Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Жалал-Абад: Бозумчакка кеткен жол ачылды


Жол тоскон жергиликтүү тургундар, Көк-Серек айылы, 24-июль, 2015
Жол тоскон жергиликтүү тургундар, Көк-Серек айылы, 24-июль, 2015

Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары 24-июлда Ала-Бука - Көк-Таш жолун бууп салышкан. Бүгүн сүйлөшүүлөрдөн кийин эл жолду ачууга макул болду.

Нааразылыкка чыккандар аймакта иштеген Бозумчак кени элдин талабын аткарбай жатканын айтышат.

25-июлда жол тоскондор менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жолугушуп, 2 саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң эл жолду ачууга макул болду. 28-июлда кенди иштеткен компания коомдук угуу өткөрүп, анда элдин талаптары жана компания аткарган иштер талкууланат.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундардан атайын комиссия да түзүлөт. Бозумчакка кеткен жол кечээтен бери жабык турган болчу. Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү бул атайын топ тарабынын жасалган чагым деп баалоодо.

Кенге жакын жайгашкан Көк-Серек айылынын тургундары 15 күн мурда “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясына “бузулган көпүрөнү оңдогула, иш менен камсыз кылгыла" өңдүү бир нече талаптарын айтып кайрылышкан. Мурда маалымдалгандай, айыл тургундары кенди иштеткен компания талаптарды аткарбаса, жол кайрадан бууларын эскерткен. Айыл жашоочусу Бекболсун Кутуев "Азаттыкка" буларды айтат:

- 15 күн мурда компанияга талаптарды жазып кайрылганбыз. Алардан эч кандай жооп болгон жок. Айылдагы унаа өткөн көпүрөнү сел алып кетип, азыр машиналар сай аркылуу кыйналып каттап жатат. Аны да карап коюшкан жок. Башка аймактан жол салабыз деп эки жыл мурда айтышкан, ал да азыр аткарыла элек. Оор жүк ташуучу техникалары жолдон өтүп, кээ бир үйлөрдү жарактан чыгарууда. Ага эч кандай компенсация берген жери жок.

Кутуевдин айтымында “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясына ушул тапта 20% жетпеген гана айылдыктар жумушка алынган.

“Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жайыл Дадиев жол тосуп, митингге чыккандардын талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин жана тургундарды кимдир бирөө үгүттөп жатканын айтат.

- Жергиликтүүлөрдүн 70% иштесин деген келишим жок, биз башында 30% гана деп түзгөнбүз. Учурда ага карабай кен казган компанияда жергиликтүү калктын 46% иш менен камсыз болгон. Анын 97% кыргыздар түзөт. Башында биз айланма жол куралы десек, айылдыктар биз аркылуу өтсүн деп каршы болушкан. Эми макул, жолубуз ушул жак менен өтөт экен деп социалдык жактан жардам берип жатсак, алар көзгө көрүнбөйт да, андыктан башка талаптарын айтышууда. Айылдын инфраструктурасын оңдоого биз жыл сайын каражат болуп, жылына эки жолу эл менен коомдук угууларды өткөрүп турабыз. Экологиялык маселе боюнча бизде атайын көз карандысыз адистер бар, алар көзөмөлдөп турушат.

Бозумчак кенинде иштеген оор жүк ташыган техника Көк-Серек айылын аралап өтөт. Компания жыл сайын бул айылдагы долбоорлорго алты миллион сомдой каражат бөлүп, эки тараптуу меморандумдун негизинде иштеп жатканын айыл аймак башчысы Камчыбек Исраилов белгилейт.

- Компания коңшу Көк-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан. Биздин аймакта болгону кампалары гана бар. Негизи биздин жолдон гана өтөт. Алар жаңы эле киреше таба баштаганда асфальт төшөөгө мүмкүнчүлүк жок деп атышат. Жылына алар менен меморандум түзүп, 5-6 миллион сомдой жардам көрсөтүшөт. Быйыл оорукананын имаратын оңдоп, бала бакчаны да капиталдык ремонт жасап беришти. Жолду алар карап эле турушат, жылына 60 миң доллардай каражат сарпташат. Негизги проблема бул жерде кенге жумушка алуудан чыгып жатат.

Жол тоскондор менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, алардын талаптарын укту. Бирок алар бир мунасага келе алышкан жок. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жергиликтүү тургундардан түзүлгөн топ жагдайды териштирип чыгарын айтат.

- Алар менен район акими сүйлөштү, алардын талаптарын укту. Жергиликтүү тургундардан, райондук администрациядан турган атайын топ түзүлүп, жагдайды жеринде иликтеп чыгуу боюнча келишип жатышат. Буга чейин компанияда иштеп, спирт ичимдиктерин ичип алып, ызы-чуу салганда аларды бошотуп жиберген экен. Алар бүгүн нааразы болуп атышат. Бардык жагдайларды карап чыгышыбыз керек.

Премьер-министр Темир Сариев жума күнү Бозумчак кенине нааразы болуп жол тоскондорго көңүл буруп, тиешелүү органдарга тез арада жолду ачууга тапшырма берди. Өкмөт башчы жол тосуу өнөкөтүнөн арылуу керектигин айтып, саналуу кишинин таарынычынан улам бүтүндөй комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратуу туура эместигин белгиледи.

“Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясы Жалал-Абадда 2008-жылдан тарта иштеп келет. Анын жетекчилиги Бозумчактагы фабрика эки жыл мурда ишке кирет деп айтса дагы расмий ачылышы боло элек. Компания Бозумчак тоо-кенин иштетүү боюнча 260 гектардан ашуун жер аянтын иштетүү үчүн кыргыз өкмөтү менен 19 жылга келишим түзгөн. Учурда тоо-кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта 630 адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG