Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:47

Көлндө аялдарга мигранттар кол салган


Көлндөгү нааразылык акциясы. 9-январь, 2015-жыл.
Көлндөгү нааразылык акциясы. 9-январь, 2015-жыл.

Германиянын Көлн шаарында аялдарга кол салгандардын дээрлик баары мигранттар экени аныкталды. Мындай бүтүмгө Германиянын аймактык бийликтери келүүдө. Аялдарга мигранттар ыдык көрсөттү деген шек менен иликтөө иштери Швецияда да башталды.

Германиянын Көлн курамына кирген Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин ички иштер министри Ральф Рейгер шаардын борборунда жаңы жыл түнү болгон окуялар боюнча иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгын дүйшөмбү күнү аймактык парламенттин кезексиз жыйынында жарыялады.

Аймактык министрдин ырастоосунда, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана полициянын иликтөөлөрү жаңы жыл түнкү кылмыштардын дээрлик баары келгиндер тарабынан жасалганын көрсөтүүдө. Жалпысынан полицияга 500дөн ашуун арыз түшкөн.

Арыз ээлеринин 40% же 237си сексуалдык мүнөздө ыдык көргөнүнө даттанышкан. Жабырлануучулардын айрымдары тонолгонун, денесине залака келгенин билдиришкен.

Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин ички иштер министри Ральф Рейгер аймактык парламентте көрсөтмө бергенден кийин кабарчыларга буларды айтты:

- Бул кызматтагы полицейлердин эмес, полиция бийликтеринин катачылыгы. Алар жаңы жыл түнү мүмкүн болгон кошумча күчтү сураш керек эле. Кырдаал муну талап кылганда бул иш жасалган эмес. Министрликте биз сынга алган экинчи нерсе - бул окуялардан кийин коомчулук Көлндүн полициясы бир нерсени жашырууга аракеттенип жатат деген таасирде калганы. Мындай таасир катастрофалык күчкө ээ.

Алардын баяндамасына караганда, 31-декабрдын кечинде Көлн шаарынын темир жол вокзалы жана чиркөө алдындагы аянтка негизинен теги түндүк африкалык жана араб өлкөлөрүнөн чыккан бир миңдей эркек чогулган.

Кийинчерээк алар топ-топко бөлүнүп, аялдарды тыгыз курчап, кемсинткен сөздөрдү кыйкырышкан, ага катар кол салуулар болгон.

Полиция кылмышка шектүү катары буга чейин 19 адамды аныктаган. Алардын бири да Германиянын жарандары эмес. Шектүүлөрдүн 14ү Марокко менен Алжирден чыккандар, ону качкын макамын сурап кайрылгандар. Баары Германияга 2015-жылдын сентябрынан кийин келишкен. Полициянын эсебинде, шектүүлөрдүн калган тогузу өлкөдө мыйзамсыз жүргөн болушу мүмкүн.

Полиция PEGIDAнын Көлндөгү демонстрациясын таратуу учурунда. 9-январь, 2015-жыл.
Полиция PEGIDAнын Көлндөгү демонстрациясын таратуу учурунда. 9-январь, 2015-жыл.

Аялдарга жасалган кол салуулар Германияда нааразылыктардын жаңы толкунун жаратты. Өткөн ишембиде Көлндүн өзүндө PEGIDA-Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы кыймылынын активисттери менен полиция кагылышса, ушул дүйшөмбү күнү Лейпциг шаарындагы демонстрация учурунда ашынган улутчулдар тополоң салышып, полиция 211 кишини камакка алганын маалымдады.

Жаңы жылдан бери мигранттардын өзүнө кол салынган учур да катталды. ДПА агенттигинин жазганына караганда, ушул жекшемби күнү эркектердин тобу Көлндүн борборунда пакистандык алты, сириялык бир качкынга кол салышкан.

Германиялык журналист Мариам Лау (Mariam Lau) 12-январда Financial Times гезитинде жарыяланган макаласында белгилегендей, Көлндөгү кол салуулар “немистердин толеранттуулугу үчүн аныктоочу учурду жаратууда”.

Андан бери мигранттар боюнча саясатына сын мурдагыдан да күчөгөн канцлер Ангела Меркелдин өзү дүйшөмбү күнү ишкерлер менен жолугушууда буларга токтолду:

- Биз адамдарды качкын болууга мажбурлаган себептерге каршы күрөштү күчөтүүбүз керек. Ошондо гана биз быйылкы жылы каалаган нерсебизге - мигранттардын санын азайтууга жетише алабыз. Биздин алдыбызда аларды интеграциялоо милдети да турат. Интеграциянын эң жакшы ыкмасы эмне болору жөнүндө азыр баары айтып жатышат. Көлндөгү үрөй учурган окуялардан кийин биздин билип калганыбыз - интеграция үчүн коомдун ачыктыгы зарыл. Бирок качкындар да бизди жана биздин баалуулуктарды жолдоого дилгир болушу керек.

Бул аралыкта коңшу Швецияда бийликтер мигрант жигиттер жергиликтүү кыздарга ыдык көрсөткөн деген ырастоолор боюнча иликтөө баштады.

Былтыр август айында музыкалык фестивал учурунда болгон окуянын чоо-жайын швед медиасы эми жарыялады. Полиция бул окуяны жаап-жашырган деп сындалууда.

Көлн шаарынын аэропортундагы мигранттар.
Көлн шаарынын аэропортундагы мигранттар.

Германия менен Швеция Евробиримдикке былтыртан бери агылып жаткан жүз миңдеген мигранттарды эң көп батырган өлкөлөрдөн.

Быйыл жыл башында немис бийликтери былтыр жыл ичи өлкөдө 1,1 миллион мигрант катталганын, алардын 428 миңи сириялыктар экенин жарыялаган. Швеция болсо 160 миңдей мигрантты кабыл алган. Мигранттар агымы кыштын ушул суук күндөрү да токтогон жок.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG