Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Мээге пайдалуу алты азык


300 адамдык автобус. Мээ жана эс тутум үчүн эң пайдалуу алты азык. Колу калчылдаган адамдар үчүн ашы төгүлбөс кашык. Мышык жана ит адамга жаншерик.

Мега-супер автобус

300 адамдык автобус. Мындай автобустун шассисин Швециянын Vоlvo автоконцерни 23-25-ноябрда Рио-де-Жанейродо өткөн FetransRio автосалонунда көрсөттү.

Gran Artic 300 деп аталган болочокку автобус биринчи кезекте Латын Америка өлкөлөрүнүн чоң шаарларын тейлөөгө багытталган. Анткени Түштүк Америкада автобус негизги шаардык транспорт. 300 жүргүнчү тартчу бул автобус дүйнөдөгү эң чоңу болмокчу. Анын узундугу 30 м (29,87) же футбол майданынын 1/3 тең же боулинг ойночу жолдон 2,4 м узун.

Нью-Йорк метросундагы бир вагонго орточо 255 жүргүнчү сыят. Стандарттуу шаардык автобуска 55 адам батат.

Gran Artic 300 автобусунун эки капталында бештен эшиги болуп, шасси төрт окто орнотулат. Ал бүгүн Рио-де-Жанейро шаарынын тейлеген эң чоң Volvo автобусунан 8 м узун, ал эми бүгүнкү эң чоң автобус эсептелген Кытайдын JNP6250G автобусунан 5 м узун болот. Ошон үчүн Gran Artic 300 автобусуна чукул бурулушу жок атайын жол салынат.

"Бул автоунаа жүргүнчүлөргө алда канча сапаттуу тейлөөнү сунуш кылып жана операторлордун чыгымынын эффективдүүлүгүн жогорулатып, бир кыйла эффективдүү транспорт системасы менен камсыздайт", – деп билдирди Volvo Bus Latin America компаниясынын башчысы Фабиано Тодешини (Fabiano Todeschini).

(Булагы: http://auto.economictimes.indiatimes.com, https://www.wired.com, http://newatlas.com/)

Мээге эң пайдалуу алты азык

Лосось балыгы, ашкабактын уругу, жумуртка, кара моюл, кара шоколад, деңиз капустасы сыяктуу курамында йоду бар деңиз өсүмдүктөрү. Эгер сиз эс тутумуңузду бекемдейин, ой концентрациямды жана мээмдин иштөөсүн жакшыртайын десеңиз, жогоруда аталган азыктарды такай жеп турууңуз абзел.

Бул британиялык диетолог Кассандра Барнстын (Cassandra Barns)кеңеши. Лосось сыяктуу майлуу балыктардын майында Омега-3 классындагы докозагексаен кислотасы болот. DHA деп аталган бул кислота адамдын эс тутумун жана түшүнүү жөндөмүн, ошондой эле интеллект коэффициенти IQ (англ. intelligence quotient) – ай кьюсун жакшыртарын швейцариялык окумуштуулардын изилдөөсү тастыктаган.

Илим Эйнштейндин теориясын ырастады

Илим Эйнштейндин теориясын тастыктады

Алберт Эйнштейндин 100 жыл мурдагы салыштырмалуулук теориясын тастыктаган илимий ачылыш жасалды. Эйнштейн белгилеген гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экен.

DHA кислотасы, Барнс айымдын айтышынча, адамдын мээсиндеги боз затта да бар экени анын маанисин айкын көрсөтөт. Лососто адамдын нерв жана мээ клеткалары үчүн баалуу В12 витамини да бар. Бул балыктын көпчүлүк протеиндери нейрондордон электр импульсу берилүүсүнө көмөктөшчү биологиялык жактан активдүү химиялык заттар-нейромедиаторлор үчүн “курулуш материалы” болуп саналат.

Ашкабактын уругундагы цинк адамга когнитивдик жөндөмүн колдоо же жакшы ойлонуу, окуп үйрөнүү жана маселени логикалык талдоо үчүн зарыл. Ойлонуу процесси үчүн ашкабактын уругундагы магний жана башка белоктор да пайдалуу.

Жумуртканын сарысындагы холин деген зат эс тутумду жакшыртканга көмөктөшөт. Ал нерв булаларын, анын ичинде мээдеги нерв булаларын курчаган миелин кабыгы үчүн керек. Холин окуу жана эс тутум үчүн маанилүү ацетилхолин нейротрансмиттерин даярдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Жумуртка нерв системасына жана когнитивдик фунцияларга зарыл В группасындагы витаминдерге жана темирге да мол.

Жапонияда тамак-ашка тыкыр колдонулган деңиз чөп-чарлары, анын ичинде деңиз капустасында йод көп болот. Йод магний сыңары эле адамга нерв системасы менен мээнин жакшы иштөөсү үчүн жана цинк тейде когнитивдик функцияга кубат берип туруу үчүн керек.

Кара же ачуу шоколад мээнин саламаттыгы үчүн пайдалуу. Себеби шоколад жасоого колдонулган чийки какао антиоксиденттик касиети бар флавоноиддерге бай. Андан тышкары какаодо магний, темир жана цинк да көп. Ошондуктан шоколад канчалык ачуу болсо, ошончолук мээге пайдасы көп болот.

"Канты көп же таттуу шоколаддан качкыла. Себеби анын мээге пайдасынан зыяны чоң. Анын ордуна курамында какаосу 70 проценттен кем болбогон шоколад жегиле", – деп кеңеш беретБарнс айым.

Кара моюл (черника) жана чын карагатта улгайган адамдын мээси үчүн пайдалуу полифенол заты бар. Бул зат мээнин иштөөсүнө көмөктөшүп, анын картайуусун үч жылга чейин саалгытышы ыктымал экенин британ окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөн.

(Булагы: http://greatest.info/named-six-products-the-most-beneficial-for-the-brain, http://www.christiantoday.com, http://www.dailymail.co.uk)

Антипаркинсон кашыгы

Видео - Introducing Liftware Level

АКШдагы Liftware компаниясы колу калчылдаган адамдарга кашык жана вилка сыяктуу приборлорду бекем кармап, төкпөй-чачпай тамак ичкенге жардамдашчу аппарат жасады. Алдагыдай оору медицинада тремор дарты деп аталат. Бул дарт Паркинсон оорусуна чалдыккан адамдарда да байкалат. Мындай оорулар колу титиреп тургандыктан кийим-кечесин өздөрү топчулай алышпайт, тамак жей алышпай кыйналышат.

Оорукчан Level аппаратынын кыймылды туруктуу кылчу жумуру туткасын колуга боосу менен байлап (илип) алат. Тутка кол калчылдаганын басып, кашыкты туруктуу кармаганды мүмкүн кылгандыктан, андан суюк тамак жана лоя, күрүч көп төгүлбөйт. Зарыл болгондо туткадан кашыкты чыгарып, вилканы кийгизип койсо да болот.

Тутка аппараттын батареясы бир саатка жетет. Бир саатта адам үч мертебе тамактануусу мүмкүн. Level аппаратынын баасы 195 доллар.

Liftware компаниясы 2013-жылы да колу титиреген адамдар үчүн берегидей аппарат жасаган. Бирок ал азыркыдай ыңгайлуу эмес болчу.

Британиянын GyroGear компаниясы да Паркинсон дарты менен ооруган адамдар үчүн атайын кол кап чыгарды. Бул мээлейдин ич жагына гироскобу бар пластика корпус жабыштырылган. Ал, маалымдалганга караганда, колдун титирегенин 80 -90 процентке азайтат же басаңдатат.

(Булагы: https://www.liftware.com/level, https://www.technologyreview.com)

Мышык жана ит адамга жаншерик

2015-жылы немис үй-бүлөлөрдүн 43% 30 миллион жандык кармаган. Алардын ичинен мышыктар -12, 9 миллион, иттер- 7, 9 миллион,суур, тыйын чыкан сыяктуу майда жандыктар 5, 1 миллион, тоту куш, торгой сындуу кооз чымчыктар 4, 2 миллион, аквариум же көлмөлөрдө кармалчу жандыктар 3, 6 миллион, ташбака, жылан, кескелдирик сыяктуу террариумда жашоочулар 0, 7 миллион.

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илимде реформа жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу керек деген максат коюлду.

Германиянын Зоотоварлар ассоциациясы менен Зоологияга адистешкен ишканалардын борбордук союзунун маалыматы боюнча, 1999-жылы берегидей 21.3 миллион жандык болгон. Германияда былтыртан тарта жалгыз бойлор менен түгөй жашагандар жандыктарды көп кармай баштаган. Үч жана андан көп мүчөлүү бүлөлөргө мурдакыдай эле жандыктардын 33% туура келет. Ал эми жалгыз бойлорго жандыктардын 29%, түгөйлөргө 38% туура келет.

Констанце университетинин (Universität Konstanz) профессору Клеменс Вишерманндын (Clemens Wischermann) айтымында, кээ бир адамдар мышыкка өзүнчө бөлмө бөлүп беришсе, башкалар жолго чыкканда итин балдар чыгырыгына салып алышат жана иттердин атайын салондоруна алып барып аздектешет. “Үй айбанаттары адамдарга сейилдесе жолдош, ойногонго өнөктөш, сүйлөшкөнгө маектеш, жалгыздыкта жаншерик болуп, көңүлүн көтөрөт, алаксытат",- дейт адис.

Батыш өлкөлөрүндө 1970-жылдардан тартып үй айбанаттарын алар үчүн атайын клиникалар, жүнүн кыркып көркөмдөп турчу салондор пайда болгон. Айбанаттарга ысым берилет, үй-бүлө мүчөсү катары мамиле жасалат, жакшы тамактар менен багылат. Өлгөндө жайга берген жана аза күткөн да учурлар бар. Деген менен, проф. Вишерманндын айтымында, алар береги үй-бүлөлөргө бала ордуна бала болуп бере алышпайт.

(Булагы: http://inosmi.ru/social/20161205/238341508.html)

XS
SM
MD
LG