Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Иран Сирия жаңжалында ортомчу болууга дилгир


Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Амир Абдоллганы
Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Амир Абдоллганы

Иран Сирияда тынчтыкты орнотуу планын чукул арада Бириккен улуттар уюмуна берет. Бул жөнүндө 5-августта расмий маалымдалды.

Иран Сирияда акыркы төрт жылдан бери жүрүп жаткан ич ара согушта Сирия президенти Башар Асаддын режимин Орусия сыяктуу эле колдоп келет.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Амир Абдоллганынын 5-августта билдиришинче, тынчтык планы Бириккен улуттар уюмуна жөнөтүлгөндөн мурда, аны Иран жана Сирия өкмөттөрү макулдашат. Ал пландын мазмуну жөнүндө маалымат берген жок.

Бул күнү президент Хасан Роухани Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем менен Тегеранда өткөн жолугушууда Сирияда тынчтык орноосу үчүн Иран бардык саясий кубатын колдонорун айткан.

Береги тынчтык планы Тегеран былтыр БУУга киргизген сунушка негизделиши мүмкүн. 2014-жылкы сунуш Сириядагы жоолошкон күчтөрдү токтоосуз элдешүүгө, улуттук биримдик өкмөтүн курууга, улуттук азчылыктардын укуктарын Конституцияга жазууга жана эл аралык байкоочулардын көзөмөлү астында жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө чакырат.

Тегеран “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу же, арабча атаганда, ДАИШке каршы согушта башка өлкөлөр менен кызматташууну каалаганын да жарыя кылды. Расмий маалымдалгандай, 5-августта Хасан Роухани Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганга телефон чалып, Ирактагы жана Сириядагы жихадчыларга каршы чогуу күрөшүүнү сунуш кылган. “Региондогу коркунучтуу жагдай тыгыз кызматташууга түртөт”, - деген Роухани. Иран бирок Анкара чабуулду Багдад жана Дамаск менен координациялап турушу зарыл деп эсептейт.

Сирия президенти Башар Асаддын экинчи ишенимдүү союздашы Орусия да ДАИШке каршы жаңы коалиция түзгөнгө далбас урууда. “Коммерсант” басылмасынын жазышынча, Кремлдин планы боюнча коалицияга Сирия жана Ирак армиясына катар күрт күчтөрү, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн аскерлери кирүүгө тийиш.

4-августтан бери Тегеранда Сирия, Иран жана Орусиянын мартабалуу дипломаттары Сириядагы жаңжалды дипломаттык жол менен жөндөө жолун сүйлөшүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы негизги оюнчулар ДАИШти жок кылууда максатташ болушканы менен Сириянын келечеги боюнча ар башка көз карашта. Ушундан улам күрөштүн жалпы стратегиясы жок.

Москва Тегеран сыяктуу эле Башар Асаддын өкмөтү менен кызматташуу керек дейт. Москванын позициясын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-августта Катарда болгон кезде мындай деп түшүндүргөн:

- Биз бул чатакта Сирия элинен бөлөк эч кимге түздөн түз жардам бербейбиз. Ушул чакта ДАИШ бул өлкөгө (Сирияга), Иракка жана жалпы Жакынкы Чыгышка чоң коркунуч жаратууда. Ырас, Сирия өкмөтүн, ошондой эле Ирак өкмөтүн бул коркунучка каршы согушта аскердик-техникалык жактан колдоп жатабыз.

Сергей Лавров 5-августта Куала Лумпурда АКШ мамкатчысы Жон Керри менен жолуккандан кийин эки тарап тең жихадчыларга каршы согушууда орток пикирге келишпегенин, бирок сүйлөшүү улантыларын билдирди.

Ал эми Анкара менен Вашингтон Асад бийликтен кетиши зарыл деген көз карашта. АКШнын позициясы тууралуу акрыкы жолу 3-августта Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест мындай деген:

- Сирияда узак өкүм сүргөн саясий хаос өлкөдө ДАИШ өңдүү экстремисттик уюмдардын терең тамырлоосуна мүмкүндүк берди. Биз жаңжалды басуу үчүн ДАИШти кыйратып, биротоло жок кылышыбыз керек. Бул проблеманы узак мөөнөткө чечүү үчүн Сирияда саясий алмашуу болушу керек.

5-августта Сириянын ал-Кариатайн шаары да ДАИШтин колуна өттү. Сириянын түштүк чыгышындагы бул шаар Каламун провинциясын Дамаск менен туташтырган кан жолдо жайгашкан. Жихадчылар май айында стратегиялык жолдогу байыркы Палмира шаарын басып алган болчу.

Сирияда 2011-жылдын жазынан бери жүрүп жаткан согуш, БУУнун эсебинде, 250 миңден ашуун адамдын башын жеди. Миллиондогон адамдарды бозгун кылды.

XS
SM
MD
LG