Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Иран менен келишүү мөөнөтү келип калды


2-апрелдеги баштапкы макулдашуунун шарттарына ылайык, Иран уран байытуучу жабдуусу-центрифугалардын (сүрөттө) санын азыркы 19 миңдин тегерегинен 6100гө түшүрүүсү керек.
2-апрелдеги баштапкы макулдашуунун шарттарына ылайык, Иран уран байытуучу жабдуусу-центрифугалардын (сүрөттө) санын азыркы 19 миңдин тегерегинен 6100гө түшүрүүсү керек.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим түзүлүүсү талап кылынган акыркы мөөнөт жакындап калды. 30-июнду утурлай Тегеран да, Батыш өлкөлөрү да негизги талаптарын айтууда.

Иран жана дүйнөнүн алты ири державасы буга чейин мерчемдешкендей, Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык макулдашуу быйыл 30-июнга чейин түзүлүш керек.

Иран, АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франциянын дипломаттары буга чейин апрелде жетишилген баштапкы макулдашуунун шарттарына таянуу менен жыйынтык келишимди даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. Бирок али чечиле элек маселелер да бар.

Бул үчүн сүйлөшүүлөрдүн жогорку деңгээлдеги акыркы айлампасы апта соңунда Вена шаарында башталганы турат. Ага АКШдан мамлекеттик катчы Жон Керри, Ирандан тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф баштаган делегациялар катышмакчы.

Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы алдында Ирандан өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменейи турумун катаалдантып, өкмөткө кесип өтүүгө болбой турган “кызыл сызыктарды” бергени кабарланууда.

Жогорку лидер ушул аптадагы сөзүндө Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүн узак мөөнөткө тоңдуруу идеясын четке каккан жана эл аралык санкциялар дароо жоюлушун талап кылган. Ага катар эл аралык инспекторлор аскерий жайларга кирүүсүнө мүмкүндүк беришпей турганын дагы бир жолу ырастаган.

Аскерий делген жайлардын инспекциясы боюнча ушул эле турумун аятолла Хаменейи бир ай мурда (20-май) Тегерандагы Имам Хуссейин университетинде сүйлөгөн кезинде да билдирген эле:

- Биз аскерий борборлорубуз чет элдиктер тарабынан инспекцияланышына жол бербей турганыбызды айттык. Алар биздин өзөктүк чөйрөдө иштеген окумуштуулар менен маектешүү жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берүүбүздү талап кылып жатышат. Бул иш жүзүндө суракка алуу дегендик да. Мен буга жол бербейм.

Иран талаштуу өзөктүк программасын, уран байытууну токтотконун текшерүүгө мүмкүндүк берилиши - Тегеран менен келишим түзүүчү алты держава, өзгөчө Батыш мамлекеттери талап кылган маселе. Башкача айтканда, эл аралык инспекторлор Ирандын өзөктүк жайларын каалаган учурда текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 22-июнда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен кездешкен соң буларды айтты:

- Франция келишимди каалайт, бирок жаман эмес, ишенимдүү келишимди. Ишенимдүү келишим деген эмне? Бул келишим түзүлгөн мөөнөт ичинде Ирандын өзөктүк изилдөө жүргүзүү жана программасын өнүктүрүү потенциалын чектеши. Бул - текшерүүнүн күчтүү механизми. Ал зарыл болсо аскерий жайларды текшерүүнү да камтышы керек. Эгер Иран карым-катнашты бузса, биз санкцияларга автоматтык түрдө кайта ала турган болушубуз керек. Мунун баары аймактык коопсуздук жана өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө үчүн зарыл. Франция мына ушул турумду карманат.

Ирандын тышкы иштер министр Мохаммад Жавад Зариф болсо Венадагы сүйлөшүүлөрдүн келечегин саясий эркке байланыштырды. Анын көз карашында, эгер “азыркы реалдуулукту эске алган саясий эрк болсо”, Иран менен дүйнөнүн алты державасы жыйынтык келишимге мерчемделген акыркы мөөнөткө чейин же андан бир нече күндөн кийин жетише алат.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 24-июнда билдиргендей, Иран дүйнөнү канааттандырып, өзөктүк программасы толугу менен тынчтык максатты гана көздөй турганын көрсөтө алар-албасы алдыдагы күндөрү айкын болот.

Керри жана Зариф Женевада жолуккан кез. 30-май, 2015-жыл.
Керри жана Зариф Женевада жолуккан кез. 30-май, 2015-жыл.

Керри белгилегендей, эгер Иран али чечиле элек маселелерге оң жооп бербесе, келишим түзүлбөй да калуусу мүмкүн. Керри 16-июнда алдыдагы сүйлөшүүлөрдү мындайча баалаган:

- Сүйлөшүүлөр катаал болот. Алар абдан маанилүү, мен такай айтып келгендей, биз келишим үчүн келишимге шашпайбыз. Иш жасалды деп эсептемейинче, келишимге кол койбойбуз.

Сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасын утурлай АКШда мурда коопсуздук чөйрөсүндө чоң кызматтарда, анын ичинде президент Барак Обаманын биринчи мөөнөтүндө иштеген мурдагы расмий адамдардын тобу администрацияга ачык кат менен чыгышты. Алар администрацияны Иран менен келишимди баштапкы макулдашуудан катаалыраак түзүүгө чакырышты.

Мурдагы коопсуздук өкүлдөрүнүн пикиринде, баштапкы макулдашуунун шарттары “Иран өзөктүк курал потенциалына ээ болушун алдын албайт, ал Ирандын өзөктүк инфраструктурасын жоюуну талап кылбастан, болгону ондон он беш жылга чейин гана чектейт”.

АКШда буга чейин эгер Иран менен мунаса табылып, жыйынтык келишим жетишилсе, санкцияларды жоюудан мурда Конгресске келишимди бир ай ичинде кайра карап чыгууга укук берген мыйзам да кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG