Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

«Дүйнөбий түзүлүшкө динди каршы койбойлу»


Канатбек Мурзахалилов жана Абибилла Кадырбердиев.
Канатбек Мурзахалилов жана Абибилла Кадырбердиев.

Кыргызстанда дүйнөбий мамлекет деген түшүнүктүн алкагындагы талкуу коомдун диндешкен катмары экиге бөлүнгөнүн көрсөттү.

Бир тарабы дүйнөбий түшүнүктү жактаса, экинчиси андан баш тартууга үндөйт. Ал арада айрымдар «исламдашууга каршы кара пиар башталды» деген пикирин билдирсе, дин аалымдарынын кээ бирлери саясий кырдаалды курчутуп жибербөөгө, ал тургай кандайдыр бир пикир билдиргенде геосаясий абалды да эске алууга чакырышууда.

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев талкуулады.

- Акыркы кезде кыргыз коомунда Конституциялык кеңешмеде талкууга алынган дүйнөбий мамлекет жөнүндө түшүнүктүн тегерегинде ар кандай пикирлер айтылууда. Өлкө мусулмандары үчүн дүйнөбийлик принцибин Баш мыйзамдан алып салуу же калтыруу кандай жыйынтыктарга алып келет? Анын оң жана терс жактарын санап бере аласызбы?

- Негизи бул маселе кеңири илимий изилдөөлөрдү талап кылат. Кыргызстандын шартында дүйнөбийлик принципти алып салуунун оң жана терс жактарын айтсак - эң биринчи кезекте бул маселе постсоветтик өлкөлөрдөгү, араб мамлекеттериндеги саясий түзүлүштөргө салыштырмалуу жана азыркы дүйнөлүк геосаясий абал аркылуу гана чечиле турган иш.

Азыркы учурда мындай олуттуу маселелерди кууш көз караш же жеке бир адамдын үстүртөн караган пикири менен чечип, саясий чечимдерди кабыл алуу, коомчулукта ар кандай ой-пикирлерди жасалма түрдө күчөтүү мамлекетибиздин саясий туруктуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн. Башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз диний коомчулугунун алдында турган негизги милдет - жергебиздеги диний жетишкендиктерди сактап калуу.

Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү диний жана саясий аша чабуунун натыйжасында андагы мусулман коомунун зыян тартышы, азыркы учурдагы кыйынчылык абалы эле сиздин койгон сурооңузга жетишээрлик жооп.

Араб өлкөлөрүндөгү болгон окуялар, алардын дүйнөбий саясий түзүмдө турушу жакшылап ой жүгүрткөн ар бир кыргыз жаранын туура диний жана саясий чечимге алып келет деп ойлойм. Демек, биз ишти эки ортодо чечишибиз керек. Бул ислам дининин табигый өзгөчөлүгүнө туура келет. Алла-Таала Бакара сүрөөсүнүн 143-аятында мындай деп айткан: «Биз силерди адамзатка күбө болушуңар үчүн жана (Алланын) элчиси силерге күбө болушу үчүн ортолуктун (адилеттүүлүктүн) үммөтү кылдык».

«Бечелге жөтөлдүн кереги жок» дегендей эле атеисттик коомдон жаңы эле чыгып, ыймандын алты шартын жана исламдын беш түркүгүн тургуза албай жаткан коомго «дүйнөбий» деген терминди алып салуу «теократиялык мамлекет» деген түшүнүккө түздөн-түз алып келет.

Өлкөбүздөгү дүйнөбий мамлекеттик түзүлүш жөнүндөгү ой пикирлердин жаралышы, дүйнөбийлик принципти Баш мыйзамдан алып салуу же калтыруу маселеси кандай чечилиши керек экенин өзүмдүн Конституциялык кеңешмеге болгон кайрылуумда айткам. Кээ бир адамдар менен айрым диний топтордун жаңылыш түшүнүгү - дүйнөбийлик түзүмдө калуу СССРдин убагындагы атеисттик саясий системаны реставрациялоо деп жаңылып жаткандыгында.

- Сиз жакында Конституциялык кеңешмеге кайрылууңузда «бул маселе шарият өкүмдөрү боюнча алганда коомдун диний даражасына ылайык чечиле турган иш» деп да айттыңыз. Деги эле бул кайрылууңузда кандай маселелерге басым жасадыңыз?

- Албетте, бул маселе кыргыз коомчулугунун диний даражасына жараша чечиле турган маселе. Шарият деле кандай гана болбосун диний коомчулукка алар көтөрө албай турган диний милдеттерди жүктөбөйт. Конституциялык кеңешмеге болгон кайрылуумдун өзөктүү мааниси мына ушунда. Жөн гана беш маал намаз окуган, бирок кеңири, терең диний билими жок мусулман бир туугандарыбыз бул маселеден катачылык кетириши мүмкүн. Биз аны түшүнөбүз. Бирок Кыргызстанда өзүбүздүн аалымдардан фундаменталдуу билим алган же сырт жактан эл аралык ислам университеттерин бүтүрүп келишкен жарандарыбыз үчүн бул эч кандай талашы жок маселелердин катарында. Учурда талкуу жараткан дүйнөбийлик принцибин коомчулукка туура түшүндүрүш үчүн биз аалымдарыбыздан да жардам күтөбүз.

- Сиздин баамыңызда мусулман коомчулугу дүйнөбий деген терминди кандай түшүнөт? Аны туура багытта жайылтууга диний лидерлердин салымы кандай болушу керек?

Аз сандагы кээ бир билим деңгээли төмөн жаштардын ар кандай диний радикалдык агымдарга аралашып кетишинин себеби - замандын талабына ылайык кеңири, терең диний билимге ээ болгон, дүйнөлүк саясий абалды жакшы түшүнгөн квалификациялуу диний кадрлардын жетишсиздигинен болуп жатат.

- Кыргызстандагы мусулман коомчулугу «дүйнөбий» деген терминге өтө кескин түрдө терс мамилеси жок деп ойлойм. Анткени эгемендикке ээ болгондон бери мусулмандар эч кандай диний кысымга дуушар болгон эмес. Кыргызстандыктар эч кандай диний радикализмге барган жок. Аз сандагы кээ бир билим деңгээли төмөн жаштардын ар кандай диний радикалдык агымдарга аралашып кетишинин себеби - замандын талабына ылайык кеңири, терең диний билимге ээ болгон, дүйнөлүк саясий абалды жакшы түшүнгөн квалификациялуу диний кадрлардын жетишсиздигинен болуп жатат.

Бул багытта биз түшүндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Айрым диний лидерлерибизди бул маселеге кайдыгер мамиле кылып, үстүртөдөн чечим чыгаруудан алыс болууга чакырат элем.

- Калкынын саны боюнча мусулмандар басымдуулук кылган көпчүлүк мамлекеттерде, диний даражасы бизден алда канча жогору турган араб өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгүндө расмий дүйнөбий түзүлүш орнотулган. Кыргызстандагы диний абал, мусулмандардын дин тутуу эркиндиги башка дүйнөбий түзүлүштөгү кошуна мамлекеттер менен салыштырмалуу канчалык деңгээлде сакталып жатат?

- Азыр постсоветтик өлкөлөрдө жана араб мамлекеттеринин басымдуу бөлүгүндө расмий дүйнөбий түзүлүш орнотулган. Ушул түзүлүштө тургандыгыбыздын натыйжасында Кыргызстандагы мусулмандардын дин тутуу эркиндиги эң алдыңкы орундарда экендиги жалпыбызга маалым.

Ал эми кыздардын мектепке жоолук салып барышы сыяктуу маселелерди чечүүдө бул көрүнүштөр кошуна өлкөлөрдө кандай абалда экенин түшүнүп билишибиз зарыл. Ислам дини бизге милдет кылган шарияттык өкүмдөрдүн жана конкреттүү коомчулуктун диний даражасын так көрө билүү аркылуу гана чечишибиз керек. Буга окшогон маселелерди Кыргызстандагы диний лидерлер чогуу бир бүтүмгө келүү жолу менен гана чечишибиз абзел.

- Учурда «дүйнөбий» деген терминдин айланасындагы талкуу диний коомчулук экиге бөлүнгөнүн көрсөттү. Социалдык тармактарда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акин Токталиев, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баш болгон дин өкүлдөрү өлкөдөгү саясий абалды, конституциялык реформаны жана президенттик шайлоону талкуулаган аудио тарады. Жолугушунун катышуучулары Интернетте тараган аудиону кара пиар, салттуу исламга каршы маалыматтык согуш катары мүнөздөшүүдө. Бирок коомдун көпчүлүк катмарында динчил адамдар бир беткей эле дүйнөбий түзүмгө каршы тургандай пикир түзүлдү. Деги эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин дүйнөбийлик түшүнүгү боюнча расмий позициясы кандай?

- Учурда дүйнөбий мамлекет жөнүндөгү талаш-тартыштар башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигин, диний жетишкендиктерибизди эске алганда анча деле курч мүнөздө эмес. Бул маселе коомдук чыңалууну пайда кылып жатканынын бирден-бир негизги себеби - массалык маалымат каражаттарында, өзгөчө социалдык тармактарда, Интернет булактарында, ар кандай мобилдик тиркемелерде айтылып жаткан башаламан маалыматтар деп ойлойм.

Мекендештерибизге сырткы, үчүнчү күчтөр ушул жагдайды пайдаланып, кыргыз коомун бузууга аракет кылышынан сак болуу зарыл экенин дагы бир жолу эскертет элем. Диний лидерлерибиздин бир бөлүгүнөн бул маселени терең, кеңири жана кылдат диний көз караш менен карап, азыркы учурдагы геосаясий абалды эске алышын суранмакмын.

XS
SM
MD
LG