Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Алматы селдин кесепетинен арылууда


Казакстан -- Сел жүргөн айылдардын бири. Алматы, 23-июль, 2015.
Казакстан -- Сел жүргөн айылдардын бири. Алматы, 23-июль, 2015.

Бейшембиге караган түнү Казакстандын Алматы шаарынын чет жакасындагы суу ташкындан жүздөгөн үйлөр жапа чегип, 900гө жакын адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Алматынын жака белиндеги Ноорузбай районундагы түн ичинде жүргөн сел аймактын калкын кыйла бейпайга салды. Окуя бейшембиге караган түнү, саат экилер чамасында болгон. Карагайлы айылынын тургундары түн ичинде күрүлдөгөн добуштан чочуп ойгонуп, сыртка чуркап чыкканда катуу сел келатканын көргөн.

Ошентип Каргалы дарыясынан ташыган суу Ноорузбай аймагындагы жана Алматынын ирегесиндеги Каменка, Карагайлы конуштарындагы жүздөгөн үйлөрдү каптап, жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп кеткен.

Бирок түн ичинде “катуу сел келатат” деген кабар шаардын четиндеги Иргели жана Алгабас жана аларга жакын башка айылдардын калкын да дүрбөтүп, үйлөрүн таштап качууга аргасыз кылган.

Селден дүрбөгөндөр
Сел жүргөнү тууралуу кабардан улам кооптонуп, көчөгө чыгып алган адамдар. Алматы - Тараз жолунун Алматынын ирегесиндеги Иргели жана Алгабас айылдарынын тушундагы бөлүгү. 23-июль, 2015-жыл.
Селден дүрбөгөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Бул окуядан соң бүгүн эртең менен Алматыда чукул кырдаал жарыяланып, шаар бийлиги кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн эки миллиард теңге бөлгөнү кабарланды. Бул 10 миллион доллардан ашык акча болот. Алматы мериясынын маалыматына караганда, селден негизинен шаарга жакында эле кошулган Ноорузбай району жабыркады. Жапа чеккен эл убактылуу баш калка, азык-түлүк менен камсыздалды.

Селден кийин алты адам медициналык мекемелерге кайрылып, үч киши оорканага жаткырылды. Суу ташкындаган аймактан жалпысынан 900гө жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бактыга жараша, адам өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтар түшкөн жок.

Сел бул айылдардын үстүндөгү тоодогу көлдө суу ашып кетишинен чыккан. Бактыга жараша Каргалы айылынын өйдө жагындагы дамба селдин күчүн кыйла азайткан.

Суу ташкындын себептери тууралуу Ноорузбай районун акими Куаныш Кашкынбаев бүгүн эртең менен журналисттерге буларды айтты:

- Күн кескин ысышынан мөңгүлөр эрип, тоодогу көлгө агылган. Тоодо жаан да жааган. Ошентип баары кошул-ташыл болуп ушул жагдайга алып келген.

Кырсык болгон аймакта азыр Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев баштаган топ иштеп жатат. Ал аймактагы кырдаал менен таанышып чыккан соң журналисттерге маалымат берип, кырдаал калыбына келгенин билдирди. "Азыр кырдаал туруктуу, эл тынчсызданбай эле койсо болот, бардык жагдай көзмөлдө", - деп билдирди казак вице-премьери. Анын айтымында, суу ташыган учурда бийиктиги 12-15 метрге чейин чыгып, көлөмү 40 миң куб. метрге жеткен.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланып, сел алып келген чыгымдар такталууда.

Ташкында калган Карагайлы айылы
Бейшембиге караган түнү суу ташкында калган айылда бүгүн да көчө толо ылайланган суу агып жатты. 23-июль, 2015-жыл.

Ташкында калган Карагайлы айылы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG