катарын толуктаган эмес.

Союз доорунан бери саясат менен алек болуп калган бийликтин кайдыгерлигинин кесепетинен өлкөдө диний идеология гүлдөгөн кезде ар бир окуучусунун келечегине, дүйнөбий билим алуу укугунун бузулбашына ар тараптан кам көргөн. Мектепте окуп жаткан жашы жете элек кыздарын турмушка узаткандар, мамлекеттин билим берүү мыйзамын бузган ата-энелер менен күрөшкөн. Мугалимдердин кесиптик кошуунунун төрагасы катары билим берүү тармагындагы кемчиликтерди жыйындарда бетке айтып, ишти жакшыртууну ар дайым талап кылган.

Албетте, анын мындай курчтугу, көкжалдыгы, чынчылдыгы чоң кызматтагы тийиштүү жетекчилерге, чала-була сабак өткөргөн айрым кесиптештерине, диний фанатизмге ууланган кээ бир жердештери менен айылдаштарына жаккан эмес. Көзүнүн кыры менен карагандар, кек сактагандар барган сайын арбып жатканын ошо кезде сезип жүргөн чыгаар. Бирок бир күнү ошол курчтугунун азабын тартары, ошол душмандары андан өч алары, атеисттик көз карашы менен чынчылдыгынын айынан саясий согушта өз ажалы менен эмес, мыкаачы фанаттардын колунан ажал таап, диний фанатизмдин курманы болору үч уктаса түшүнө кирбесе керек.

Бир нече жылга созулган саясий согушта мыкаачы можахеддер (дин үчүн күрөшүүчү, жихадга катышуучулар) тарабынан кыйнап өлтүрүлгөн кыргыздын кыраан уулу Гафуржан Хоркашовдун тагдыры жөнүндөгү кайгылуу икаяны Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жашап жаткан тун уулу Зикирё Гафуровдун маеги менен улантсак туура болчудай.

- Зикирё аке, сиз жергеталдык атактуу педагог Гафуржан Хоркашовдун тун уулу экенсиз. Тажикстанда болуп өткөн саясий согушта ислам мамлекетин курууну самаган можахеддер атаңызды коммунист, атеист болгону үчүн өлтүрүшкөнү айтылып жүрөт. Эгер ошол чын болсо, аны кимдер, кантип өлтүрүшкөн?

- Ооба, ошого чейин ашынган динчилдер атамды «бул атеист» деп айтып жүрүшкөн. 1992-жылы жумуриятта согуш башталды. Коогалуу кыш күндөрүнүн биринде бийлик менен тирешкен можахеддердин бир тобу Вахия тарапка өтүп кетүү максатында райондун эң бийик жериндеги кыргыздар менен тажиктер аралаш жашаган биздин Жыланды кыштагына качып келди. Бийик тоолорду аралап бара турган андан аркы татаал жолду билбегендиктен, атама жардам сурап кайрылышкан.

Атам кыштын суук күнүндө качып келгендерге бара турган татаал жолду мүмкүн болушунча айтып түшүндүрөт. Ошондо можахеддер «бизге жол көрсөтө турган бирөөнү кошуп бер» дешет. Бирок ал калың кар баскан ээн тоолордун арасында бул адам өзү жалгыз кантип кыштакка кайтып келет, ага эч ким макул болбойт дегенби, айтор можахеддер унчукпай жолго түшүп кете беришет. Кийин уксак, алардын бардыгы суукка тоңуп калышыптыр. Районду ээлеп алган диний фанаттар буга атамды күнөөлөштү. «Сен атеистсиң, динге каршысың, ошондуктан аларга туура жол көрсөтпөй койгонсуң, жардам берген эмессиң», - дешип, атамды мыкаачылык менен өлтүрүштү. Биз зар какшап ыйлап кала бердик.

- Атаңыз чынында эле ошондой берилген атеист, динге каршы адам беле? Можахеддер ошону үчүн андан өч алыштыбы?

- Атеист болгон менен намазга, орозого ж.б. диний иштерге эч качан каршы чыккан эмес. Диний фанаттар ага ушинтип «катуу атеист» деген ат коюшкан. Атам мугалимдик милдетин так аткарган, адилетсиздик менен элдешпеген, сөздү бетке айткан киши эле. Ошону үчүн душманы көп болгон. Мындай адам мансапкор коммунисттерге да, диний фанаттарга да жаккан эмес.

- Можахеддер атаӊызды ташбоордук менен кыйнап өлтүрүшкөн дешет. Ошол тууралуу айтып бере аласызбы?

- Өлтүрүлгөн күнү мен жайлоодо болчумун. Эртеси угуп кыштакка келдим. Энемдин айтуусу боюнча, райборбор тараптан төрт можахед «КамАЗ» менен келиптир. Алардын бири өзүбүздүн райондогу Пилдан айылынын тургуну Анвар экен, калганын тааныбайм. Атамды чайкананын алдына алып келип: «Сен коммунист, атеист экенсиӊ, тоңуп өлгөн можахеддерге туура эмес жол көрсөтүпсүң», - дешет. Анан чогулган элдин көз алдында аёосуз уруп-согуп, жырткычтык менен кыйнай башташат. «Ай балдар, бечараны антип кыйнабай бир ок менен эле өлтүрбөйсүңөрбү», - деген адамдарды «силерди да өлтүрөбүз» деп коркутушат. Элдин баары таштай катып, атама эч жардам бере албай калышыптыр. Атам жан бергенден кийин канкорлор өлүгүн «КамАЗдын» үстүнө чыгарып, электр мамыга асып коюшат. «Үч күнгө чейин эч ким жанына жакын жолобосун!» - деп элге катуу эскерткен соӊ, кыштактан чыгып кетишиптир.

- Ошол төрт можахеддин бири Анвар атаңыздын окуучусу дешет. Ыраспы?

- Ырас. Атам Пилдан айылындагы мектепте иштеп жүргөндө Анварды 5-6-класстарында окуткан. Өзүнүн окуткан окуучусунун колунан курман болду, шордуу атам.

Аңгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ

P.S. Бул киши Жерге-Талдын тажик-кыргыз кыз алышып, куда-сөөк болуп жашаган Жыланды айылында 1929-жылы туулган. Атасынын атын тажик туугандары койгон экен: «Хор» - тикен, «каш» - ташуучу, б.а. тикенектүү караган ташыган адам болсо да, эсен-аман чоңойсун деп ырымдашкан окшойт. Кыргыздын Отунчу, Термечик ж.б.у.с. ысымдарына маанилеш.​

XS
SM
MD
LG