Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Жумуртканын таажы тумоодон сактаган күчү


Курамында Омега-3 кислотасы бар азыктар.
Курамында Омега-3 кислотасы бар азыктар.

Курамында D витамини бар азыктардын иммунитетти чыңдоодо ролу зор экенин окумуштуулар далилдешти.

Таажы вирусунун пандемиясы качан токтойт? Бул суроого азырынча жооп жок. Дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө жайылган пандемиянын экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин Кытайдын мисалы көрсөттү. Андан сактануу үчүн ар бир киши колун бат-баттан самындап жууп, сыртта же кезекте башкаларга жакын жолобой, сактанышы зарыл!

Ошондой эле ден соолугун жана иммундук системасын колдон келишинче чыңдоого аракет кылышы абзел. Ал үчүн спорттук көнүгүүлөрдү жасап, таза абада көбүрөөк сейилдөө керек экенин баарыбыз эле билебиз.

Булар организм таажы тумоосуна окшогон ар кандай инфекцияга туруштук берүүсү жана иммундук системанын нормалдуу иштөөсү үчүн жетиштүү деп ойлосоңуз, мен сыяктуу эле жаңылышасыз.

Иммундук системаны азыркыдай психоздук жагдайда чыңдоо үчүн D витамини да маанилүү экен.

Муну дүйнөнү дүбөлөңгө салган пандемиядан сактанууга байланыштуу илимий-популярдуу макалаларды, дарыгерлердин кеңештерин окуп отуруп билдим. Балким сизге да пайдасы тийип калабы деп бөлүшкөндү туура таптым.

Себеби, илгери студент кезде куурулган жумуртка жеп, зарна болгондон кийин бышканын да, куурулганын да айла куруганда гана жечү болгом. Болбосо, үстүнө бышкан жумуртка басылган вермишель палоону аябай жакшы көрчүмүн. Ошондон тарта, жумуртканы анда-санда жебесем, деле көргүм келчү эмес. Мына ошол мен жактырбаган жумуртка D витаминине бай экен.

"Аптапта денеңиздин кайсы бир бөлүгүн жумасына 20-30 мүнөттөн күнгө кактап турсаңыз да, организм өзү D витаминин иштеп чыгат. “Башка да профилактикалык чаралар сакталышы абзел!”, - деп эскертет чех эпидемиологу Растислав Мажар (Rastislav Maďar).

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бетиңизди жана колуңузду ар күнү 30 мүнөтчө күнгө кактап турсаңыз, организм өзүнө жетерлик D витаминин алат деп кеңеш берет. Бирок, денеңизди ашыкча күйгүзүп алгандан сак болушуңуз керек!

Чехиянын Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий кызматкери, профессор Йиржи Руприч (Jiří Ruprich) D витамининин деңгээли көбөйсө, организмдин сезгенүүсү азайганын, аны кышкысын жумурткадан башка балыктан алса болорун айтууда.

Организмдин сезгениши менен өпкөнүн цитокин штормун алдын-алып, организмдин иммундук функциясын чыйрак кармап турууда Омега-3 кислотасы да маанилүү. Омега-3 лосось жана треска балыгынын боорунда да болот.

Себеби, COVID-19 вирусунан көз жумган адамдарда өпкөнүн цитокин шторму же гиперцитокинемия (англис. Cytokine release syndrome (CRS) же cytokine storm syndrome (CSS), орусча цитокиновый шторм, цитокиновый каскад) дарты аныкталган. Бул дарт кишинин иммундук системасы менен түздөн түз байланыштуу.

D витамини кишинин дем алуу органдарынын оор инфекциясынан сактай турганын 11 миң бейтап катышкан изилдөө да көрсөткөн.

Ал эми D витамини жетишсиз адамдардардын арасында суук тийгизип алгандар жана сасык тумоо менен ооругандар 11 эсе көп болорун, D витаминин ичүү (жеген) аталган эки дартты 42% азайтарын да окумуштуулар аныкташкан.

Сарымсак коронавирустан cактайбы?
Сарымсак коронавирустан cактайбы?

Береги витамин жетишсиз болсо, киши стресс менен депрессияга кабылары да маалым.

Баса, денени чыңайм деп спирттик ичимдикти ичкен туура эмес. Азыркы жагдайда өпкөгө зыян келтире турган нерселерден сактануу да маанилүү. Ошон үчүн чылым чеккенди токтотууну, чылым чекпегендер мүмкүн болушунча “көк түтүндөн” качышы керектигин сунуш кылат британиялык дарыгер-инфекционист Том Уингфилд (Tom Wingfield).

Маалымат үчүн: Бир даана жумурткада D витаминин күнүмдүк нормасы болот.

(Булактары: https://www.bmj.com/, iDNES.cz, https://www.theguardian.com/ https://www.psychologytoday.com/)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG