Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:04

Тажикстан Иранга таарынды


Мухиддин Кабири Ирандагы эл аралык жыйында.
Мухиддин Кабири Ирандагы эл аралык жыйында.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири менен жолугушканы кабарланды.

Буга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Ирандын элчиси чакыртылып, ага эл аралык издөөдөгү оппозициялык саясатчыны кабыл алууга байланыштуу расмий Дүйшөмбүнүн Тегеранга нааразылык нотасы тапшырылды.

Эл аралык издөөдөгү Мухиддин Кабири Тегеранда сый конок

Ирандын маалымат каражаттары руханий лидер аятолла Али Хаменеи 29-декабрда Тегеранда болгон “Ислам биримдиги” деген аталыштагы эл аралык жыйындан соң Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири менен жолукканын жазып чыгышты. Бул партиянын ишмердигине Тажикстанда тыюу салынып, анын жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланган болчу. Ирандын “Фарс” маалымат агенттиги Хаменеи менен Кабиринин кол алышып, көрүшкөн учурун чагылдырган сүрөтүн жарыялады. Бул агенттик Мухиддин Кабири мурдагы жылдары бул эл аралык конференцияга ээн-эркин келип кетсе, бул жолу анын партиясына тыюу салынгандыктан “өзгөчө” коноктордун тизмесинде болгону тууралуу кыскача гана маалымдаган.

Расмий Дүйшөмбү ачуусун жашыра албады

Бул окуяга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин чакырып, ага нааразылык нотасын тапшырды. Анда Тажикстанда куралдуу төңкөрүш жасоого аракеттенгени үчүн кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган экстремисттик партиянын башчысын Тегерандагы жыйынга чакырууга байланыштуу нааразылык айтылган. Ошондой эле документте мындай кадам Иран менен Тажикстандын ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизиши мүмкүн экени эскертилген. Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчи орун басары Сайфулло Сафаров Иран бийлигинин Кабирини кабыл алуусуна төмөндөгүчө комментарий берди:

- Иран өзүнүн бир жактуу тандоосун жасоого тийиш. Ал терроризм менен биргеби же Тажикстан мененби? Эгерде ал террористтер менен кызматташкысы келсе, ал анын тандоосу. Бирок Тажикстан менен кызматташа турган болсо, анда ал терроризмге каршы турушу керек.

Буга чейин Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы дин иштер боюнча комитети бул окуяга байланыштуу билдирүүсүн жарыялаган. Анда бул комитеттин диний экспертиза жана анализ башкармалыгынын башчысы Абдугаффор Юсупов Иран бийлиги “Ислам биримдиги” деген аталыштагы бул эл аралык жыйынга Тажикстанда тыюу салынган экстремисттик партиянын башчысын чакырганына ачууланганын билдирген. Тегеранда ачылган бул жыйында Ирандын президенти Хасан Рoухани да чыгып сөз сүйлөгөн. Бул жыйынга Тажикстандан дин иштери боюнча комитеттин жана ислам таануу борборунун жетекчилери катышкан. Билдирүүдө “Иран Тажикстанды диндеш жана бир маданияттагы бир тууган өлкө катары айтып келет. Андай болсо анын бир тууган мамлекеттин мыйзамын жана позициясын сыйлабаганын кандайча түшүнүүгө болот” деп айтылган.

Быйыл 29-сентябрда Тажикстандын Жогорку Соту Ислам кайра жаралуу партиясын экстремисттик жана террористтик уюм катары тааныган. “Мына ошонун бардыгын билип туруп, Иран бийлиги Мухиддин Кабирини Тегеранга эл аралык конференцияга чакырган” деп айтылат тажик тараптын атайын билдирүүсүндө. Тажик бийлиги соңку жылдары өлкөдө болгон куралдуу кагылышууларды уюштуруунун артында Ислам кайра жаралуу партиясы турат деген кине коюп келген. Мына ошондуктан бул партиянын ишмердигине тыюу салынып, анын тарапкерлерине карата куугунтук күчөгөн.

Азыркы учурда Тегеран шаарында “Ислам биримдигинин” 29-эл аралык жыйыны “Ислам дүйнөсүнүн алдында турган чакырыктар” деген ураан астында өтүп жатат. Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири жылда өтчү бул эл аралык конференцияга катышуучу катары чакырылган. Буга чейин аны Тажикстандын укук коргоо органдары издеп жүрүшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG