Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

ЕАЭБге киргени казак экономикасы эңшерилүүдө


ЕАЭБге мүчө өлкө башчылары Астанадагы саммитте. 16-октябрь, 2015.
ЕАЭБге мүчө өлкө башчылары Астанадагы саммитте. 16-октябрь, 2015.

Казакстан Евразия экономикалык биримдигине кирген 2014-жылдан тарта экономикасы төмөндөп, ички дүң өнүмү эки эседей азайды.

Айрым экономикалык серепчилер мындай төмөндөөгө аталган биримдиктин тиешеси жоктугун айтса, дагы бирлери ал үчүн Евразия экономикалык биримдигин айыптайт.

Ички дүң өнүм ирденбей калды

Казакстан 2014-жылы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимге кол койгон соң экономикасы кескин ылдыйлай баштаган. Казак Экономика министрлигинин статистика комитетинин маалыматына караганда, 2013-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 243 миллиард 773 миллион долларды түзсө, 2014-жылы ал 227 миллиард 439 миллион долларга түйшкөн. Дагы бир жылдан кийин акчанын азыркы курсу менен эсептегенде ички дүң өнүм 115 миллиард 604 миллион долларга чейин ылдыйлаган. Бул эки жыл мурдагыга салыштырганда эки эседей аз.

Күнкарама майынын баасын карап жаткан аял. Орол шаары, 4-ноябрь, 2015.
Күнкарама майынын баасын карап жаткан аял. Орол шаары, 4-ноябрь, 2015.

Ички дүң өнүмдү жан башына чакканда соңку эки жылда 14 миңден 6 миң 800 долларга чейин түшкөн. Жашоо минимуму 2013-жылы 116, 2014-жылы 106, былтыр 57 доллар болгон.

Теңге менен көрсөтүлгөн маалыматта да ички дүң өнүм кыскарганын байкоого болот. Маселен 2013-жылы бул көрсөткүч 5 триллион теңгеге жакын болсо, кийинки жылы 3 жарым триллионго жакын болгон. Былтыр бир аз өсүш байкалган. Казак экономика министри Эрболот Досаевдин болжому боюнча, быйыл да ички дүң өнүмдүн жан башына бөлгөндөгү көрсөткүчү былтыркы деңгээлде, 7 миң доллардын тегерегинде болот.

"Назарбаевди орток президент кылалы"

Өлкө президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун илими кызматкери, экономист Вячеслав Додонов экономикадагы мындай төмөндөөнү мунайдын баасы арзандашы менен байланыштырат.

Вячеслав Додонов
Вячеслав Додонов

- Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги товар жүгүртүүнүн көп бөлүгү - чийки зат. Ал мунай жана башка чийки заттардын баасына көз каранды. Евразия экономикалык биримдиги бул баага таасир эте албайт. 2010-жылдары товар айлантуу көп болуп, акыркы жылдарда басаңдап калды. Бул биримдиктин мүчөлөрү менен товар жүгүртүүбүз башка өлкөлөргө караганда баары бир жакшы жанданды.

Экономисттин пикирине караганда, аталган биримдиктин натыйжасына бир-эки жылда эле баа берип коюу туура эмес, аны дагы күтө туруу керек.

Дагы бир экономист Петр Своиктин пикиринде, биримдиктеги жалпы базардын жемишин көрүү үчүн экономикадан мурда саясий интеграцияны ишке ашыруу керек.

- Саясий мейкиндиксиз эч кандай экономикалык мейкиндик болбойт. Саясий интеграция жоктугу экономикалык байланыштарда да чаржайыттыкка алып келүүдө. Бирок баары алдыда. Бизге евразиялык орток президент керек. Бул орунга Нурсултан Назарбаев татыктуу талапкер деп ойлойм, - дейт казак экономисти Петр Своик.

Эриш-аркак боло албаган ЕАЭБ

Бирок Казакстандагы азыркы экономикалык кыйынчылыктарды түздөн-түз Евразия экономикалык биримдиги менен байланыштыргандар да жок эмес. Саясат таануучу Расул Жумалы бул жагдайга биримдикте Кремлдин саясий дымагы экономикалык кызыкчылыктардан ашып кетиши себеп болду деп эсептейт.

Раусл Жумалы
Раусл Жумалы

- Менимче, Казакстандын алгач Бажы союзуна, андан кийин Евразия экономикалык биримдигине айланган бул уюмда кала бериши туура эмес чечим болгон. Бул финансы тармагына, орто жана чакан бизнеске, теңгенин курсуна терс таасирин тийгизди. Эми анын пайдасын келечекте көрөбүз деп калышты. Бул биримдикте бирдей, адилет принциптерге таянган тең даражадагы кызматташуу эрежелери эске алынбайт. Кремлдин саясий амбициясы экономикалык кызыкчылыктардан ашып кетти. Бул саясий максатта түзүлгөн уюм экени башынан эле белгилүү болчу.

2014-жылы мурдагы Бажы союзунун негизинде Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөндө Орусия, Беларус жана Казакстандын жетекчилери биримдик аймакта товар, жумушчу күчү менен капиталдын айлануусун жакшыртуу аркылуу ага мүчө өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоо максатын көздөөрүн айткан. 2015-жылы биримдикке ушундай эле максат менен Армения менен Кыргызстан кошулган.

Биримдиктин түзүлүшү Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган жылга туш келди. Андан кийин башталган Батыш өлкөлөрү менен Орусия ортосундагы “санкциялар согушу” жана түрдүү чыр-чатактар, мунай арзандашы жана ага улай рубль ылдыйлашы аталган биримдикке мүчө Казакстандын экономикасына да терс таасирин тийгизди. 2015-жылдын августунда казак теңгеси эркин коё берилгенден бери долларга карата кунун 80 проценттен ашыгыраак жоготту.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG