Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Украинадагы согуш: Жапондор менен түштүк корейлер эгемен Украинаны колдошот


Фумио Кисида Киевде, 21.3.2023.
Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида баскынчы Орусия менен болгон согушта курман болгон украин жоокерлерин эскерүү дубалына келип, гүлчамбар койду. Киев, 21-март, 2023-жыл.

Орусиянын авторитардык режими 2014-жылы алгач украиндик Кырым жарым аралын басып алганда, чөлкөмдөгү мурдагы статус-квону тынч жол менен калыбына келтирүүгө үмүт байлаган көптөгөн өлкөлөр 2022-жылдын 24-февралынан бери Кремлдин баскынчыл согушуна такаат кылган Украинаны жигердүү колдоого өтүштү. Алардын арасында Ыраакы Чыгыштагы Жапония менен Түштүк Корея да бар. Тарыхчынын блогу.

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр путиндик режим 2008-жылы августта Грузиянын эки аймагына (Түштүк Осетия менен Абхазияга) аскер киргизгенде жана 2014-жылы феврал-мартта “жашыл кийимчен” жоокерлерди десант кылып аттандырып, Украинанын Кырым жарым аралын күчтөп каратып, андан соң Донбасстын айрым аймактарында эки жикчил түзүлүштү таңуулаганда, чын-чынында, бул окуяларга кошкөңүл мамиле жасашкан жана ал түгүл көрмөксөнгө салышкан.

Албетте, алар азыр дагы расмий түрдө Түштүк Осетия менен Абхазияны Грузиянын бөлүгү катары таанышат, ал эми Орусия тарабынан убактылуу каратылган Кырым жарым аралы менен Донбасстагы айрым аймактарды – дагы эле Украинанын бөлүнгүс жери деп эсептешет.

Ал эми 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын согушчан режими эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш баскычына өткөн соң, дүйнө жүзүндөгү ба ымдуу көпчүлүктөгү өлкөлөр кырдаалга өзгөчө санааркоо менен мамиле кылышып, өз көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн адилет согуш жүргүзүп жаткан Украинаны ачык колдой башташты.

Владимир Путин демократиялуу Украинаны Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болууга ынтызардыгы үчүн “жазалоого” далаалат кылам деп жатып, тескерисинче, буга чейин бейтарап болуп келген скандинавиялык эки мамлекетти – Швеция менен Финляндияны НАТОго мүчө болуп өтүүгө түртүп салды.

Постсоветтик Грузия, Молдова жана Армения жумурияттары болсо ого бетер Батышка ыктап калышты.

Орусияга “үзөңгүлөш” сыяктуу көрүнгөн менен, КЭР өз кезегинде коңшу Казакстанлын аймактык бүтүндүгүнө колдоо көрсөтөөрүн ачык билдирип, Путиндин режими Украина жана Грузия сценарийин Борбордук Азиядагы ири түрк тилдүү өлкөдө кайталай албастыгына ишаара кылды.

Ал эми Ыраакы Чыгыштагы өнүккөн өлкөлөрдүн турумдары кандай болууда?

Нааразылык жыйында. Токио. 26.2.2022.
Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушун айыптаган нааразылык жыйын учурунда. Токио, Жапония. 26.2.2022.

Жапония Кремлдин баскынчыл согушун айыптады

Орусиядагы путиндик режимдин 2022-жылдын 24-февралындагы Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушка өтүүсүн расмий Токио дароо эле айыптап чыкты.

Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида 2022-жылы 25-февралда Кремлдин согуш аракетин сынга алды:

“Статус-квону өзгөртүүгө багытталган бир тараптуу далаалат... Европада эле эмес, Азияда жана алардын чегинен тышкары (аймактарда) эл аралык тартипке олуттуу кесепеттер” тийгизет, – деди Ф.Кисида.

Жапон өкмөтү Орусияга каршы өз атынан да чектөөлөр жарыялады.

Ал түгүл Украинанын баскынчыларга каршы согуш жүргүзүп жаткан аракеттерине колдоо иретинде 2023-жылы март айында Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида мырза Киев шаарына расмий сапар менен келип кетти.

Фумио Кисида жана Владимир Зеленский. Киев. 21.3.2023.
Жапон өкмөт башчысы Фумио Кисида жана украин президенти Владимир Зеленский. Киев. 21.3.2023.

2024-жылдын башында Жапонияга иш сапар менен келген украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Токиодогу басма сөз жыйыны маалында шардана кылган маалыматка караганда, Жапония тарабынан Украинага буга чейин берилген жана убада кылынып жаткан жалпы каржылык көмөктүн көлөмү – 12 миллиард доллардан көбүрөөк.

2024-жылдын январына карата Жапония Украинага 7 миллард доллардан ашуун көлөмдөгү каржылык жардам берүүгө үлгүргөн.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын башында Жапония Украинага каржылык көмөк көрсөткөн башкы өлкөгө айланды.

Албетте, Жапония азыркы тапта дагы Украинага ар тараптуу жана негизги колдоо көрсөтө алчу кубаттуу мамлекет – АКШ экендигин баса белгилеп келет.

Жапон өкмөт башчысы Фумио Кисида АКШнын парламентинде республикачылар менен демократтар расмий Кевге чукул арада көмөк көрсөтүү маселесинде өз ара тил табыша албай жаткан чакта Вашингтонго иш сапар менен келип кетти. Быйыл 4-апрелде АКШнын Конгрессинде чыгып сүйлөп жатып, ал эгерде АКШ Киевге жардамын солгундатса, анда Украинанын жаркын тилектери “Маскөөнүн кысымы астында” ойрон болушу ыктымал экендигин туюнтту.

Фумио Кисида Буча шаарында. 21.3.2023.
Жапон өкмөт башчысы Фумио Кисида Орусиянын Украинага каршы согнушунжда жабыр тарткан Буча шаарындагы жалпы көрүстөнгө гүлдесте койду. 21.3.2023.

Жапония Украинага каржылык көмөк гана көрсөтпөстөн, азык-түлүк, дары-дармек, автоунаалар, электр кубатын өндүрүүчү генераторлор, минадан тазалоо жабдуулары, чопкуттуу коргонуу кийимдери сыяктуу жапондук мыкты сапаттагы товарларды да жөнөтүүдө.

Азыркы тапта Жапония америкалык “Пэтриот” (“Patriot”) зениттик ракета атуу комплексине ок-дары катары колдонулуучу ракеталарды өз алдынча өндүрүп чыгаруу укугу бар өлкө болуп саналат. Соңку мезгилде жапон басма сөзү расмий Токио Украинанын куралдуу күчтөрүн ушул ракеталар менен тикелей эмес, арачылар аркылуу кыйыр жабдуу жаатын карашы мүмкүн, деген жоромолдорду жарыялады.

Кремлге карата дипломатиялык өтө сак саясий турумда болуп келген расмий Токионун Украинага ачык ылым санай башташы жана каржылык көмөгүн күчөтүшү Жапониянын өкмөтүнүн азыркы доордо Кремлдин эл аралык саясатта аскер күчүн колдонуу аркылуу мурдагы статус-квону өзгөртүү далаалатын кабыл албай тургандыгы менен байланыштуу болду.

Расмий Токио ушундай эле турумду КЭРдин эгемен Тайванга карата зекиткен саясатына каршы билдирип келет.

Кисида жетектеген азыркы жапон өкмөтү дүйнөнүн ири мамлекеттеринин расмий Кремлге каршы чектөөлөрүн (санкцияларын) да чечкиндүү колдоп чыкты.

Эгемен Украина дагы жөн калбады. Ал дагы Жапонияга тилектештик билдирүүдө.

Маселен, 2022-жылы октябрда Украинанын Жогорку Радасы кабыл алган бир токтомдо Курил аралдарындагы мурдагы Советтер Биримдигинин, азыркы Орусиянын карамагында калган жана Кремл менен Токионун өз ара дипломатиялык талаш-тартышынын бутасы болуп келе жаткан аралдар (бул аралдар жапондук геосаясий термин боюнча “Түндүк аймактар” деп аталат) “Орусия Федерациясынын баскынчылыгы астында кала берип жаткан” аймактар катары расмий таанылды. Ушундай мүнөздөгү расмий тыянак Украинанын президенти Владимир Зеленский кол койгон жарлыкта да тастыкталды.

Токио Орусия менен экономикалык байланыштарын айрым тармактарда аздыр-көптүр улантып келет. Маселен, ал мунай жана газ жаатындагы “Сахалин–2” долбоору менен кол үзгөн жок.

Бирок расмий Токио Орусия менен мурдагыдай жогорку середеги экономикалык байланышты калыбына келтирүү маселесин орусиялык баскынчы аскерлердин эгемен Украинанын аймагынан чыгып кетиши жана Чыгыш Европада тынчтыкты калыбына келтириши менен байланыштырууда.

Нааразылык жыйын. Сеул шаары. 29.1.2023.
Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушун жектеген нааразылык жыйын Орусиянын Түштүк Кореядагы элчилигинин жанында уюштурулду. Сеул шаары. 29.1.2023.

Түштүк Корея да Украинаны колдоодо

Ал эми Ыраакы Чыгыштагы дагы бир демократиялык өлкө – Түштүк Корея болсо, Маскөөнү толук колдоп жаткан Түндүк Кореядагы диктатордук режимден айырмаланып, эгемен Украинаны ырааттуу колдоп келет.

2022-жылы 25-февралда Түштүк Кореянын бийликтери АКШ менен Европа Биримдиги тарабынан Орусияга каршы киргизилген чектөөлөрдү жүзөгө ашырууга бара тургандыгын ачык шардана кылган.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги “Твиттер” аркылуу ошо жума күнү (25.2.2022) жарыялаган билдирүүдө мындайча айтылган:

“Эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү катары Корея өкмөтү [Орусиянын] куралдуу баскынчылыгын ооздуктоо жана кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн [эл аралык коомчулуктун] аракеттерин, анын ичинде экономикалык санкцияларды колдойт жана аларга кошулат”.

Ал эми 2021-жылдын соңуна карата Орусия Түштүк Корея менен жигердүү соода алакаларын жүргүзүп келген онунчу ири өлкө болгон. БУУнун соода жана өнүктүрүү жаатындагы жыйынында маалымдалгандай, ошол жылы Түштүк Кореянын Орусияга экспорту 9,97 миллиард АКШ долларына тете көлөмдө болгон.

Орусия болсо 2021-жылы Түштүк Кореяга 17 миллиард АКШ долларынан ашуун көлөмдө товар (анын ичинде мунай жана газ) чыгарган.

Орусия Түштүк Кореядан сатып алып жаткан автоунаалар, компүтер сыяктуу электрондук товарлар, жарым өткөргүчтөр, учак тетиктери сыяктуу баалуу товарлар кыска мезгил ичинде кан буугандай токтоду.

Ошондуктан расмий Кремл Түштүк Кореяны “кас душман” мамлекеттердин тизмесине киргизди.

Украина 2022-жылы 13-июлда коммунисттик Түндүк Корея менен дипломатиялык алакаларын үзүп салган, анткени Кремлдин көкүтүүсү менен расмий Пхеньян өздөрүн өздөрү эгемен жарыялаган Луганск жана Донецк жикчилеринин “өкмөттөрүн” расмий тааныган болчу.

1992-жылдан бери Киевде – Түштүк Кореянын, Сеулда – Украинанын элчиликтери иш жүргүзүп келишет.

Ушул тапта Орусия Түндүк Кореядагы коммунисттик диктатуралык режимден Украинадагы баскынчыл согушу үчүн ракета, дрон жана башка ок-дарыларды сатып алууда. Ошол эле учурда Кремл Пхеньянга аскердик жогорку технология жаатындагы көмөгүн көрсөтүүдө.

Ал эми Түштүк Корея болсо Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушун эл аралык тартипке каршы коркунуч катары кескин мүнөздөгөн турумун улантып келет.

Түштүк Кореянын президенти Йүн Согөл (Yoon Suk Yeol) мырза 2023-жылы 19-апрелде Рөйтер кабар агенттиги үчүн курган маегинде Украинага согуш куралдарын жөнөтүү ниети тууралуу айткан. Ал карапайым жарандар өтө ири көлөмдө кыргынга учурап жаткан өлкөгө каржылык көмөк көрсөтүү менен чектелүү туура эмес экендигин кыйыткан.

Анын сөзүнө жооп кылып, эртеси, 20-апрелде, Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев Түштүк Корея канчалык Украинага аскердик көмөк кылса, ошондой эле көлөмдөгү аскердик көмөктү Кремл Пхеньянга сунуштай алат (“quid pro quo” – “саламга жараша алик” болот), деп билдирген.

Президент Йүн Согөл 2023-жылы июлда Литвадагы НАТОнун саммитине катышкан соң жана Польшага барган соң, капысынан Украинанын борборуна расмий сапар менен келди.

Түштүк Кореянын президенти Йүн Согөл Буча шаарында. 15.7.2023.
Түштүк Кореянын президенти Йүн Согөл мырза, анын жубайы Ким Көң Хи айым жана Украинанын Башкы прокурору Андрей Костин (оңдо) Буча шаарындагы жалпы көрүстөндө. 15.7.2023.

Расмий сүйлөшүүлөрдүн алдында ал орусиялык баскынчылар ойрон кылган Буча жана Ирпен шаарларын кыдырып, мында 2022-жылы орусилык баскынчылар тарабынан кыргынга кабылгандарга багышталган эстеликтерге гүлдесте койду.

Ал 2023-жылы 15-июлда, ишембиде, Киев шаарында украин президенти Владимир Зеленский менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү.

Бул жолугушуудан соң президент Зеленский басма сөз жыйыны маалында Түштүк Кореяга Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн ырааттуу көрсөтүп келген колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент Йүн Согөл болсо 2022-жылы өз өлкөсү Украинага 100 миллион доллар кайрымдуулук көмөгүн берсе, 2023-жылы бул көлөм 150 миллион долларга жеткириле тургандыгына убада кылды.

Президенттер Йүн Согөл жана Владимир Зеленский. 15.7.2023.
Президенттер Йүн Согөл жана Владимир Зеленский. Киев шаары. 15.7.2023.

Ал эми “Ассошиэйтед Пресс” кабар агенттигинин ошол маалдагы суроолоруна берген жообунда Йүн Согөл мырза азыркы согушуп жаткан Украинаны 1950-жылдардагы Түштүк Кореяга салыштырып, эл аралык коомчулуктун көмөгү менен өз өлкөсү коммунисттик Түндүк Кореяны укмуштуудай жеңип чыга алгандыгын жана андан соң дүйнөдөгү экономикасы жогору өнүккөн өлкөлөрдүн сабына суурулуп чыккандыгын эскерди.

Түштүк Корея бийликтери расмий Киев менен Украинаны айрым аймактардагы согуш бүлгүнчүлүгүн жоюуда жана бул өлкөдөгү кыйраган инфратүзүмдү калыбына келтирүүдө кызматташа тургандыгы жөнүндө эки тараптуу келишимдер да түздү.

Маданий жана агартуу жаатындагы кызматташтык да жигердүү улантылууда. Украинада корей тилин үйрөткөн бир нече окуу жайлары бар.

2008-жылдан бери Украинада сыналгыда көрсөтүлүп жаткан түштүк кореялык сериалдар өзгөчө кызыгуу жаратып келет. 2019-жылы түштүк кореялык режиссёр Пон Чжу Хо жараткан жана кийин “Оскар” сыйлыгына да татыган “Мителер” (корейче “Кисэнчхун”) тасмасы Одесса эл аралык кино фестивалынын ачылышында алгачкы сыйлуу тасма болуп көрсөтүлгөн.

Расмий Сеул Украинаны курал-жарактар менен тикелей жабдуудан алигиче карманып жатканына карабастан, НАТОго мүчө өлкөлөр үчүн ок-дары өндүрүү жаатында анын өзүнүн салмактуу орду бар.

Демек, Түштүк Корея Украинага тикелей курал-жарак жана ок-дары сатпаган учурда дагы, расмий Сеул НАТОнун мүчө өлкөлөрүнүн аскер кампасын айрым ок-дары түрлөрү менен жабдуу аркылуу бул өлкөлөрдүн өз ок-дарысын Украинага жөнөтүүсүнө кошумча огожо болуп берүүдө.

Кыскача корутундуласак, Жапония менен Түштүк Кореянын моралдык жана каржылык кайрымдуулук жардамдары дагы эгемен Украинанын баскынчы Орусияга каршы адилет күрөшүнө эл аралык коомчулук ырааттуу көрсөтүп жаткан ар тараптуу жардамдын орчун бөлүгү жана жапон, корей элдеринин каарман украин эли менен тилектештигинин көрүнүшү болуп саналат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG