Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Пакистандан бактысын тапкан Нүргүл


Нүргүл Мамырова күйөө Саймон жана кызы Сланита менен
Нүргүл Мамырова күйөө Саймон жана кызы Сланита менен

"Журтташтар" түрмөгүбүздүн коногу - кыргызстандык врач Нүргүл Мамырова алты жылдан бери Пакистанда жашайт. Кыргызстанда окууну бүтөөрү менен эле ал Пакистанга иш менен барып, ошол жакта жергиликтүү жигит менен үй-бүлө куруп калган.

Нүргүл Мамырова: 2005-жылы мен окууну бүтүп, ординатурадан өтүп жатканда Пакистанда катуу жер титирөө болуп, дарыгерлерди чакырып калышты. Ал жакта дүйнөнүн чар тарабынан келген догдурларды топ-топко бөлүп коюшкан экен. Биздин команданын лидери - менин болочок жолдошум Саймон экен. Бизди өлкөнүн түндүгүнө жиберишти. Ал жакта күнүнө 70 жакын адамды карачу элек.

Төрөкул Дооров: Ошондо таанышып, бири-бириңиздерди жактырып үйлөнөлү деп чечтиңиздерби?

Нүргүл Мамырова: Ал мени ошол жакта эле өзүнүн үй-бүлөсү менен тааныштырган эле. Атасы мени жактырып, ошондо алар менин колумду сурашкан. Бирок мен ойлонуп көрөйүн деп Кыргызстанга келе бергем. Үч ай жүргөнүмдөн кийин ал кайра жообун сурай баштады. Ошондо ойлонуп көрүп, макул болдум.

Төрөкул Дооров: Кыргыз кызына Пакистанда келин болуш деген кандай экен?

Нүргүл Мамырова: Биздегиден айырмачылык жактарын көп эле байкадым. Бизде келин келгенден тарта эле эртеси үйдүн, короонун иши мойнуна жүктөлөт да. Кечке конок тосуп, тиричиликтин баарын өзүңө аласың. Мен да ошондой эле ойдо эрте мененки тамактан кийин идиш-аякты жууганы ашканага кирип кетсем, бир убакта эле кайын энем келип, мени өзүмдүн бөлмөмө алып кетип калды. Мен ал кезде алардын тилин түшүнчү эмесмин. Ошондо күйөөмө: “Аялыңды жасандырып, отургузуп кой”, - деп айтыптыр. Анан эле жолдошум келип: “Бизде келин заматта эле үй иштерине кирсе уят болот”, - деди.

Төрөкул Дооров: Анан ким жууйт экен идиштерди?

Нүргүл Мамырова: (күлүп..) Кайын энем өзү эле жууп койчу. Мен да ошого таң калдым. Мага атайын жасандыргыч адамды чакыртып, мени боёп, отургузуп коюшту. Күн сайын эле түрдүү кийим кийгизип, бир айдын ичинде 20 чакты көйнөк алмаштырдым. Ага чейин Кыргызстанда бир көйнөктү дурус эле кийчүмүн. Ошентип мени боёп, жасандырып эле отургузуп коюшту. Анткени коңшулар, туугандар келип, кандай келин келди дегендей карап кетишет экен. Пакистандыктарда деле кайын атасына чай демдеп берүү деген салты бар. Бирок ал эртеси күнү эле эмес, өзүнүн убагы келгенде аткарылат. Анын үстүнө бир аз эле колунда бар көп үй-бүлөлөрдө үйдү жыйнап-тазалаган кызматкерлер иштейт. Алар үйдү шыпырып, тамак жасап, балдарды да карашат. Ошондуктан бул чоң деле маселе эмес.

Төрөкул Дооров: Азыр сиздерде канча перзентиңиздер бар?


Нүргүлдүн күйөө Саймон кызы Сланита менен.
Нүргүлдүн күйөө Саймон кызы Сланита менен.

Нүргүл Мамырова: Төрт жашар бир кызыбыз бар. Буюрса, эки айдан кийин уулдуу болобуз деп күтүп жатабыз.

Төрөкул Дооров: Нүргүл, биз соңку учурларда Кыргызстандан Пакистанга барып, ал жакта турмуш куруп, өз үйүндө кордук көргөн кыздар жөнүндө көп угуп калабыз. Сиз алар жөнүндө билесизби, өзүңүздүн тажрыйбаңыз кандай болду?

Нүргүл Мамырова: Мен пакистандык жигиттерге турмушка чыккан кыргыз, орус кыздары жөнүндө көп эле билем, көрүп калдым. Бирок алтоосун көрсөм, болгону бирөө гана турмушунда кыйынчылык көргөнү болбосо, адатта, жакшы эле жашап жүрүшөт. Кыргызстанга келатканда гана жолдо Ташкендин аэропортунда жолдошу аялын жаакка уруп жиберген бир үй-бүлөнү көрдүм. Андайды мурда укканым менен, көргөн эмес элем. Менин өзүмдүн турмушумда андайды такыр элестете албайм. Ага чейин үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө укканда “үй-бүлөдө ушундай боло берет турбайбы” деп ойлоп жүрчүмүн. Бирок менин үй-бүлөмдө андай болгон эмес. Күйөөм аябай сабырдуу адам, мени түшүнөт. Ага бул үчүн дайыма ыраазымын. Кол көтөрүү бери турсун, мага катуу да сүйлөбөйт. Күйөөмдүн үй-бүлөсүндө баары эле билимдүү адамдар, тарбиясы да ошондон улам жакшы деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Пакистанда өзү жашоо кандай экен? Сизге өөн учураган каада-салттарын же окуяларды байкай алдыңызбы?

Нүргүл Мамырова: Ал жерде, бизге караганда, башкачараак. Маселен, аял менен эркектин коомдогу ролу так бөлүнгөндөй көрүнөт. Көчөдө, базарларда, ишкана-мекемелерде көбүнчө эркектер эле иштейт. Аялдын орду үйдө деп коюшат, көбүнчө үй-тиричилиги менен убара. Айрым гана билими жогору, догдур, мугалим айымдар ишке чыкпаса, көбүнчө алар үй иши менен эле отурушат. Бирок тойлорго же конокко барганда жаш балдарды толугу менен эркектер карашат. Аялдар кеңири өз алдынча коноктор менен аралашып отурат. Дагы бир нерсе – эркектер өздөрүнүн жубайларына өзгөчө көңүл буруп карашат. Каалаган кийимин, зер буюмдарын алып берип, жакшы жасанып жүрүшүнө көңүл бурушат.

Төрөкул Дооров: Сиз өзүңүз үйдө отурган жоксуз да, ооруканаларда иштеп жүрдүңүз. Кимдерди карадыңыз?

Нүргүл Мамырова: Мен үч башка шаардагы ооруканаларда иштедим. Алгач Лахорго жакын жерде, кийин Кашмирден алыс эмес шаарчада жашадык. Ошол жактагы клиникаларда болдум. Акырында Ооганстан менен чектеш жердеги шаарлардын биринде иштедим. Мен үчүн эң эле тажрыйбага бай окуялар ушул жерде болду. Түрдүү бейтаптар келишчү. Бир жылда 54 жолу уулуу жылан чаккан адамды карадым. Мен өзүм балдар докторумун. Бирок Пакистанда сен педиатр болсоң балдарды эле карабайсың. Мен гинекологияны да, хирургияны да үйрөндүм, түрдүү операцияларды жасаганга туура келди. Мага Англиядан, АКШдан, Германиядан көп жыл иштеп келген хирургдар үйрөтүштү. Биз ошондо Ооганстанга жакын турганбыз, ал жакта түрдүү жардыруу, атышуулар көп болуп турат. Бизге түрдүү жарааттары менен келгендер көп болчу. Ал жерде “ок жеп келди” деген нерсе кээде гана учурай турган нерсе эмес. Күн сайын эле эртеден тарта “жакын эле жерде жанкечти өзүн жардырып, ондогон адам өлүптүр” деген кабарлар түшүп турат.

Төрөкул Дооров: Сиз алардын тилин кантип үйрөндүңүз, оор болбодубу?

Нүргүл Мамырова: Биздин тилибизде окшоштуктар аябай эле көп экен. Мен үч эле айда алардын тилинде сүйлөй баштадым. Мисалы, “парда”, “асман”, “нан”, пияз”, - баары ушундай эле айтылат, окшош сөздөр көп. Буларда эки расмий тили бар - урду жана англис тилдери. Андан сырткары, 60 чакты диалектке бөлүнгөн топтору бар. Өлкөнүн төрт провинциясынын өзүнүн тилдери, желектери бар. Бири-бирин түшүнбөй калышы мүмкүн. Бирок жалпы урду менен англис тилдерин кеңири баары колдонушат.

Төрөкул Дооров: Азыр сиз ал жакта жашап жатканыңызга бактылуусузбу?

Нүргүл Мамырова: Ооба. Мен ушул күйөөм менен турмушумда жубайлардын бири-бирине урмат көрсөтүшү деген эмне экенин түшүндүм. Пакистандагы жашоодон, керек болсо, ичип жаткан суунун баркы канчалык жогору экенин да аңдап калат экенсиң. Биз жарым чөлдүү жерлерде жашадык. Айрым аймактарда жолдо баратсаң уйларды сугара турган көлчүктөрдөн кадимкидей эле эл суу алып, ичип жатканын көргөндө кыргыздар канчалык бейиш жерде жашап жатканыбызга көзүң жетет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG