Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ачылбаган "Ачык асман"


"Эйр Кыргызстандын" Курманжан датка атындагы Боинг–737-300 учагы, "Манас", Бишкек, 12.02.2014.
"Эйр Кыргызстандын" Курманжан датка атындагы Боинг–737-300 учагы, "Манас", Бишкек, 12.02.2014.

Кыргызстандын "Ачык асман" саясаты көптөгөн талаштардын очогу бойдон калууда. Жогорку Кеңеш жакында буга байланыштуу Аба кодексине тиешелүү өзгөртүү-толуктоолорду карай баштайт.

Быйыл авиация тармагынын кирешеси 16 пайызга же 300 миллион сомго өсөөрү күтүлүүдө. Өлкөдөгү аэропортторду иштетүүдөн 2014-жылы 3 миллиард 702 миллион сом киреше түшөөрү божомолдонууда. Аны менен бирге Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аба мейкиндигин ачууну жакында талкуулайт. Тагыраак айтканда, өлкөнүн Аба кодексине тиешелүү өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү каралат. Аталган мыйзамга ачык асман принциптери киргизилген соң, "Ачык асман" саясаты кандай формада киргизилери да такталат.

Апрелде өкмөттүн долбооруна ылайык, "Ачык асман" саясатын быйыл июнь айында ишке ашыруу "Манас" аэропорту менен Транспорт министрлигине тапшырылган. Аталган министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов "Азаттыкка" Аба кодексинде тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынмайынча "Ачык асман" саясаты киргизилбесин билдирди.

Кыргызстанга "Ачык асман" саясатын киргизүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. Буга Транспорт министрлиги жана Жарандык авиация департаменти "жергиликтүү авиаишканалардын кызыкчылыгы корголбой калат" деген жүйө менен каршы чыгып келишет. Статс-катчы Дыйкановдун пикиринде, бул саясаттан жергиликтүү авиакомпаниялар банкротко учурап калышы мүмкүн. Ошондуктан аларга көмөк көрсөтүүнүн жоболору каралышы керек.
АН–24 учагы, Жалал-Абад аэропорту, 07.03.2010.
АН–24 учагы, Жалал-Абад аэропорту, 07.03.2010.

Биздин авиакомпанияларга жеңилдик беришибиз керек. Жергиликтүү авиаишканаларды колдошубуз зарыл, – деди Дыйканов.

Айрым адистер "Ачык асман" саясаты Кыргызстандын кирешесин арбытат десе, кээ бирлери өлкөнүн аба мейкиндигин чет жактык авиаишканалар ээлеп калат деп чочулоодо.

"Кыргыз ачык асман" корунун жетекчиси Кайрат Итибаев асманды ачуунун оң жана терс тарабы бар экенин эскертти:

Кыска мөөнөттө аба мейкиндикти ачуу оң таасир бериши мүмкүн. Себеби жүргүнчүлөр билеттерди арзан баада сатып ала башташат.
"Кыргыз ачык асман" корунун жетекчиси Кайрат Итибаев.
"Кыргыз ачык асман" корунун жетекчиси Кайрат Итибаев.
Бирок анын айтымында, жергиликтүү авиакомпаниялар ири авиаташуучуларга теңеле албай, "Ачык асман" саясатынан өлкөнүн казынасы гана жапа чегиши ыктымал. Транспорт министрлигинин статс-катчысы Дыйканов дагы бул пикирди карманып келет.

"Кыргыз Концепт" компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев "Ачык асман" саясаты күчүнө кирсе, карапайым эл учурдагы авиакомпаниялардын көзүн карабай, жаңы багыттарга каттамдар ачылып, жүргүнчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деп эсептейт:

"Ачык асман" саясаты киргизилсе, атаандаштык күчөп, баалар түшөт, тейлөө сапаты жакшырат, жол кыскарат, соода жүргүзүүгө жаңы шарттар түзүлөт.

Итибаев билдиргендей, өкмөттө авиацияны түшүнө билген кесипкөй адис жок. Өкмөттүн авиацияны, жергиликтүү авиаишканаларды колдоо жана улуттук авиакомпанияны өнүктүрүүнүн саясаты жана так жол-жобосу жок. Итибаев ири чет өлкөлүк авиаташуучулар кыргыз авиация базарын ээлеп алуу коркунучу бардыгын жашырган жок.
Бишкектен тейленген багыттар картасы.
Бишкектен тейленген багыттар картасы.
Өлкөдө 17 авиакомпания катталган. Учурда Кыргызстанга 14 чет өлкөлүк авиакомпания каттайт. Жалпысынан, бардык аэропорттордон жумасына 344 каттам аткарылат. Кыргызстан 27 өлкө менен түз аба каттамдары тууралуу келишимдерге кол койгон. Авиабийликтер "Ачык асманды" бир тараптуу эмес, 46 өлкө менен гана киргизүүнү былтыр сунуштаган.

Аба мейкиндигибизди ачканыбыз менен, келерки эки-үч жылда жарандык авиация тармагынан кол жууп калышыбыз ыктымал, – деп эскертти Итибаев.

Бул пикирге Эмил Үмөталиев караманча каршы. Анын оюнда, "Ачык асман" саясаты менен бирге кыргыз авиациясында жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Ал аба мейкиндикти ачуудан чакан аэробекеттер пайда гана көрүп, өнүгөөрүн белгиледи.
"Кыргыз Концеп" компаниясынын түптөөчүсү Эмил Үмөталиев.
"Кыргыз Концеп" компаниясынын түптөөчүсү Эмил Үмөталиев.
Анткени, жергиликтүү авиакомпанияларда сунуштарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү кеңейет. Бизге жүк ташуучу учактар конуп, аба менен жүк ташуу боюнча авиатүйүн болууга шарттар түзүлөт. Биз үч-төрт авиакомпаниянын кызыкчылыгын ойлобой, элдин келечегин жана кызыкчылыгын ойлошубуз керек.

Ал эми Транспорт министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов "Ачык асман" саясатынан кандай пайда чыгаарын азырынча айтуу кыйын экендигин билдирди.

"Манас" аэропортунун жайкы жадыбалына ылайык, учурда аптасына 147 эл аралык жүргүнчү рейс каттайт. Ал эми Оштон жумасына 95 эл аралык авиакаттам аткарылат. Андан сырткары 91 жергиликтүү жана 11 жүк ташуучу каттамдар бар. Кыргызстандагы 86 авиаобъекттин ону гана иштейт. Алардын бешөө – эл аралык аэропорттор, төртөө – аймактык аэробекеттер жана бирөө – аскердик аэродром.

"Ачык асман" жабык бойдон калууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG