Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

"АКШ Иранды ядролук курал жасатпай койо алат"


Жон Бреннан
Жон Бреннан

"Кошмо Штаттар Ирандын ядролук куралды өнүктүрүүсүнө жол бербей койо алат" деп билдирди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын директору Жон Бреннан.

Анын айтымында, эгер Тегеран андай аракет жасачу болсо, кесепети жана баасы чоң болорун Иран жетекчилиги билет.

Иран үчүн ядролук курал жасоо аракети “чоң кесепеттерге” алып барарын Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо кызматынын директору 22-мартта АКШдагы Fox News телеканалы көрсөткөн маектешүүдө айтты. Жон Бреннандын оюнча, Иран жетекчилиги массалык кыргын салчу куралдын баасы эбегейсиз зор болорун сонун билишет.

- Менин оюмча, эгер алар андай чечимге барса, чыгымы жана кесепети аябай чоң болорун өздөрү түшүнүшөт.

Бреннан телемаекте Кошмо Штаттарда Иранды массалык кыргын салчу алаамат куралды жасатпай койгондой мүмкүнчүлүгү бар экенин да астейдил белгиледи.

- Биз Ирандын алар жасайбыз деп бел байлап алган ядролук куралдын түрүнө ээ болуусуна мүмкүндүк бербешибизди президент Обама апачык айткан. Эгер алар бул жол менен барабыз деп чечсе, тобокелчилик болорун өздөрү да билишет.

Ирандын ырасташынча, алардын ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөйт. Батыш өлкөлөрү болсо Тегеран кубаттуу куралдын үстүнөн жашыруун иштеп жатат деп чочулашат.

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү учуру. Лозанна, Швейцария. 20-март, 2015-жыл
Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү учуру. Лозанна, Швейцария. 20-март, 2015-жыл

Ирандын аймактагы стратегиялык атаандашы Сауд Арабиясы, ошондой эле Израил ядролук келишимди түзүү Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч жаратат деп кооптонушат. Саудия падышасынын үй-бүлөсүндөгү таасирлүү адамдардын бири, ханзаада Түрки Фейсал он күн мурда берген интервьюда, Иран менен ядролук келишимге кол коюлса, региондогу башка өлкөлөрдү да уранды байытууга түртөт деген пикирин ортого салган.

31-марттан кечикпей Иран жана АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франциянын мартабалуу өкүлдөрү Тегерандын ядролук программасы боюнча кортунду келишимдин негизин иштеп чыгышы абзел. Ага ылайык, Иран ядролук курал жасагандай мүмкүнчүлүк албоосу үчүн үчүн уранды байытууну чектөөгө тийиш. Өз кезегинде анын ордуна БУУ, АКШ, Евробиримдик тарабынан Иранга каршы мурда киргизилген экономикалык санкциялар токтотулат деп макулдашылган.

Президент Барак Обама Иран тарап ядролук программасы боюнча кортунду келишимге кол коюу үчүн эмне кылышы зарылдыгы жөнүндө акыркы мертебе мындай деген:

Барак Обама
Барак Обама

- Азыркы сүйлөшүүлөр биздин келишимди бүткөрө аларыбызга таасир этет. Ал үчүн, биринчиден, Иран ядролук куралды өнүктүрбөгөнүн дүйнөгө көрсөтүүгө жана далилдегенге даяр болушу абзел жана биз аны үзбөй туруктуу көзөмөлдөй алгандай болушубуз керек. Бирок алар алга жылууда жана мүмкүнчүлүк бар.

АКШ президентинин береги интервьюсун америкалык Huffington Post басылмасы ишемби күнү басты.

Ирандын уранды байытуу маселесин АКШ, Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери 21-мартта Лондондо талкуулашты.

Мамкатчы Жон Керри бул кездешүүдөн кийин айткандай, Иран менен сүйлөшүүдө маанилүү жылыш болсо да узак мөөнөттүк жана аткарылышы көзөмөлдөнгөндөй келишимге кол коюу азырынча эрте. Ошон үчүн маанилүү чечимдер ушу азыр кабыл алынышы керек.

Ошол эле күнү Иран президенти Хасан Роухани эки ортодо келишпестик бар экенин тастыктап, бирок “жөндөлбөй калчу эч нерсе жок” деп билдирди.

Мурда мерчемделгендей, Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүү ушу жумада Швейцариянын Лозанна шаарында кайра улантылат.

XS
SM
MD
LG