Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Улуттар лигасы жана согушчан мамлекеттер


Улуттар Лигасынын Жыйынынын алгачкы отуруму. 15.11.1920.
Улуттар Лигасынын Жыйынынын алгачкы отуруму. 15.11.1920.

Азыркы БУУга чейинки доордо, Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин түзүлгөн Улуттар лигасы уюмунан согушчан Жапония менен нацисттик Германия өзү чыгып кеткен, ал эми Советтер Биримдиги баскынчыл согуш жүргүзгөндүгү үчүн бул ынтымактан чыгарып салынган. Бул тууралуу тарыхчынын блогун окуңуздар.

Улуттар лигасынын түзүлүшү

XX кылымдын башында Биринчи дүйнөлүк согуш (1914–1918) дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө кыйсыпыр түшүрдү. Миллиондогон кишилер набыт кетишти, бир катар мамлекеттер ойрон болуп чачырашты. Жеке бийлик башкарган айрым ири мамлекеттер элдик ыңкылаптарга кириптер болушуп, ыдырашып, жумурияттарга айланышты. Алардын бири болгон мурдагы падышалык Орусиянын аймагында болшевиктер бийликке келишип, аларга каршы чыккандар менен болшевиктердин ортосунда жарандык согуш дүрт жанды.

Акыры Биринчи дүйнөлүк согушту аяктаган тынчтык келишимине да жетишилди...

Кыргыз жоокери Сулайман Күчүков (11.07.1889 – 02.11.1931) Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1915-жыл.
Кыргыз жоокери Сулайман Күчүков (11.07.1889 – 02.11.1931) Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1915-жыл.

1920-жылы 10-январда Парижде өткөрүлгөн Тынчтык жыйынында “Улуттар лигасы” (французча Société des Nations, англисче League of Nations) деген уюм негизделди.

Дүйнөдөгү тынчтыкты сактоо үмүтү менен уюшулган бул уюмдун калган-каткан мекемелери Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки жылы уюшулган “Бириккен улуттар уюму” (БУУ) деген жаңы эл аралык ынтымактын курамына (1946-жылы) толук камтылганга чейин иштеп турду.

Албетте, Улуттар лигасы бир катар эл аралык милдеттенмелерди кабыл алууга жетишкен эле. Бул уюм жамааттык коопсуздук идеясын колдоого алган, чакан өлкөлөргө тилектештик билдирген, мурдагы ири оторчул мамлекеттердин жарым көз каранды эмес (“мандаттык”) аймактарында эл аралык байкоочулук тартибин киргизген. Бул мандаттык аймактардын калкы акыры-түбү толук эгемендикке жетиши үчүн адепки укуктук шарт жаратылган.

Улуттар лигасы ачарчылык, жут жана башка табигый жана туура эмес мамлекеттик башкаруунун айынан оор мүшкүлгө кириптер болгон чөлкөмдөрдөгү калайыкка (анын ичинде СССРдеги болшевиктик туура эмес саясаттын айынан ачарчылык жасалма түрдө каптаган аймактарга дагы) кайрымдуулук көмөк уюштурган.

“Эки дөө тирешсе, ортосунда чымын кырылат” дегендей, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин миллиондогон карапайым калайык качкын жана бозгун болуп калган.

1916-жылдагы падышалык оторчулукка каршы улуттук боштондук күрөш жеңилген соң, кыргыздардын жана казактардын топтору Батыш Кытайга чейин баш калкалоого аргасыз болгон. Кыргыздарда “Улуу Үркүн” деп аталып калган бул окуяларды жалпы кыргыз жана казак улуттары эч унутушпайт.

Бул азаптуу жагдай 1914-жылдан тартып дүйнөдөгү башка да өлкөлөрдө орун алган. Жер жүзүндө геноцид, этноцид кылмыштарынын айынан жапырт үрккөн көптөгөн этностук жана башка топтор жана жеке качкындар жайнап кеткен.

Алардын таламын көздөп, Улуттар лигасы, маселен, Качкындар комиссиясын негиздеген.

Даңазалуу норвегиялык гуманист, саякатчы, доктор Фритйоф Нансен (Fridtjof Nansen; 1861–1930) жетектеген Качкындар комиссиясы, маселен, мурдагы падышалык Орусиянын аймагынан жана башка жактардан Түркияга келип жан баккан качкындарга кайрымдуулук жардам уюштурган.

Айтылуу "Нансен паспорту" жана Фритйоф Нансен.
Айтылуу "Нансен паспорту" жана Фритйоф Нансен.

Бул комиссия негиздеген айтылуу “Нансен паспорту” мамлекетинен ажыраган жана саясий жана башка себептер менен жаңы эч бир өлкөгө жаран боло албай жаткан мамлекетсиз бозгун кишилерге ал түгүл Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дагы берилип, алардын кимдигин тактоого жана бозгундагы тагдырларын бюрократтык азап-тозоктон жеңилдетүүгө шарт түзгөн.

Кийинчерээк БУУнун ЮНЕСКО жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу кадыр-барктуу бутактарына айланган бир катар эл аралык уюмдардын баштапкы мекемелери да Улуттар лигасынын курамында негизделип, телчигишкен.

Жалпысынан, XX кылымдагы адамзатка эл аралык карым-катнашты жаңы нукта, “институтташкан” деңгээлде алып баруунун алгачкы эл аралык тажрыйбасын дал ушул Улуттар лигасы үйрөткөн.

Бул уюм дүйнөдөгү ар кыл тилдерде сүйлөгөн прогрессивдүү айдыңдарды (интеллектуалдарды) да өзүнүн ар кыл тармактарына баш коштура алган.

Албетте, бул эл аралык уюм мажүрөөлүк кылган жагдайлар көп болду. Асыресе, ал өзүнүн негизги мүдөөсүнө – согушту болтурбай коюуга жетише алган эмес.

Улуттар лигасы 1930-жылдардын ичиндеги нацисттик Германия, фашисттик Италия жана согушчан Жапония түзгөн үчилтиктин ар башка чөлкөмдөрдөгү баскынчыл аракеттерине, андан соң 1939-жылы 1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына эч тоскоол кыла алган жок.

Анын атайын тынчтыкты камсыз кылуу боюнча эл аралык күчтөрү да болгон эмес.

Жапониядагы бозгун татарлар. 1930-жылдар.
Жапониядагы бозгун татарлар. 1930-жылдар.

Согушчан Жапония жана Улуттар лигасы

1915-жылы, Батыштагы өлкөлөр Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө ит жыгылыш болуп бири-бири менен Европада жана башка жактарда кармашып жаткан маалда, согушчан Жапония мамлекети Кытайдын түндүк-чыгышын шарттуу көзөмөлдөөгө жетишкен.

Тарыхта “Жыйырма бир талап” деп аталган жана Жапония менен Кытай жумуриятынын бийликтери 1915-жылы 18-январда түзгөн жашыруун келишимге ылайык, Жапония Кытайдын Манчжурия жана Түштүк Монголия аймактарын, Манчжуриядагы темир жолдон бери көзөмөлдөп калмак.

Расмий Бээжин бул келишимди ачык жарыялап салды да, АКШ, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдү Жапонияга таасир көрсөтүүгө чакырды.

1902-жылдан бери Жапониянын үзөңгүлөшү болгон Улуу Британия Токиого кайрылып, бул келишимди жеңилдетүүгө чакырган соң, 1915-жылы “Жыйырма бир талаптын” өтө катаал бешинчи бөлүмү алынып салынган. Жаңы келишим “Он үч талап” деп аталып калды. Кийинчерээк да такталган жана өзгөртүлгөн келишимдердин негизинде Жапония Түштүк Манчжурия темир жолун көзөмөлдөп турууга акылуу болгон, бирок Кытай эгемендигин сактай алган.

Советтик колбашчы Георгий Жуков (оңдо) Халкин-Гол дарыясынын аймагында Кызыл армия менен Монгол армиясынын жапондук баскынчы аскерлерге каршы байсалдуу согуш аракеттерине жетекчилик кылган. 1939-жылдын августу.
Советтик колбашчы Георгий Жуков (оңдо) Халкин-Гол дарыясынын аймагында Кызыл армия менен Монгол армиясынын жапондук баскынчы аскерлерге каршы байсалдуу согуш аракеттерине жетекчилик кылган. 1939-жылдын августу.

1931-жылы 18-сентябрда жапондук Квантун армиясынын жоокерлери Түштүк Манчжурия темир жолунун Мукден (азыркы Шэнян) шаарынын чет жакасындагы бир тилкесинин жанында өздөрү атайылап чакан жардыруу уюштурушту да, андан соң бул жардырууну “кытайлыктар жасады” деп шылтоо кылып, жапон аскерлери бүткүл Манчжурияны каратып алышты.

Жапония бийлиги Түндүк Кытайдагы бул каратылган аймакта 1932-жылы 9-март күнү манчжурлардын Пу Йи (Пу И, Pu Yi; 1906–1967) жетектеген тактеке өкмөтүн негиздеди. Пу Йи өзү манчжур сулалесинин Кытайды 1908–1912-жылдары бийлеген акыркы императору болчу.

Улуттар лигасы Манчжурияга байкоочу катары жөнөткөн топ Жапониянын баскынчылык кылгандыгын толук ашкереледи.

1933-жылы Улуттар лигасынын жыйынында 42 өлкө Жапонияны Манчжуриядан чыгып кетүүгө чакырып, байкоочулардын баяндамасын кабыл алышты. Бир гана өлкө (Жапония өзү) бул баяндаманы кабыл алууга каршы добуш берди.

Бул окуядан соң согушчан Жапония императорлугу Улуттар лигасындагы мүчөлүктөн чыгып кетти.

Жапон императору Хирохитонун өз өлкөсү шартсыз багынгандыгы тууралуу жарыясын Гуамдагы жапон согуш туткундары баштарын ийип угуп жатышат. 15.8.1945.
Жапон императору Хирохитонун өз өлкөсү шартсыз багынгандыгы тууралуу жарыясын Гуамдагы жапон согуш туткундары баштарын ийип угуп жатышат. 15.8.1945.

Нацисттик Германия жана Улуттар лигасы

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктап калганда, согушчан “кайзердик” Германия империясы да 1918-жылдын 3-ноябрынан тартып элдик ыңкылап толкундарына кабылып, ара-чолодо Бремен, Бавария сыяктуу айрым аймактарда коммунисттик (“кеңештик”) жумурияттар да убактылуу жашап, акыры 1919-жылы августта өлкөдө бирдиктүү демократиячыл, көп партиялуу жумурият түзүлдү.

Анын демократиячыл Башмыйзамы кабыл алынган окуя 1919-жылы 11-августта Түрингия жергесиндеги Веймар шаарында болгондуктан, аны тарыхта Веймар жумурияты (Weimarer Republik;1919–1933) деп да атап коюшат, бирок жумурияттын борбору Берлин шаары болгон (жаңы жумурият негизделип жаткан чакта Берлин кооптуу жай эле).

1926-жылы 8-сентябрда Германия Улуттар лигасына мүчө болуп кабыл алынды.

Веймар жумуриятынын парламентинде нацисттер да, коммунисттер да, парламенттик демократияны жактаган чордончулар да болгон.

1929-жылы күзүндө башталган дүйнөлүк экономикалык кризис Германия үчүн оор кесепет тийгизди. Ошол маалда нацисттик партия (Улуттук социалисттик немис жумушчу партиясы; немисче Nationalsozialistische Deutsche Arbeiterpartei; шарттуу кыскартканда NSDAP) жакырланган коомдо өзүнө жаңы таламдаштарды таба алды.

1930-жылы сентябрда нацисттер шайлоодо добуштардын 18,3 пайызын алууга жетишти.

Өз ара атаандашкан нацисттер менен коммунисттер өлкөдө мыйзамсыз куралдуу күжүрмөн топторду түзүүгө өтүштү.

1933-жылы 30-январда нацисттер партисынын лидери Адолф Гитлер Германиянын рейхсканцлери болуп калды.

Франц фон Папен, Адолф Гитлер жана Йозеф Геббелс. Берлин шаары. 1933-жылдын марты.
Франц фон Папен, Адолф Гитлер жана Йозеф Геббелс. Берлин шаары. 1933-жылдын марты.

Ошол жылы 3-февралда өз сөзүндө өкмөт башчы Гитлер “марксизмди түп тамыры менен жоёбуз”, “демократияны рак шишиги сыяктуу жоготобуз” жана “Чыгышта жаңы тиричилик мейкиндигин каратып алып, ал мейкиндикти аёосуз түрдө немистештиребиз” деп чыкты.

1933-жылы 27-февралда нацисттер Рейхстагдын имаратында өрт уюштуруп, аны “коммунисттер жүзөгө ашырды” деп атаандаш партияга жалаа жабышты.

5-мартта рейхстагга жаңы шайлоонун жыйынтыгында нацисттер 43,9 пайыз добушка жетишти. Бирок дагы эле алар парламенттик абсолюттук көпчүлүккө жете алышкан жок. Өкмөттөгү жетекчи орунду сактап калуу үчүн Гитлер Немис улуттук элдик партиясы деген уюм менен шериктеш болууга аргасыз болду.

8-мартта атайын токтом менен Германия Коммунисттик партиясына тыюу салынып, анын 81 депутаттык мандаты жокко чыгарылды. Германия социал-демократиялык партиясынын 26 депутаты өлкөдөн качып чыгышты же камакка алынышты.

Ушундай шартта рейхстаг 24-мартта мыйзам чыгарып, рейхсканцлер жетектеген өкмөткө мамлекеттик мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун берди.

1933-жылы 14-июлда Гитлердин өкмөтү анын нацисттик партиясынан башка саясий партияларга тыюу салган мыйзам кабыл алып, өлкө расмий түрдө бир партиялуу тоталитардык мамлекетке айланды.

Жаңы кырдаалда германдык нацисттер эл аралык ар кандай келишимдер жана уюмдар менен өз колун байлаткысы келген жок. 1933-жылы 20-октябрда нацисттик Германия өз ыктыяры менен Улуттар лигасындагы мүчөлүктөн чыгып кетти.

"Нэйшн” басылмасы 1933-жылы 5-апрелде жарыялаган карикатурада Гитлердин нацисттик режиминин адамзатка каршы мүнөзү чагылдырылган.
"Нэйшн” басылмасы 1933-жылы 5-апрелде жарыялаган карикатурада Гитлердин нацисттик режиминин адамзатка каршы мүнөзү чагылдырылган.

Эмне үчүн Советтер Биримдиги Улуттар лигасынан чыгарылган?

Советтер Биримдиги (СССР) 1934-жылы 18-сентябрда Улуттар лигасына кабыл алынды. Ал түгүл Лига Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп таанылды.

Буга чейин ал Улуттар лигасы менен ар кыл тармактарда кызматташып, өлкөнүн Эдил бою, Украина сыяктуу аймактарындагы 1920-жылдардагы ачарчылык маалында анын кайрымдуулук көмөгүн да алып жүргөн.

Албетте, Улуттар лигасынын СССРге сапарга келген өкүлдөрү советтик чекисттер тарабынан өзгөчө байкоого алынган.

Ф. Нансен, И. Г. Лорис-Меликов жана С. В. Востротин Сокольская аянтчасында. Красноярск шаары.
Ф. Нансен, И. Г. Лорис-Меликов жана С. В. Востротин Сокольская аянтчасында. Красноярск шаары.

1930-жылдары Советтер Биримдигиндеги сталиндик режим да дүйнөгө марксисттик таасирди (анын ичинде Кремлдин саясий таасирин) жайылтуунун ар кандай ыкмаларын, анын ичинде мамлекеттин сыртында диверсиялар уюштуруу, согуштук жаңжал уюштуруу ыкмаларын да колдонуп турду.

Мисалы, 1929–1942-жылдардагы Чыгыш Түркстандагы бозгун басмачыларга жана жергиликтүү улуттук боштондук күчтөрүнө каршы чекисттик жортуулдарды жана аларга тыгыз байланыштуу жергиликтүү топтордун аскердик жана террорчул аракеттерин эске алсак болот.

1939-жылы 23-августта Кремлде СССРдин тышкы иштер комиссары Вячеслав Молотов менен нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп “Өз ара кол салышпоо тууралуу келишимге” кол коюшкан.

Сталин менен Гитлер “бата берген” бул келишимди советтик тарыхнаамада “Сталиндин эптеп Гитлердин өкмөтүнүн баскынчылыгынан СССРди сактап калуу далаалаты” катары баалап келишкен.

Бирок 1948-жылы көчүрмөсү жана 1993-жылы оригиналы жарыкка чыккан соң, бул келишимдин жашыруун бөлүгүндө Советтер Биримдиги деле батыштагы жана түндүк-батыштагы коңшу өлкөлөрдү каратып алуу жаатында Гитлердин өкмөтүнүн макулдугун алгандыгы, Кремлдин өзү да нацисттик Германиянын Польшанын оодук бөлүгүн каратып алышына уруксат бергендиги, бул эки тоталитардык мамлекет 1941-жылдын 22-июнуна чейин үзөңгүлөш болушкандыгы айгинеленди.

Молотов–Риббентроп пакты түзүлгөн соң, 1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германия эгемен Польшага капысынан кол салды, ал эми СССРдин Кызыл армиясы 17-сентябрда чыгыш тараптан Польшага каптап кирди.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан кийинки сатира. "Кызык, жаш жубайлардын бал татыган айы канчага созулат?" Клиффорд Берриман тарткан карикатура. “Вашингтон Стар” басылмасы. 09.10.1939.
Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан кийинки сатира. "Кызык, жаш жубайлардын бал татыган айы канчага созулат?" Клиффорд Берриман тарткан карикатура. “Вашингтон Стар” басылмасы. 09.10.1939.

Балтика боюндагы чакан жумурияттар өз аймагында Кызыл армиянын жайгашып турушуна аргасыз макул болушту. Бул балтиялык жумурияттарга 1939-жылдын октябрь–декабрь айларында “алардын макулдугу менен” Кызыл армиянын бөлүктөрү киргизилди да, кийинки жылы ал жумурияттар СССРге каратып алынды.

Польшанын чыгышындагы жана Балтиядагы бул баскынчыл “ийгиликке” шерденген Сталин андан ары чыгыш скандинавиялык коңшусу Финляндияны каратып алуу долбоорун жүзөгө ашырууга киришти.

“Финляндия тараптан СССРге карай замбиректен аткылоо болду” деген шылтоого негизденип, 1939-жылы 26-ноябрда СССРдин өкмөтү эгемен Финляндиянын өкмөтүнө нааразылык нотасын жөнөттү.

Ал эми 1939-жылдын 30-ноябрында Кызыл армия капысынан Финляндияга кол салды. СССРде “бозгундагы коммунисттик фин өкмөтү” негизделди.

Согуштун башталышында даярдыксыз советтик жоокерлер кырылган далай учурлар болгону, акыры аскер санынын көптүгүнө салып, алар фин аскерлерин чегиндиргендиги, акыры 1940-жылы мартта Маскөө келишимине ылайык Финляндия өз аймагынын 10 пайыздайынан ажырап, бирок мамлекеттик эгемендигин сактап калгандыгы тарыхта маалым.

СССР Финляндияга каршы дал ушул баскынчыл согушту баштагандыгы үчүн Улуттар лигасы 1939-жылы 14-декабрда Советтер Биримдигин мүчөлүктөн чыгарып салды.

Тарыхый сабактар жана азыркы далаалаттар

Тоталитардык жана согушчан мамлекеттер Улуттар лигасын өзү үчүн бутун тушоологон тоскоолдук көрүшкөн. Ага мүчөлүктү да өзүнүн тар кызыкчылыктары үчүн колдонууга далаалат кылышкан.

Согушчан Жапония жана нацисттик Германия Улуттар лигасынан өздөрү чыгып кетишкен.

Ал эми лиганын тынчтыкка чакырган жоболорун сөз жүзүндө кабыл алган Советтер Биримдиги өзү анын мүчөлүгүнөн айдалган.

Акыры бул өкүмзор, согушчан, баскынчы, тоталитардык мамлекеттер тарых сахнасынан кетишти.

Эл аралык коомчулук болсо азыркы тапта мындай жексур режимдердин мурдагы башчыларын БУУнун колдоосу астындагы Эл аралык кылмыш сотуна тартуу сыяктуу чараларга барууда.

Азыркы тапта да көйгөйлөр чачтан көп.

Маселен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон Орусия XXI кылымдын башында эгемен Грузияга (2008-жылы) жана эгемен Украинага (1914-жылдан тартып) баскынчылык кылып, бир кездери КМШга мүчө болгон бул постсоветтик жумурияттардын айрым аймактарын убактылуу каратып алды.

Ушул тапта эл аралык коомчулукта “БУУнун өзүн реформалоо анын согушчан мүчөсүн Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн чыгаруу сыяктуу кадамдарды камтышы керекпи?” деген сыяктуу суроолор козголууда.

2023-жылы 17-мартта Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путинди орусиялык аскерлердин Украинага каршы баскынчылыгы маалында Украинадагы балдарды убактылуу каратылып алынган аймактардан Орусияга мыйзамсыз көчүргөндүгү (депортациялагандыгы) менен байланыштуу доо боюнча камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды.

Эми “Эл аралык кылмыш сотунун Рим макамы” (Rome Statute of the International Criminal Court) келишимине кол койгон жана ратификациялаган 123 өлкөдө Путин мырза камакка алынышы ажеп эмес.

БУУ өзүнүн резолюциялары аркылуу Орусиядан өз аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылды. БУУга мүчө бир катар өлкөлөр Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышып, Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштарын кылдат иликтөөгө жана тиешелүү кишилерди сот жообуна тартууга чакырды.

Демек, Улуттар лигасы тарыхтын архив барактарында калса да, анын эл аралык тынчтыкка чакырган осуятын аткаруу үчүн далаалаттар азыр да жүрүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG