Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:09

Чехия: Путинчил үгүттү четке кагуу чакырыгы жаңырууда


Орусиянын путинчил үгүтү тууралуу украин карикатурасы. Автор: Олексій Кустовський.
Орусиянын путинчил үгүтү тууралуу украин карикатурасы. Автор: Олексій Кустовський.

Орусиядагы путиндик режимдин түз же кыйыр колдоосу менен Батыш Европада жүргүзүлүп жаткан кремлчил үгүт өнөктүгү өз эгемендиги үчүн күрөш жүргүзүп жаткан украин элин жана анын өкмөтүн жаманатты кылуу далаалатын да өзүнө камтыйт. Мындай учурлар Чехияда да байкалууда. Тарыхчынын блогу.

Владимир Путиндин режими өзүнүн 2014-жылдан берки эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун актоо үчүн Батыш Европада жана башка аймактардагы мамлекеттерде калайыктын маанайын өзүнө имерүү мүдөөсүндөгү үгүт өнөктүгүнө өлчөөсүз зор акча каражатын жумшап жаткандыгы жөнүндө арбын сөз айтылып келет.

Маселен, дезинформация (бурмаланган маалыматты атайылап жайылтуу) жана гибриддик согуш жүргүзүү маселелерин иликтеген финляндиялык адис Пекка Каллиониеми (Pekka Kallioniemi) ортого салган маалыматка караганда, Орусиянын бийликтери Украинага каршы өзүнүн баскынчыл согушу, шайлоо өнөктүктөрү, иммиграция маселелери жана башка көйгөйлөр жаатында атайылап жалган кабарларды жана бурмаланган маалыматтарды жайылтууга бери дегенде 1,5 миллиард доллар акча каражатын жумшоодо.

Даректүү тасма. Фин адиси Пекка Каллиониеми Орусиянын гибриддик маалымат согушу жөнүндө англисче сүйлөөдө. 26.4.2024.

Жакында ал Нидерланддардын Амстердам шаарында De Balie жыйынында чыгып сүйлөп, Орусиянын учурдагы гибриддик согушу боюнча топтогон факттар боюнча серебин шардана кылды.

П.Каллиониеми мырза Орусиянын интернеттеги социалдык медиадагы онлайн дезинформациялык тактикасы жана Орусиянын гибриддик согуш тактикасынын узак мөөнөттүү мүдөөлөрү жана усулдары жөнүндө факттарга шилтеме берүү менен сөз кылды. (Анын бул чыгып сүйлөөсү 2024-жылы 26-апрелде YouTube аркылуу жарыяланды).

Интернеттеги X (мурдагы Twitter) тармагында “ВатникСуп” (VatnikSoup) түрмөгү аркылуу путиндик маалыматты бурмалоо далаалаттарын ашкерелеп келе жаткан бул фин адиси конкреттүү мисалдар да келтирди. Маселен, ал ТАСС кабар агенттиги 2022-жылы дүйнө жүзүнө таркаткан “Украиндер АКШнын колдоосуна таянып алып, биологиялык кыргын куралын жасоо максатында атайын лабораторияларды түзүшкөн” деген жалган кабарды эске салды. Бул жалган кабарды Такер Карлсон сыяктуулар Батышта да андан ары жайылтышты.

Бул “кабар” ого бетер “өркүндөтүлүп”, украиндердин укмуштуудай зыяндуу биологиялык куралынын айынан берик болгон орусиялык энелердин бойлорунан түшүп жатыптыр, деген сыяктуу ушак-айыңдар андан ары интернетте жайнап кетти, дейт Каллиониеми мырза.

Айтмакчы, ушул эле жаз айларынын биринде мен Чехиянын борбору Прага шаарында уюштурулган өкмөткө каршы нааразылык жыйынына күбө болуп калдым.

Ага катышууга калайыкты чакырып жаткандардын бирине кулак салсам, ал жогорудагы ушак-айыңды андан ары улантып, “АКШ эми Казакстанда дагы биологиялык лабораторияны тымызын иштетип жатат”, – деген “беш өрдөгүн” айтты.

“Казакстан ушул тапта Путиндин Украинадагы баскынчыл согушуна каршы, бирок ошол эле учурда Казакстан Орусия менен бирдикте Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болуп жатса, расмий Астана каяктан эле жашыруун америкалык биолабораторияны өз өлкөсүндө жайгаштырып калышсын?” деп ага каяша айттым.

Ким билет, балким, бул айың кептердин учугу – Украинанын болжолдуу жеңилишинен соң, Казакстандын айрым аймактары кезектеги орусиялык баскынчылыктын бутасына айланышы ыктымал, деген жоромолдорго барып такалаар? Орусиялык согушчандарга өз мамлекетиндеги жана евразиялык калайыктын ишенчээк катмарларынын кулагын жалган кабарга алдын ала бышыра берүү керек эмеспи...

Чехияда таркатылып жаткан маалыматтык бурмалоо далаалаттары 1945-жылдагы жана 1968-жылдагы окуяларды бурмалоолорго дагы байланыштуу.

Алардын биринде, маселен, “1945-жылы орустар Праганы нацисттерден бошотушкан, ал эми 1968-жылы августта Прага шаарын украиндер танктар менен тепсеп киришкен”, деген жалган маалымат камтылган.

Бул маалыматтык бурмалоо мисалын Чехиядагы manipulatori.cz жана ruski.radio.cz интернет барактары путинчил айдан ачык дезинформация далаалаттарынын бири катары сынга алып, анын тарыхый факттарды одоно бурмалаган өңүттөрүн далилдешти.

Маселен, 1945-жылы майдын башында АКШнын аскерлери Чехиянын батышын жана түштүк-батышын (анын ичинде Плзен шаарын) германдык нацисттерден бошотуп алышкан. Генерал Жорж Смит Паттон (1885–1945) жетектеген 3-армия 1945-жылы 4-майда Германиядан Чехиянын аймагына өтүп, 6-майда Плзен (Пльзень) шаарын бошотуп алган. Прага шаарына 93 эле чакырым калган.

Бул – АКШ аскерлеринин андан ары Прага шаарына жиреп келиши үчүн өтө аз аралык болчу. Генерал Паттон чабуулду андан ары улантууну эңсеген. Улуу Британиянын өкмөт башчысы Уинстон Черчилл да ушуну каалаган.

Прагадагы чех көтөрүлүшчүлөрү америкалык аскерлерге тез арада бул ордо шаарга келип, көмөк кылууга улам-улам чакырык ташташкан.

Америкалык аскерлердин Карловы Вары – Плзен – Ческе Будеёвице сызыгын ээлеп калышына Кызыл армиянын Башкы штабынын жетекчиси Алексей Иннокентевич Антонов (1896–1962) да макул болгон.

1945-жылы 15-апрелде АКШнын президенти Франклин Делано Рузвелт (1882—1945) дүйнөдөн кайткан соң, бул мамлекетти башкарып калган Гарри Трумэн (1984–1972) болсо АКШнын жетекчилигинин СССРдин лидери Иосиф Сталин (1878–1953) менен саал мурдараак Ялтада кабыл алынган макулдашуусунун рухун сактап, Прага шаарына алгач Кызыл армия кириши керек, деген турумду бекем карманган.

Советтик танк Прагада. 09.5.1945.
Советтик 1-Украина фронтуна таандык танк Праганын Ыйык Вацлав аянтында. 09.5.1945.

Праганы нацисттерден бошотуу үчүн 5-майда башталган чех көтөрүлүшүнө айтылуу власовчулар да олуттуу көмөк кылышкандыгы тууралуу XXI кылымда гана көбүрөөк калыс маалыматтар шардана кылына баштады.

Албетте, 1945-жылы 8-май күнү нацисттердин Прага шаарынан чегинип кетиши үчүн олуттуу жагдай – советтик аскерлердин борбор шаарга түндүк жактан жигердүү чабуулу болгон.

Жалпы Чехословакия аймагын 1945-жылы нацисттерден боштондукка чыгарууда 1-, 2- жана 4-Украин фронтторунун көп этностуу жоокерлери зор салым кошкон (аларды жалаң гана украин же орус тектүүлөр болгон деп ойлоого эч мүмкүн эмес).

Чехиядагы Масарик атындагы университетте иштеген тарыхчы Прокоп Томек мырза Чехословакияны бошоткон аскерлердин ичинен 1-Украин фронтунда 342 миң украиндик, 2-Украин фронтунда 170 миң украиндик, ал эми 4-Украин фронтунда 98 миң украиндик жоокер болгондугун, жалпысынан украиндер бул үч аскер тобунун 38 пайызын түзгөндүгүн баса белгилейт.

Экинчи дүйнөлүк согуш толук аяктагандан көп өтпөстөн, 1945-жылы 15-ноябрда советтик аскерлер Прагадан кайра толук чыгарылып кеткени маалым.

Ошондой эле, “Прага жазы” аталышы менен тарыхта калган социалисттик реформачыл кыймылды муунтуу үчүн 1968-жылы 21-августка караган түндөн тартып Чехословакияга киргизилген коммунист жоокерлердин басымдуу көпчүлүгүн советтик аскерлер түзгөн (алардын курамында украиндер азганактай гана болгон; мында да ар кыл улуттардын, анын ичинде орус, кыргыз, казак ж.б. улуттардын өкүлдөрү болгон).

Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн ичинен Польша, Болгария жана Венгрия өз аскер бөлүктөрүн жөнөтүшкөн, ал эми ГДР аларга логистикалык жактан көмөк кылган.

Бул баскынчылык кол салуу “Дунай” аскердик иш-чарасы деп аталган.

Бул жагдайларды чийип салып туруп, 1968-жылы “жалаң украиндик танктар Прага шаарына киргизилген” деп бир беткей айтуу – тарыхты барып турган бурмалоо болуп саналат. Башкы чечим ошол кездеги Советтер Биримдигинин Компартиясынын Кремлдеги жетекчилиги тарабынан жасалгандыгы жана 1968-жылы Чехословакияга киргизилген советтик аскерлердин этностук курамын алганда, орус тектүүлөр басымдуулук кылгандыгы айдан ачык.

Учурда путиндик режим жалпы Евразиянын тарыхын да Орусиянын шовинисттеринин кызыкчылыгында бир тараптуу чечмелеп түшүндүрүү далаалатын жасап келет.

Эми Батыш Европа өлкөлөрүндө (анын ичинде Чехияда) жарандык коомдун өкүлдөрү путиндик режимдин факттарды бурмалоо далаалаттарына жана бир тараптуу байма-бай үгүтүнө каршы чечкиндүү сокку уруу үчүн өз ара биргелешип аракеттенүү чакырыгын жасашууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG