Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Украиндер жана Европа үчүн 8-май – “Жеңиш күнү”, 9-май – “Европа күнү”


Германиянын шартсыз багынып берүү актына кол коюу маалы. Реймс, Франция. 07.05.1945.
Германиянын шартсыз багынып берүү актына кол коюу маалы. Реймс, Франция. 07.05.1945.

Украинанын бийликтери Батыш Европадагы өлкөлөрдүн жолою менен 8-май күнүн “Жеңиш күнү” деп мыйзам түрүндө жарыялоого беленденишүүдө. Ал эми 9-май болсо “Европа күнү” катары белгиленмекчи. Тарыхчынын блогу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө парламентине – Жогорку Радага – 8-майды “Эскерүү жана Жеңиш күнү” деп расмий түрдө жарыялоо жана Орусияда жана КМШнын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле, Сербия менен Израилде, Жеңиш күнү катары белгиленген 9-май күнүн тек гана “Европа күнү” деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Жогорку Рада мындай документти тездетилген тартипте кабыл алууга даяр экендигин буга чейин эле маалымдаган болчу. Маселен, Жогорку Раданын биринчи вице-спикери Александр Корниенконун айтымында, мыйзам долбоору негиз катары жана жалпысынан “эч кандай атайын талкуусуз жана толуктоолорсуз” эле тез арада кабыл алынышы мүмкүн.

Шейшембиде, 8-май күнү, президент Зеленский Экинчи дүйнөлүк согушта нацизмдин үстүнөн болгон зор жеңиштин майрамына карата кайрылуу менен чыгып, Украина бул жеңиштин тарыхы жаатында эч кандай идеологиялык чектөөлөрсүз, чынчыл тарыхты өзүнө кайтарып алып жатат, деп билдирди.

Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө дал ушул 8-май – германдык фашизмдин үстүнөн болгон жеңиштин күнү катары майрамдалаарын да Зеленский эске салып айтты.

1945-жылы 8-майда жана анын алдыңкы күндөрү эмне окуялар болгон?

1945-жылы апрелдин соңунда Кызыл армия Берлинге карай чабуул коё баштаган. Жалпысынан Берлинге бет алган 2 миллиондон ашуун жоокердин арасында жалаң гана көп этностуу советтик жоокерлер эмес, Польша Аскерлеринин 1- жана 2-армиясынын жоокерлери да болгон. Ал эми батыштан антифашисттик коалициянын башка мүчө өлкөлөрү Германиянын улам жаңы аймактарына жиреп кирип жатышкан.

Германдык нацизмдин негиздөөчүсү Адолф Гитлер 1945-жылы 30-апрелде өзүнүн жанын өзү кыйган соң, анын ордуна мамлекет башчысы жана жогорку аскер башчысы катары гроссадмирал Карл Дөниц (Karl Dönitz, 1891–1980) бийликке келген (бул соңку кызматты ал 1945-жылдын 23-майына чейин аркалаган; 1946-жылы Нюрнберг соту аны 10 жылдык мөөнөткө абакка кескен).

1945-жылдын 30-апрелинде Рейхстагга карай советтик чабуул башталган. Рейхстагга каармандарча чабуул койгондордун арасында кыргыз офицери Акматбек Сүттүбай уулу Сүйүмбаев (1920–1993) да болгон. (Ал кийин 11 жылдай Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп иштеген. Маркумга 2021-жылы, өлгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку наамы ыйгарылган).

1-майда таңга жуук Рейхстагга жапырт чабуул учурунда кенже лейтенант А.П.Бересттин жетекчилиги астында сержант Михаил Егоров жана кенже сержант Мелитон Кантария Рейхстагдын имаратынын чатырына Жеңиш туусун сайышкан.

2-майда саат 15:00ке карата Берлин гарнизонунун 134 миңден ашуун жоокери Кызыл армияга багынып берген.

Ал эми советтик аскердик фотокабарчы Евгений Халдей болсо 2-майда, Рейхстагдын айланасы тынчыган кезде, айтылуу 8-гвардиялык армиянын жоокерлери Алексей Ковалёв, Абдулхаким Исмаилов жана Леонид Горичевден суранып, аларды Рейхстагга жаңыдан туу сайып жаткандай кылып сүрөткө тартып алган (ага чейин эле Рейхстагдын башка бир нече жеринде кызыл туулар желбиреп турган). ТАСС кабар агенттигинин тапшырмасы боюнча аткарылган бул сүрөт бүт дүйнөгө таркаган.

Тууну сайып жаткан Ковалёвду сүйөмөлөгөн Исмаиловдун колунда тагылган экинчи саатты Халдей мырза редакциянын талабы боюнча ийненин учу менен өчүргөн экен.

Германиянын шартсыз багынып берүү акты. Реймс. 07.5.1945.
Германиянын шартсыз багынып берүү акты. Реймс. 07.5.1945.

1945-жылы 7-майда Борбордук Европа убакыты боюнча таңкы саат 02:40та Франциянын түндүк-чыгышындагы Реймс шаарында нацисттик Германиянын багынып берүүсү тууралуу акт түзүлгөн. Ага Батыш коалициясынын атынан генерал Уолтер Беделл Смит (Walter Bedell Smith; 1895–1961), СССР тарабынан генерал-майор Иван Суслопаров, ал эми нацисттик өкмөт тарабынан немис генералы Алфред Йодл (Alfred Jodl; 1890–1946) кол коюшкан. (Генерал Йодл Нюрнберг сотунун өкүмүнө ылайык 1946-жылы 16-октябрда дарга асылган).

Бул келишимге ылайык, нацисттик Германиянын шартсыз багынып берүүсү тууралуу милдеттенме 1945-жылдын 8-майында Борбордук Европа убакыты боюнча саат 23:01де күчүнө кирген.

Ошол эле 7-май күнү түштөн кийин рейхспрезидент Дөництин өкмөтүнүн башкы министри жана тышкы иштер министри граф Йоханн Людвиг Шверин фон Крозиг (Johann Ludwig Schwerin von Krosigk; 1887–1977) германдык үналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Германиянын эч шарт койбостон багынгандыгы тууралуу шардана кылган.

Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун Европа бөлүгүндөгү согуштун аякташы жана Жеңиш күнү катары дал ушул 8-май белгиленип калгандыгынын чоо-жайы ушундай.

Албетте, 1945-жылы 8-май күнү эле Батыштагы далай өлкөлөрдөгү негизги шаарларда нацизмдин жеңилишине байланыштуу майрамдык салтанаттар өткөрүлгөн.

Маселен, Лондондо айтылуу Трафалгар аянтында жана Бөкингэм аксарайынын маңдайында калайык топтолуп, аларды британдык падыша Жорж (Георг) Алтынчы жана өкмөт башчы Уинстон Черчилл аксарайдын балконунда туруп куттукташкан.

Британ өкмөт башчысы Черчилл 8-майдагы саат 15:15теги үналгы аркылуу кайрылуусунда Реймсте кол коюлган келишим тууралуу элден жашырып коюуга өзү үчүн эч кандай негиз жок экендигин жана ушул эле 8-май күнү жеңишти майрамдоого тыюу салуу үчүн дагы эч бир негиз жоктугун баса белгилеген.

Сталиндин жаалданышы

Ал эми СССРдин диктатору Иосиф Сталин француздук Реймс шаарында кол коюлган актка канааттанбай калган. “Бул документке кол койбогун” деген сталиндик тыюу генерал Суслопаровдун колуна ал актка кол коюп салгандан кийин гана жеткен.

Суслопаров кол койгон документти СССРде “Германиянын багынып берүүсү боюнча алдын ала протокол” деп атап салышкан. Генерал Суслопаров “өзүм билемдик кылып кол койгону” үчүн Кремлден сөгүш алган.

Арийне, дал ошол 7-майдагы Реймс шаарындагы актка ылайык нечендеген жерлерде салгылашуулар токтотулуп, далай кишилер бөөдө ажалдан аман калганын да айта кетүү абзел.

Берлин шаарынын жанындагы Карлсхорст деген жерде аскердик-инженердик окуу жайдын ашканасында нацисттик Германиянын багынып берүүсү тууралуу экинчи акт түзүлгөн.

Маршал Георгий Жуков (1896–1974) 1945-жылдын 8-мартында саат 22:00ден кийин Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарчасында Германиянын шартсыз багынып берүүсү тууралуу актты окуп жатат.
Маршал Георгий Жуков (1896–1974) 1945-жылдын 8-мартында саат 22:00ден кийин Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарчасында Германиянын шартсыз багынып берүүсү тууралуу актты окуп жатат.

Ага СССР тарабынан маршал Георгий Жуков кол койгон, нацисттик Германия тарабынан генерал-фелдмаршал Вилгелм Кейтел (Wilhelm Keitel; 1882–1946; Нюрнберг сотунун өкүмүнө ылайык ал 16-октябрда дарга асылган) жана башка өкүлдөр, ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү кол коюшкан.

Тактап айтканда, Батыштын шериктеш куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары, британдык маршал Артур Теддер (Arthur Tedder; 1890–1967), АКШ тарабынан генерал Карл Эндрю Спаатс (Carl Andrew Spaatz; 1891–1974) жана Франция тарабынан Жан Жозеф Мари Габриэл де Латр де Тассиньи (Jean Joseph Marie Gabriel de Lattre de Tassigny; 1889–1952) мырзалар Карлсхорст актына кол коюшкан.

СССРдеги баа берүүдөн айырмаланып, Батыш өлкөлөрүндө 7-майдагы Реймс акты “шартсыз багынып берүү тууралуу кол коюу” катары, ал эми Карлсхорст акты – тек гана Реймс актынын “ратификациясы”, б.а. тек гана кошумча тастыкталышы катары бааланып келет.

Эмне үчүн 9-май?

СССР тарабынан маршал Георгий Жуков (1896—1974) кол койгон экинчи документ (Карлсхорст акты) деле Борбордук Европа убакыты боюнча 8-майда саат Борбордук Европа убакыты боюнча саат 22:43тө түзүлгөн болчу.

Демек, нацисттердин шартсыз багынгандыгы тууралуу бул биротоло тастыктаган акт жаралган маал деле, – ага кол коюлган жердин – Берлиндин убакытына байланыштырып каралганда, – 8-майга эле туура келет.

Эми Берлиндеги бул убакытты (22:43) бир саамга бир ымыркай төрөлгөн учурга байлап көрөлү. Ал убакыт Бээжин шаарында 9-майдын таңкы саат 04:43ү, Токиодо – 9-майдын таңкы саат 05:43ү болмокчу.

Анан Бээжин менен Токиодо деле алиги Берлинде төрөлгөн ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө “ал 8-майда төрөлдү делип жазылат”, деп эсептелээри бышык эмеспи.

Дүйнөнүн көп мамлекеттеринде 8-май күнү нацисттик Германиянын үстүнөн болгон Улуу жеңиш күнү катары белгиленип жаткандыгынын жүйөөсү да ушуга окшош.

Ал эми СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1945-жылдын 8-майындагы жардыгына ылайык, СССРде кийинки күн – 9-май күнү “Жеңиш күнү” катары расмий белгиленээри айтылган. Бул жардыкка Президиумдун төрагасы М.Калинин жана Президиумдун катчысы А.Горкин кол койгон.

Албетте, алар Иосиф Сталиндин уруксаты менен гана ушундай жардык чыгаргандыгы таң калычтуу эмес. Сөз жүзүндө “Бүткүл союздук староста” делген Калинин жада калса өз жубайын дагы сталиндик ГУЛагдан сактап кала алган эмес.

Маскөөдө 1945-жылы 24-июнда өткөрүлгөн аскердик парад маалында.
Маскөөдө 1945-жылы 24-июнда өткөрүлгөн аскердик парад маалында.

Жеңиш күнүнө карата алгачкы аскердик парад Маскөөдө 1945-жылы 24-июнда өткөрүлгөндүгү, ага айрым кыргыз жоокерлер да катышкандыгы тарыхта маалым.

Украина үчүн 9-май – Европа күнү

9-майды “Европа күнү” катары белгилөө салты Франциянын каржы министри, өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган Жан-Батист Николя Робер Шуман (Jean-Baptiste Nicolas Robert Schuman; 1886–1963) мырзанын ысымы менен байланыштуу.

Роберт Шуман 1940-жылы Франциянын бир катар аймактарын басып алган германдык нацисттер тарабынан абакка салынган. Ал 1942-жылы абактан качып чыгып, анифашисттик кыймылга катышкан.

Робер Шуман 1950-жылы 9-май күнү Франциянын тышкы иштер министри кезинде болочокку европалык ынтымак долбоору, анын ичинде Таш көмүр жана болот боюнча Европалык бирикме тууралуу чыгып сүйлөгөн. Анын бул сөзү Европа Биримдигин калыптандыруудагы башаттык учур катары саналып, мындан улам 9-май күнү “Европа күнү” катары белгиленип калган.

Эми, Жеңиш күнүн расмий майрамдоону 8-майга жылдырып, ал эми 9-май күнү “Европа күнү” майрамын белгилөө аркылуу азыркы украиналыктар демократиялуу жана ар өлкөнүн кадырын теңата өлкө катары бөксөртпөстөн баалай билген Европа Биримдиги менен тагдыры мындан ары да бирге болоорун тастыктагысы келүүдө.

Ал эми Жеңиш күнү майрамы – кайсы бир жаңы баскынчылык согушка үндөгөн согушчан жана империячыл маанайдын кишенинде калбастан, алааматтуу Экинчи дүйнөлүк согуштагы орду толгус оор жоготууларды эскерүү күнү катары гана белгилениши абзел, дешет украиндер.

Кыргызстанда дагы жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү ушул мааниде чакырык жасашууда.

Маселен, Адил Турдукулов мырза “Фейсбукта” мындайча пикир жазды:

“9-май – Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүүнүн ыйык күнү. Бирок орус бийлиги пропаганда менен көптөн бери бул датаны постколониялык жана империялык максатта пайдаланат. Бул өзгөчө Россиянын Украинага каршы аскерий агрессиясы учурунда даана байкалды.

...Мындан улам биз «Z» жана «V» белгилери менен катар Георгий лентасын колдонууга тыюу салууга үндөп, аны согуш пропагандасындагы чексиз мыкаачылыктын жана орус шовинизминин куралына, "Кайталай алабыз!" деген чакырыкка теңейбиз.

1939–1945-жылдардагы фашисттик Германиянын кадамын кайталаган Кремлдин Украинадагы азыркы аскердик аракеттеринин агрессивдүү дискурсун жана алардын байланышын өзгөртүү үчүн “9-май – Жеңиш күнү” деген орусиялык түшүнүктү Өзбекстан сыяктуу “Эскерүү жана терең кайгыруу күнү” деп өзгөртүүгө чакырабыз...” дейт А.Турдукулов.

Ал эми менин жеке пикиримде "Жеңиш күнү" катары 8-майды кабыл алуу тарыхый фактка өзгөчө ылайык болоор эле.

Анткени, жогоруда айтылгандай, нацисттик Германиянын антифашисттик эл аралык коалицияга эч шартсыз багынып берүүсү 1945-жылдын 8-майында Борбордук Европа убакыты боюнча саат 23:01де күчүнө кирген эмеспи.

Албетте, бул күндү Экинчи дүйнөлүк согушта набыт кеткен бабаларды эскерүү жөрөлгөлөрү менен айкалыштырып, коомдук эскерүү чараларын дүйнө элдерин тынчтыкка чакырган маанайда өткөрүү, согушчул, империячыл жана тоталитардык саясий агымдардын символдорунан баш тартуу, согуш доору менен байланыштуу архивдик фонддорду илимпоздорго кеңири ачуу тууралуу сунуштар өзгөчө алгылыктуу экендигинде шек жок.

"Эсимде" долбоору сыяктуу бейөкмөт уюмдардын архив таануучулары, тарыхчылар жана Бактыгүл Акунбаева сыяктуу башка өз демилгелүү изилдөөчүлөр, ошондой эле, "МедиаХаб" сыяктуу ар кыл ЖМК өкүлдөрү Экинчи дүйнөлүк согушта набыт кеткен жердештерибиз жөнүндөгү орчун биографиялык маалыматтарды жергиликтүү архивдерге караганда германиялык заманбап архивдердин интернеттеги жарыяларынан алда канча көбүрөөк алып жатышкандыгы жашыруун эмес.

Майрам датасы келип калгандагы шаан-шөкөттөр менен чектелбестен, эми бийликтер согуш чындыгын тактоо үчүн архивдерди ачууга жигердүү колдоо көрсөтүүлөрү кажет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG