Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Грузия: Саакашвилинин мурасы


Грузин оппозициясы шайлоодогу жеңишин майрамдап жаткан учур. 1-октябрь, 2012 -жыл.
Грузин оппозициясы шайлоодогу жеңишин майрамдап жаткан учур. 1-октябрь, 2012 -жыл.

Грузия президенти Михаил Саакашвили партиясы парламенттик шайлоодо жеңилгенин дароо эле моюнга алды. Муну менен ал өкүлү болгон саясий күч 2003-жылдагы Роза ыңкылабынан бери биринчи ирет оппозицияга кетип жатат. Айрым байкоочулар Грузиянын соңку шайлоосун президент Михаил Саакашвилинин өлкөсүнө калтырган мурасы катары да баалашууда.

Грузиянын алдыдагы саясий багытына жол салган 1-октябрдагы шайлоого чейин көптөр добуш берүү бурмаланганы боюнча дооматтар чыгат, шайлоонун арты өз ара тирешүүлөргө, а түгүл тополоңдорго алып барышы мүмкүн деп күтүшкөн эле. Ал эми президент Саакшвили партиясынын оппозицияга утулганын таанынган учурду аздар эле элестетишкен.

Жеңишти таануу

Бирок 2003-жылдан кийин өлкөсүн пост-советтик саясий эволюциянын жаңы дооруна алып кирген грузин президенти жеңилүүнү жайдары, мындай кырдаал менен элдешкендей маанайда кабыл алды:


Саакашвили үй-бүлөсү менен добуш берүү учурунда. 1-октябрь, 2012-жыл.
Саакашвили үй-бүлөсү менен добуш берүү учурунда. 1-октябрь, 2012-жыл.
- Бириккен улуттук кыймыл эми оппозициячыл партия болот. Грузиянын толук бир кылымдык тарыхындагы эң урунтуу учур - Роза ыңкылабынын акыркы сегиз жылдагы жетишкендиктери Грузиянын тарыхы үчүн маанилүү эле эмес, бул жетишкендиктер Грузияны дүйнөнүн калган бөлүгү үчүн маанилүү өлкөлөрдүн катарына кошту. Мен ал жетишкендиктер алдыдагы айларда, жылдарда кандай коркунучка кабыларына карабай, аларды жок кылып салуу мүмкүн эместигине толук ишенем.

Саакашвили шайлоодо партиясы жеңилгенин моюнга алган телекайрылуусунда бийликке келип жаткан “Грузин кыялы” коалициясы менен алардын көз карашы, багыттары караманча-каршы экендигин кошумчалады.

Эл аралык байкоочулар грузин шайлоосун негизинен оң баалашып, саясий өнөктүк “фундаменталдык эркиндиктерге карата туура мамиле” жасалып жатканын көргөзгөнүн белгилешти.

Мыйзам боюнча Саакашвилинин экинчи президенттик мөөнөтү, келерки жылы ал 45 жашка чыкканда бүтөт.

Бирок кээ байкоочулар ал душманы, орус президенти Путиндин 2008-жылдагы этикалык жактан талаштуу, бирок саясий жактан эффективдүү ыкмасын колдонуп, президенттиктен премьер-министрдин ордуна көчүшү мүмкүн деп ойлошкон.

Грузин Конституциясына соңку ирет киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарынын көбү премьер-министрге өтөт.

Бул кызматка болсо эми шайлоодо жеңген “Грузин кыялы” коалициясынын лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили талаптанууда.

Ал шайлоодо жеңгендиги аныкталгандан кийин, шейшембидеги басма сөз жыйында президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип, шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү оң болорун белгиледи. Мунун жүйөөсү катары жаңы өкмөткө оппозицияда турган президент менен бирге иштешүү мүмкүн эместигин атаган.

Эртеси, шаршембиде Иванишвили кызматтан кетүү жөнүндөгү чакырык “ультиматум” же “саясий талап эместигин”, бул өлкө үчүн гана жакшы болорун, диалогго даярдыгын айтты.

Ага чейинки комментарийлеринин биринде Иванишвили атаандашы Саакашвилинин акыркы сегиз жылдагы кайра түзүүлөрүсүз дүйшөмбүдөгүдөй шайлоо өтүшү мүмкүн эместигин моюнга алгансыган:

- Грузин эли улуу маданиятын, улуу кеменгерлигин көргөздү. Баары эл жана өлкө муктаж болуп тургандай чечилди. Менимче, Грузиянын тарыхында бүгүн кызыктуу прецедент болду. Биздин узак тарыхыбызда өкмөтүбүздү шайлоо жолу менен алгач ирет алмаштырып жатабыз.

Саакашвилинин президенттик кызматтан кийинки пландары буга чейин да байкоочулардын көңүлүн эки-үч ирет бурган.

Башында реформачыл катары таанылган президент 2007, 2011-жылдары өкмөткө каршы демонстрацияларды күч менен кууганда авторитаризмге ыктап бара жатканы үчүн да айыпталган.

Саясий көрөгөчтүк

Кавказ боюнча эксперт Сванте Корнелл грузин президентинин саясатчы катары жөндөмү тууралуу мындай дейт:

- Сиз Миша Саакашвилини жакшы көрөсүзбү же жокпу, бул мааниге ээ эмес. Бирок менимче, сиз аны саясатчы катары баалбай койбооңуз керек. Ал саясий жактан абадан көрөгөч. Биз байкагандай, ал президенттик мезгилинде утур-утур көтөрүлүп турду. Маселен, 2007-жылдагы тополоң жана кууп таркатуулардан кийин ал иш жүзүндө кызматтан чегинип, кайра шайлоо чакырды, тобокелчиликке барып, кайра шайланды. Андан кийин 2008-жылдагы согуштун соңунан аны сызып ташташкан эле. Ал оңолду, кайра ыңгайлашты, эгер сиз коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына көңүл бурсаңыз, ал согуштан кийинки бир-бир жарым жылдагыдай популярдуулукка эч убакта жеткен эмес.

Кавказ боюнча дагы бир эксперт Томас де Ваал да шайлоо алдындагы макаларынын биринде президенттин алгачкы жылдардагы чечкиндүү реформаларын, полицияны тазалаганын, коррупцияны азайтканын, чет элдик инвестицияны көбөйткөнүн эске салып, эгер ал бийликтен азыр же жакын арада кетсе, тарыхтын Саакашвилиге чыгарылуучу өкүмү кыйла адилет болорун жазган.

Байкоочулардын баамында, Саакашвилинин мурасы мындан аркы жараяндар аркылуу да байышы мүмкүн.

Грузияда бийликтин бир күчтөн экинчи күчкө саясий тынч жол менен өтүшү камсыздалды.

Эмки маселе - бийликке жаңы келип жаткан “Грузин кыялы” коалициясы алдыда жетектөөчү саясий күч катары кармалып калаар-калбасында.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG