Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Сыртка агылган алтын, алынбаган салык


Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кени. Буга чейин жергиликтүү эл аталган кендин кум-ташын сыртка ташып атат деген жүйө менен кытай компаниясына каршы чыккан. 2011-жыл.
Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кени. Буга чейин жергиликтүү эл аталган кендин кум-ташын сыртка ташып атат деген жүйө менен кытай компаниясына каршы чыккан. 2011-жыл.

Жогорку Кеңеште түстүү металл кендеринин чийки затын өлкөдөн сыртка чыгарууну көзөмөлдөө маселеси көтөрүлдү.

Өлкөдөгү түстүү металл кендерин иштеткен компаниялардын алтын кошулмаларын экспорттоого төлөм киргизүү боюнча токтом эмнеге ушуга чейин аткарылбаганы парламентте кабыргасынан коюлду.

Экономика министрлиги ага экспорттук төлөм киргизүү инвесторлордун кызыкчылыгына доо кетирип, соттук териштирүүгө алып келет деп кооптонууда. Ала-Букадагы Бозумчак алтын кошулмасы бар жез кенин иштеткен “Казакмыс” компаниясы жезди Кыргызстандын ичинде иштетүү мүмкүн эмес деген негизде кошулма тектерди Казакстанга алып чыгып, иштетүүгө уруксат ала албай жатканын билдирди.

Алтын кошулмасын ташып кетүүнүн таржымалы

Алтын кошулмалары бар түстүү металл кендерин иштеткен компаниялардын чийки затты сыртка чыгарып кетүүсүн көзөмөлдөө маселеси парламентте кызуу талкууланды.

Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.
Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.

2012-жылы Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кенинен кытайлык “Кайди” компаниясы 2500 миң тоннага чукул кошулманы сыртка чыгарып кеткен. Буга нааразы болгон жергиликтүү калк компаниянын ишин токтотуу талабы менен чыккан.

Мындан сырткары Чаткалдагы жана Ала-Букадагы алтын кендерин жеринде иштетүү өзүн актабайт деген негизде алтын кошулмалары бар чийки зат сыртка ташылып турган. Бирок кайсы компания канча өлчөмдө кен тектерин сыртка чыгарып кеткени боюнча расмий маалымат жок. Буга байланыштуу 2012-жылы парламент кен тектерин сыртка ташууга экспорттук төлөм киргизүү демилгесин көтөргөн.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова мына ошол токтом эмнеге ушул күнгө чейин аткарылбай жатканына кызыкты:

- 2012-жылы 12-ноябрда сиз парламентке келип суранганда алтын кошулмасы бар кен тектерин экспортоо боюнча токтом кабыл алып берген элек. Бирок ушул күнгө чейин мына ошол мурдагы эле лицензиялык келишим боюнча иш жүрүп жатат? Эмнеге мына ошол токтомдун талаптары аткарылбайт? Сиз азыр фабрика салынганга чейин мына ошол эски тартипте иш болот деп жатасыз. Бирок ага чейин чет элдик компаниялар алтын кошулмаларын ташып кетип жатпайбы. Жок дегенде аны сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салып койсок болот беле?

"Казакмыстын" жүйөсү

Кыргызстандагы Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс” компаниясы быйыл кенди иштетүү фабрикасын куруп бүткөн. Парламентте компания чийки затты жез деп каттоого алып, сыртка чыгарып кетүүгө аракеттенип жатканы айтылды. Бул боюнча “Казакмыс” компаниясы Экономика министрлигинен уруксат сураган. Бирок тараптар бул боюнча бир чечимге келе элек. Анткени чийки заттын курамынын 26 пайызы таза жез болсо, 26 пайыздан көбүрөөгүн жез-алтын кошулмасы түзөт.

“Казакмыс” компаниясынын директорунун коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Жайылбек Дадиев ишкана жезди сыртка ташып иштетүүгө мажбур экенин айтты:

Ала-Букада кен казган компаниянын техникалары.
Ала-Букада кен казган компаниянын техникалары.

- Кыргызстанда жезди өндүрүп чыгара турган завод да, мүмкүнчүлүк да жок. Мына ошондуктан биз аны Казакстанга, Балхашка алып барып андагы заводдон иштетип чыгарууга аргасызбыз. Бул жерде бизде болгону байытуу фабрикасы эле курулду. Анан эми ал жерден кен тектери кум түрүндө эле алынат. Аны бөлүп алуу үчүн мына ошол заводго алып баруу керек. Андай технологиясы бар заводдор Казакстан менен Орусияда гана бар. Албетте бул жерден жез кошулмасы деп эле чыкпайт. Анын курамында жез, алтын жана күмүш болушу мүмкүн. Анан мына ошого карата биз салык жана бажы төлөмдөрүн төлөйбүз. Ал үчүн Кыргызстанда заманбап атайын лаборатория болушу кажет.

Өкмөт буга чейин аталган кен казуучу компанияга чийки затты сыртка чыгарбай жеринде иштетүү сунушун киргизген. Ага ылайык байытуу фабрикасы менен кошо жезди иштетүү өндүрүшү жолго коюлушу керек эле. Бирок инвестор аны куруунун наркын кымбат баалаган.

Ошол эле кезде экономика министри Темир Сариев чийки затты сыртка чыгарууну чектөө же экспорттук төлөм киргизүүгө болбой турганын парламентте мындайча белгиледи:

- Экспорттук пошлина киргизүү боюнча сунуш болгон. Бирок ал парламенттин комитетинде каралганда инвестор тарап бул туура эмес болуп калат дегенден улам ал жерде фабрика курулганга чейин экспорттук төлөм киргизбөө чечими болгон. Азыр чийки затты сыртка ташууга тыюу сала албайбыз. Анткени ал эл аралык келишимдерге каршы келип калат.

Геология агенттигинин мурда чыккан маалыматында Бозумчак алтын-жез кениндеги алтындын курамы 68 пайыздан 91 пайызга чейин деп көрсөтүлгөн. Андан жылына 7 миң тонна жез жана 35 миң унций алтын өндүрүлөрү болжолдонууда. Бозумчак алтын-жез кени 2015-жылы толук ишке кирмекчи.

XS
SM
MD
LG