Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

Бозумчак: ишкана менен тургундардын талашы


Бозумчак кени
Бозумчак кени

Ала-Бука районундагы 14 үй-бүлө кен казуу иштериндеги жардыруудан улам турак жайлары бузулганын айтып, Бозумчак кенин иштеткен "Казакмыс" компаниясынан чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылышууда.

Ошол эле учурда айылга жакын аймактан тоо-кен калдыктарын төгүү үчүн компанияга 30 гектар жердин берилиши да нааразычылыктарды пайда кылды. Ал эми компания мыйзам чегинде иш алып барып жатканын айтып, жашоочуларга эч кандай жардам бере албастыгын билдирүүдө.

Ала-Бука районундагы Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Нуржамал Жакиеванын үйү Бозумчактагы кенинен анча алыс эмес аймакта орун алган. Жалгыз бой эненин турак жайы кен казуу иштериндеги жардыруудан улам жарака кетип, терезелери сына баштаптыр. Төрт баланын энеси арманын айтып отурду:

- Үйлөрүбүз жардыруудан соң жарака кетип, оңдоого болбой жатат. Шиферлер сынып, чатырынан суу өтүүдө. Жардыруу болгондо балдарыбыз коркуп, эшикке чыкканы чыгып, калганы үйдө отуруп калышат. Эртең балдарыбыз ооруп жатып калса, эч ким карабайт. Кайра-кайра айтып эле келатабыз эч кандай жыйынтык жок. Арыз жазып калтыра беребиз, кайда кеткени кабары жок. 1 жылдан бери эч ким кабар албай да койду.

Бозумчак кенине жакын айыл тургундары менен ишкананын ортосунда буга чейин да талаш-тартыштар болгон.
Бозумчак кенине жакын айыл тургундары менен ишкананын ортосунда буга чейин да талаш-тартыштар болгон.

Нуржамал сыяктуу айылда 13 үй-бүлө жардыруунун кесепетинен жабыр тартып жаткандыктарын билдирип чыгышты. Айыл тургундарын башка аймакка көчүрүү жана жардыруунун кесепетин азайтууну талап кылган жашоочулардын кайрылуусу жыл сайын тийиштүү тараптарга жолдонуп келет. Бул багытта айыл тургуну Абдумалик Тажибаев мындай дейт.

- Бир топ жолу кайрылуу жолдодук. Айыл өкмөткө, жергиликтүү депутаттарга, район бийлигине кайрылдык. Келишет дагы сүрөткө тартып кетишет, ошол бойдон дайыны билинбейт. Кимге кайрыларыбызды да билбей калдык. Бир нерсе деп айтсаң эле чоңдордун баары “Казакмыс” компаниясынын тарабын талашып сүйлөйт экен. Компания "силер турак жайыңарга ээлик кылгыла, бул жер мамлекеттин жери" деп баш тартып койгон.

Мындан сырткары август айында ушул айылдын жанынан Бозумчак компаниясына 30 гектардан ашык жер тилкеси калдыктарды төгүү үчүн ажыратылып берилген. Тоо-кен калдыктарынын мында төгүлүшүнө айылдыктар да нааразычылык билдирүүдө.

- Бул аймак бизге жакын. Ишкана калдык төгүү үчүн деп ушул жерди беришти. Эл менен чечишпей бул аймакты жергиликтүү депутаттар берип жиберишиптир. Эми бул жакка калдыктар төгүлсө, жамгыр жааганда эзилип ушул агын сууга түшөт. Аны биз колдонобуз. Компаниянын акчасы көп экен, сатып алып коюптур. Эми бул жерде бизде кандай жашоо болот, билбейбиз.

60тан ашык киши жашаган Жалгыз Өрүк айылы кен иштеткен аймакка жакын жана ал көчүрүп чыгарууга тийиш болгон санитардык зонага кирет. Айыл өкмөт башчысы Жанышбек Умаров бул маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш деп эсептейт.

- Мурда да бул багытта бир топ маселе көтөрүлгөн. Айылдыктарды ээн талаага көчүрөлү десе алар инфраструктура жок деп көнбөй коюшкан. Кийин адистер менен компания өкүлдөрү болуп тактап чыктык. Булар жашаган аймак кызыл линияга кирбейт экен. Ошол себептүү "Казакмыс" аларга компенсация төлөп бере албайт. Анан мен буларга мыйзам аркылуу үйүңөр жарылып жатса, тийиштүү органдарга кайрылып, сотко бергиле деп билдирдим. Ал эми тургундардын саламаттыгы биздин көзөмөлдө турат.

Бозумчак
Бозумчак

Бозумчак кенин казакстандык "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип, быйыл август айында анын фабрикасы ишке берилген. Көк-Таш айыл өкмөтүнө быйыл 9 айдын ичинде 28 млн. сом салык төлөгөн.

Мындан сырткары аймактагы социалдык маанидеги маселелерге да көмөк берип келет. Ал эми 30 гектар жер аянты мыйзам чегинде такталгандан кийин берилгенин айыл өкмөт башчысы билдирүүдө.

Ал эми "Казакмыс" компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Бакай Самыйбеков компания мыйзам чегинде иш алып барууда деген пикирин билдирди.

- Буга чейин аталган айылдын жашоочуларынан бир топ арыздануулар болгон. Мамлекеттик комиссия, жергиликтүү адистер карап чыгышып, алар кызыл линияга кирбей тургандыктарын аныкташкан. Ошол себептүү компания аларга кандайдыр бир каражат бөлүп бере албайт. Биз аларга түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп турабыз. Ал эми 30 гектар жер тилкеси боюнча калдыктар төгүлчү жайды кеңейтүү максатында ушул кадамдар болду. Булардын баары тийиштүү жетекчилердин уруксаты менен жүрүүдө. Компания эч кандай мыйзам бузуучулукка барган жок деп эсептейбиз.

Жалал-Абад облусунда тоо-кен байлыктарын казууда жана изилдөөдө Геология жана жаратылыш ресурстар агенттиги аркылуу 170тен ашуун фирма уруксат алган. Анын ичинен 62и алтын казып алууга, 37си геологиялык чалгындоого, 28и карамай, газ, 32и көмүр казып алуу, 31и ташты кайра иштетүү жана төртөө туз казып алууга лицензия алышкан.

Бозумчак жез-алтын кени Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кору бар.

XS
SM
MD
LG