Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Евробиримдик Борбор Азиянын камын көрүүдө


Борбор Азиянын саясий картасы
Борбор Азиянын саясий картасы

Брюсселде Евросоюз менен Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук маселеси боюнча бийик деңгээлдеги диалогунун биринчи айлампасы өттү.

Министрлердин орун басарлары деңгээлиндеги жыйында маң аткезчилиги, терроризм, экстремизмге каршы күрөштө кызматташуу, ошондой эле 2014-жылы НАТО башындагы күчтөр Ооганстандан кеткенден кийин региондогу коопсуздукту камсыздоо проблемалары талкууланды.

Брюсселде 13-июнда өткөн жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин орун басаралары катышты. Жыйынга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссарынын орун басары Хелга Шмидт төрагалык кылды.

Анда талкуулаган маселелер маңаткезчилиги, терроризм жана экстремизмден башка да Борбор Азия үчүн химиялык, биологиялык, радиоактивдүү жана ядролук коркунуч сыяктуу жаңы апааттардын коркунучу пайда болгонун көрсөтөт. Региондогу коопсуздукту камсыздоо 2014-жылы Ооганстандан Коопсуздукту камсыздоочу эл аралык күчтөр, кыскача ISAF чыгып кеткенге байланыштуу өзгөчө актуалдуу. Себеби бир жагынан Борбор Азиянын беш экс-советтик республикасынын үчөөсү Ооганстан менен чектешет. Экинчиден, президент Карзайдын өкмөтү Ооганстанды толук көзөмөлдөбөйт жана өлкөдө орто кылымдык ислам тартибин орнотконго дилгир талибдер дале күчтүү.

Бул жөнүндө Шмидт айым “Азаттыкка” 13-июнда берген интервьюда мындай деди:

- Биз конкреттүү долбоорлорду талкууладык. Алардын ичинде, ISAF Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки жагдай бүгүнкү күн тартибиндеги маанилүү тема болду. Биздин чек ара аймагындагы кызматташуубуз, терроризмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, экстремизмге, маң аткезчилигине каршы туруу да күн тартибиндеги маанилүү суроолордон болду.

Хелга Шмидт айткандай, Евробиримдик Борбор Азия менен Ооганстандагы стабилдүүлүктү камсыздоого келерки он жылда түрдүү программалардын алкагында көмөктөшүп турат. Ал үчүн Борбор Азиянын чек арасын башкаруу программасын, Борбор Азиядагы маңзаттарына каршы күрөшүү программасын чогуу аткаруу аракетин күчөтөлү деп макулдашылды. Жыйында региондогу адам укуктарынын абалы да талкууланды.

- Адам укуктары күн тартибинин чордонунда турду, - деп билдирди Шмидт айым. - Маселен, биз терроризм проблемасын талкуулаганда, биз үчүн контр-террордук иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүшү жана улуттук азчылыктардын укуктары диний эркиндик сыяктуу эле урматталыш керек экени айкын. Бул өтө маанилүү маселеге бүгүн биз көңүл бурдук. Терроризм менен социаладык-экономикалык өнүгүүнүн гана эмес, радикализмдин өсүшүнүн түздөн-түз байланышы бар. Улуттук азчылыктарды сыйлоо, диний эркиндик радикалдашуу коркунучун азайтат.

Хелга Шмидттин сөзүнө караганда, Кытай менен Орусияны да Борбор Азияга мүмкүн болчу коркунучтар жаратчу бейстабилдүүлүк кооптондурат. Евробиримдик айтылган коркунучтардын алдын алуу үчүн Кытай жана Орусиядан башка да АКШ, Түркия сыяктуу өнөктөштөрү менен Борбор Азиянын экономикалык өсүшүнө, стабилдүүлүгүнө жардамдашуу зарыл деп эсептейт.

Брюсселдеги жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрнис Оторбаев да катышты. Ал ырасмий маалымдалгандай, Борбор Азиядагы кырдаалга маңаткезчилиги, арам акчаларды адалдаштыруу сыяктуу эл аралык деңгээлде уюшкан кылмыштуулук коркунуч туудурганына, бул ишке таасирлүү адамдар, анын ичинде тартип коргоо органдары аралашканына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG