Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Түштүк Корея айрым кыргыз мигранттарын депортациялашы мүмкүн


Борбор азиялыктар үчүн жумуш виза талап кылынбаган Орусияда да иштегенге уруксат алуу оңой эмес
Борбор азиялыктар үчүн жумуш виза талап кылынбаган Орусияда да иштегенге уруксат алуу оңой эмес

Кыргызстандын Миграция министрлигинен кабарлашкандай, Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын алгачкы тобунун эмгек визасынын мөөнөтү аяктады. Визанын мөөнөтү тез аранын ичинде узартылбаса, алар депортацияланышы мүмкүн. “Азаттык” бул боюнча Кыргызстандын Миграция министрлигинин Түштүк Кореядагы расмий өкүлү Бакыт Исаев менен байланышты.

Бакыт Исаев: 2008-жылы Түштүк Кореяга жумуш визасы менен келген жарандарыбызга быйыл үч жыл болду. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы келишимге ылайык, жумуш визасы жарандарга үч жылдык мөөнөт менен берилет. Бирок бул мөөнөт аяктаганда, дагы 22 айга узатканга уруксат бар. Бирок азыр Кореянын өзүндө бир топ түшүнбөстүктөр болуп жатат. Жакында биздин жарандардын биринчи тобунун визасынын мөөнөтү аяктап баратканда мен 18 адамдын визасын узартканга жардам бергем. Ошентип, алар жалпысынан бул жакта 4 жыл 10 ай кала алышат. Бирок айрым жерлерде биздин жарандардын визасын узартпай жатышат. Алар үйгө кайра кетиши керек болууда.

Төрөкул Дооров: Эмне себептен узартпай жатышат?

Бакыт Исаев: Мен өзүм да түшүнбөй жатам. Айрым адамдардыкын узартып, дагы бирөөлөрдүкүн узартышкан жок. Бирок визасынын мөөнөтү узартылбай калган жарандарыбыз деле чочулабай эле, өздөрүнүн бул жактагы жумуш ээлери менен сүйлөшүп, иш келишиминин негизинде Кыргызстанга барганда өздөрүнө кайра келгенге чакыруу жибертишсе болот. Ал чакырууну өздөрү менен кошо ала кетишсе, Кыргызстанда Түштүк Кореянын элчилигине кайра виза жасатканы барганга укугу бар. 2008-жылы келген адамдардын визасы ар кимдики ар кайсыл айда аяктайт. Анткени башта виза ар башка айларда берилген.

Төрөкул Дооров: Ошол жылы Кыргызстандан канча адам барган эле Түштүк Кореяга?

Бакыт Исаев: Азыр кеп 418 адам жөнүндө болуп жатат. Алардын ичинен бизге кайрылгандарынын 18 визасын узартканга биз жардам бердик.

Төрөкул Дооров: Калгандар өз алдынча узартып жатышабы?

Бакыт Исаев: Ооба, өз алдынча узартып жаткандар жөнүндө да маалыматыбыз бар. Айрым адамдар өздөрү иштеген фирманын деректирлери менен эле Миграция министрлигине барып, кайрадан визасын узартып жатышат. Анткени биздин жарандардын ичинде өз ишин мыкты билген усталар пайда болуп калган. Аларды ишканалар да жоготкусу келбейт. Ошондуктан өздөрү да жардам беришүүдө.

Төрөкул Дооров: Корей бийликтери эмне себептен айрым мигранттардын визасынын мөөнөтүн узартпай жатышканын түшүндүрүштүбү?

Бакыт Исаев: Негизи, Түштүк Кореяга кайдан келген чет-өлкөлүк болбосун, бул жакта беш жыл эч жакка чыкпай жашаса, андан ары жарандык алуу үчүн арыз жазса болот. Ошол себептен жумуш визасынын акыркы чеги 4 жыл 10 ай болуп жатат. Биздин жарандардын визасынын мөөнөтү 3 жылдан кийин кайра жаңыртылбай жатышынын себеби да ушундан болсо керек деп божомолдоп жатабыз. Анткени эгер алардын визасы узартылса, дагы 1 жыл 10 айга калып жатпайбы. Бул дегени дээрлик беш жыл. Демек, жарандык үчүн арыз берсе да болуп калат. Ошондон чочулап жатышат го деп ойлоп жатабыз. Мигранттар азыр Кыргызстанга кетип, кайра келишсе, “Беш жыл туруктуу Кореяда болушкан эмес” деген негизде жарандык берилбейт. Ошондон болсо керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG