Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Дамаскта соккудан карапайым кишилер мерт болду


Сириянын өкмөттүк армиясы Дамасктын жанындагы базарга ракеталардан сокку урганда 90го чукул киши набыт кетип, кеминде 200 киши жарадар болгонун укук коргоочулар менен куткаруучулар билдиришти.

Сириядагы кырдаалга байкоо салган Лондондогу укук коргоочу уюм ырастагандай, Башар Асаддын өкмөтүнө баш ийген күчтөр козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына 16-августта 10 жолу абадан чабуул койгон. Козголоңчулар ээлеген аймактарда иш алып барган топтун байкоочулары өлгөндөрдүн көбү жайкын тургундар дешет. Биринчи ракета атылган кезде базарда кымгуут соода жүрүп жаткан кез болчу.

Активисттер интернетке жайгаштырган видеодо соккунун кесепеттери тартылган. Тасмада ураган тамдарды, күбүлүп калган терезелерди, аңтарылып талкаланган машинелерди көрсө болот.

Рейтер агенттиги Сирия куралдуу күчтөрүндөгү булактарга таянып билдиргенине караганда, аскерлер "Ислам армиясы" деген козголоңчулардын Дума жана Харас шаарчаларындагы кеңселерин бутага алышкан.

Күбөлөр Думадагы оорукана жарадарларга толуп калганын, тез жардам машинелери тынбай келип жатканын соккулардан кийин айтып беришкен. Дарыгерлер мечиттер аркылуу кан тапшырууга үндөп жатышты.

Бир нече күн мурун "Эмнести Интереншнл" укук коргоо уюму президент Асаддын өкмөтү Дума шаарчасынын ар тарабын бомбалап, камоолго алуу менен согуш кылмыштарына барып жатканын эскерткен.

Ал тапта Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам агенттигинин жаңы жетекчиси Стефен Обрайн Дамаскта Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдү.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, дипломат тышкы иштер министри Валид Муаллем менен кездешүүдө согушка баткан өлкөгө гуманитардык көмөк берүү үчүн Сирия өкмөтү менен иштешүүгө даярдыгын билдирди.

16-августтагы чабуул алдында болсо чыгыш чөлкөмдө ок атышпоо макулдашуусу үзгүлтүккө учурады.

Өкмөттүк күчтөр жана өнөктөш ливандык "Хезболла" тобу менен козголоңчулар 12-августта Забадани шаарынын айланасында ок чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө сүйлөшкөн. Бирок тараптар туруктуу элдешүү боюнча мунаса таба алышкан жок.

Көтөрүлүшчүлөрдүн атынан сүйлөшүүлөргө катышкан "Ахрар ал-Шам" тобу аскердик аракеттерди кайра башташканын билдирди. Маалыматтарга караганда, козголоңчулар ал-Фуа шаарын аткылоого алышты.

"Хезболланын" ал-Манар телеканалы өз булактарына шилтеп кабарлагандай, ок атышпоо боюнча соңку келишимге жетишилбеген соң козголоңчулардын Забаданинин жанындагы турумдарына сокку урулду.

Баш калаа Дамаск жана Ливан менен чек арага жакын жерде орун алган бул чөлкөм президент Асад үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү.

Беш жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш Сирияда 250 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды, бери дегенде элдин бир миллиону жарадар болду.

XS
SM
MD
LG