Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Бишкектеги асфальт заводунун курулушуна парламентте сын айтылды


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин 12-кичи районунда курулуп жаткан асфальт-бетон чыгаруучу заводго шаар тургундары нааразы экенин айтты.

Парламенттин 8-майдагы жыйынында Бекешев Жаратылышты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул завод экологиялык текшерүүдөн өтпөгөнүн ырастаганын белгиледи.

“Азыр завод курулса, экологиялык экспертизадан өтпөгөн болсо, аба булганат да. Мага шаардыктар бул боюнча кайрылып, экология дегенибиз менен, мэрия кытайлык компания менен бирге завод куруп жатат, фильтрлери анча жакшы эмес деп жатышат. Биз таза аба жөнүндө сөз кылып атканда, бул завод абаны кирдеткени жатпайбы”, - деп Жаратылышты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкуловага суроо узатты.

Министрдин орун басары асфальт-бетон заводу боюнча курулуштун долбоору мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүшү керектигин, министрликтин алдындагы экологиялык көзөмөл кызматы мыйзам бузууну аныктаса, чара көрүлөрүн билдирди.

Бекешев заводдун курулушу жүрүп жатканын айтып, министрликти буга көңүл бурууга чакырды.

Депутат буга чейин асфальт-бетон заводу боюнча министрликтен келген катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда шаардын 12-микрорайонундагы “Кум-шагыл” заводунун аймагына буга чейин Боз-Бөлтөк айыл аймагында сметалык долбоору жана башка керектүү документтери жок курулуп жаткан асфальт-бетон заводу көчүрүлүп жатканы жазылган.

Бул боюнча министрликтин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Мамлекеттик курулуш агенттигине кат жолдогону белгиленген.

8-февралда Бишкек мэриясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин колдоосу менен шаардагы темир-бетон материалдарын чыгарган “Кум-Шагыл” ишканасынын иши токтотулганын, 2023-жылдын 1-декабрындагы актынын негизинде ал жердеги карьердин аймагы муниципалдык башкармалыктын карамагына өткөнүн билдирген. Заводдун кызматкерлери мындай чечимге нааразы болуп, өлкө бийлигине кайрылуу жолдогон.

30-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кум-Шагыл” ишканасына жакын жердеги асфальт-бетон заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышканын мэриянын басма сөз кызматы билдирген. Ал жерде “бир завод курулса, дагы бир завод башка жактан көчүрүлүп келинери, ошентип саатына 260-340 тонна асфальт чыгарыла турганы” айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG