Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Виктор Пивоваров: Путиндин баскынчыл согушун ачык айыптап, жазага кабылган диниятчы карыя


Виктор Пивоваров. 01.5.2023.
Христиан диниятчысы Виктор Пивоваров (1937-ж. туулган). 01.5.2023.

Орусиянын карапайым калайыгынын ар кыл муундагы өкүлдөрү президент В.Путиндин Украинага каршы баскынчыл согушун айыпташууда. Алардын бири, 87 жаштагы диниятчы Виктор Пивоваров согушка каршы турумун билдиргендиги үчүн экинчи ирет каржылык жазага кабылды. Тарыхчынын блогу.

Виктор Пивоваров – ким?

Христиан диниятчысы жана публицисти Виктор Пивоваров тууралуу орус христиан чиркөөсүнүн заманбап тарыхынан кабардар адистер дурус билишет, бирок биздин окурмандарыбыздын калың катмары үчүн анын кимдиги дээрлик белгисиз.

Ошондуктан анын өмүр таржымакалы тууралуу кыскача гана баяндай кетелик (албетте, ортодокс христиан жамаатынын ар кыл агымдарына байланыштуу дин таануу жаатындагы кызматтарды көрсөткөн терминдерге кеңири токтолуп отурбайбыз).

Диниятчы Виктор (жарандык толук ысымы Виктор Иванович Пивоваров) 1937-жылы 8-февралда Орусиянын Алтай чөлкөмүнө (Алтай крайына) караштуу Бийск районундагы Верх-Катунское кыштагында туулган. Бул кыштак Алтайдагы ири Катын дарыясынын оң жээгинде федералдык автожолдун четинде жайгашкан. Кыштакта совет доорунда асыл тукум мал өндүрүү, анын ичинде аргымактардын түрүн багуу менен алектенген “Катунь” ишканасы жайгашкан.

Анын атасы Иван Пивоваров Экинчи дүйнөлүк согушта набыт болгон. Виктордун карапайым дыйкан болгон энеси төрт баланы тарбиялоо түйшүгүн жалгыз өзү көтөргөн. Ал бала чагында эле болшевиктерди жек көрүп калганын мындайча айткан:

“Мен болшевик чекисттердин апамды кантип мазакташкандыгын өз көзүм менен көрдүм. Болшевизмден (энем үчүн) өч алууга ант бердим”.

1951-жылы Пивоваровдордун чакан үйүнүн бөлмөсүн батир катары жалдап жашай баштаган Яков Аркатов (1904–1991) деген диниятчы өспүрүм Витя Пивоваровдун дүйнөгө карата көз карашына терең из салгандай үч жыл бою таалим берген. Яков Архатов православдардын расмий чиркөөсүнүн коммунисттердин бийлигине моюн сунуп калгандыгын четке каккан жана тарыхта “катакомбчулар” (“казанбакчылар”) деп аталган антисоветтик христиандык агымдын өкүлү болгон.

Виктор Пивоваров жети жылдык мектептен соң, техникумда бир гана жыл окуп, аны таштап салган. Эгерде ал техникумда окуусун улантса жана кийин тийешелүү адис болуп чыкса, анда өзүн комсомол уюмуна милдеттүү түрдө мүчөлүккө өткөрүшөт ко деп Виктор чочулаган.

Анча мынча мезгилди ал атайын жүдөмүштүк кебетеде болуп жер кезген христиандык селсаяктын абалында өткөргөн. Орусча “юродивый” деп аталган бул селсаяктык турмуш – акылдан азгандардын эле эмес, айрым мусулман сопуларындай акыл-эстүү туруп, атайылап “думаначылык” үгүт кылгандардын да көндүмү болгон.

1963-жылы ал ортодокс (православ) христиандардын Маскөө руханий семинарийине тапшырган, ал эми 1967-жылы Маскөө руханий академиясына өткөн. Бул академия Орус православ чиркөөсү үчүн диний кызматкерлерди жана окутуучуларды даярдайт. Академия Маскөө облусундагы Сергиев Посад шаарында жайгашкан Троица-Сергий чиркөөсүндө (“лавра”) негизделген.

1970-жылы, акыркы курста окуп жаткан чагында, Виктор Пивоваров Советтер Биримдигинин Компартиясынын идеологдорунун көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз аткарып жаткан Орус православ чиркөөсүнүн жетекчилигинин ишмердигине каршы сын көз карашта болгондугу үчүн христиандык диний академиядагы окуусунан чыгарылган.

Ал Советтер Биримдигинде үстөмдүк кылган “социализмди куруу” идеяларына каршы чыккандыктан, эч бир расмий кызматка барбастан, Маскөө партиархиясына караштуу мекемелерде туш келди кара жумуштарды аткарып жан баккан. Ошол эле учурда ал өз оюн эркин жазууга да умтулган.

Виктор Пивоваров “Инжилдин” “Жаңы осуятынын” акыркы бабы болгон “Иоанндын шарданасы” (аны “Апокалипсис” деп да коюшат) деген китепке карата өзүнүн сын пикирлерин китеп кылып жазган. Бул түшүндүрмө эмгекти ал “Жети баштуу жыландын кучагында” деп атаган.

В.Пивоваровдун бул чыгармасы антисоветтик мазмуну менен айырмалангандыктан, КГБ бул эмгектин кеңири таркатылышына каршы чаралар көргөн. Орусиялык христиандар бул чуулгандуу китептин негизги нускасын өрттөп салууга аргасыз болушкан.

В.Пивоваровдун “Жети баштуу жыландын кучагында” китебинин үчүнчү бөлүгү гана чет өлкөгө жашыруун жөнөтүлүп, 1984-жылы Канаданын Монреал шаарында “автору белгисиз эмгек” катары кайрадан басылган.

(Айтмакчы, В.Пивоваров Чет өлкөдөгү орус православ чиркөөсүнүн чакыруусуна ылайык 2006-жылы Канадада да болуп кайткан).

Орусияда коммунисттик режим кулаган соң, 1992-жылы Чет өлкөдөгү орус православ чиркөөсү Орусиянын ичкерки аймактарында да өз бөлүмдөрүн ачууга мүмкүндүк алган. Виктор Пивоваров 1993-жылы 5-апрелде бул атаандаш чиркөөдө “диакон” даражасын алган. Ошол жылдын соңунда диниятчы кызмат даражасын алган. Бул диний даражасы талаш-тартыш туудурган. Анын башка да даражаларынын чоо-жайын калтыралы.

2003-жылы июнда ал Чет өлкөдөгү орус православ чиркөөсүнүн расмий чечими менен “кечил” (“монах”) даражасына өтөт. Ошол жылдын 30-июнунда ага эпископ ("епископ") даражасы берилген.

2003-жылы 28-ноябрда ал Чет өлкөдөгү орус православ чиркөөсүнүн Славяндык жана Түштүк Орусиялык жетекчи эпискобу кызматына дайындалган.

Өз чиркөөсүндөгү ички ыйкы-тыйкылар күчөгөн соң, 2006-жылы В.Пивоваров санаалаштары менен бирге жаңы чиркөө уюштурган. Ал “Орусия православ чиркөөсү” (кыскача "РосПЦ") деп аталып калган. Эми ал “архиэпископ” даражасына ээ болуп калды.

Бирок бул чиркөөнүн Биринчи иерархы, митрополит Антоний Орлов Орусиядагы ашынган улутчул уюмдарды (“Парабеллум”, “Минин жана Пожарский атындагы элдик кошуун” ж.б.) ачык колдоого алып чыккан кезде, 2009-жылы декабрда Виктор Пивоваров митрополит Антоний менен диний кызматташтыкты үзгөнүн жарыялаган. Анткени алиги ашынган орус улутчулдары сталинизмди жакташкан, ал эми диниятчы Виктор үчүн сталинизм Чет өлкөдөгү орус православ чиркөөсү жана анын мураскору болгон Орусия православ чиркөөсү үчүн эч качан келишүүгө мүмкүн болбой турган зыяндуу саясий агым болуп саналат.

2024-жылы Виктор Пивоваров Орусиянын Краснодар чөлкөмүндөгү (крайындагы) Славянск-Кубан (орусча Славянск-на-Кубани) шаарында жайгашкан Свято-Покровск-Тихон ыбаадатканасында өз кызматын улантып келүүдө.

Анын чиркөөсүн Орусиядагы ортодокс христиандардын расмий чиркөөсү жикчил жана жаңылыш көз караштагы атаандаш диний уюм катары жектеп келет.

Виктор Пивоваровдун Орусиядагы саясий режимге карата көз карашы

Ортодокс христиан диниятчысы жана публицист Виктор Пивоваров үчүн мурдагы СССРдеги тоталитардык режимди негиздеген Владимир Ленин жана анын чыйырын уланткан Иосиф Сталин гана эмес, азыркы тапта Орусиянын президенти болуп бийлик тизгинин мыкчый кармап келе жаткан Владимир Путин дагы “шайтандын шапалактары” болуп саналышат.

2014-жылдын башында В.Путиндин режими эгемен Украинанын бөлүгү болгон Кырым жарым аралына кол салган чакта, диниятчы Виктор Пивоваров өзүнүн жамааты үчүн айткан диний үгүттөрү маалында бул баскынчыл аракеттерди терең айыптаган жана Кырымды басып алууну “мыйзамсыз” деп ачык сынга алып, терс баалаган.

Анын оюнча, Кырым жарым аралында украиндик бийликтердин катышуусу жок опур-топур өткөрүлгөн “референдум” дагы мыйзамсыз жорук болгон.

Ал эми 2022-жылы 24-февралда путиндик режим баштаган Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушту диниятчы Пивоваров ого бетер кескин сынга алган.

В.Пивоваров Украинадагы согушту “баскынчыл” жана “оторчул” деп терс баалаган. Анын оюнча, “Украина Орусияга каршы эч кандай жамандык кылган эмес болчу”.

“Эгерде биздин танктарыбыз алардын (б.а. украиндердин) жеринде жүрүшсө жана жоокерлерибиз аларды жапайыларча мазактап жатышса, анда, демек, биз – баскынчылар болуп саналабыз”, деп В.Пивоваров Свято-Покровск-Тихон ыбаадатканасындагы өз үгүттөрүндө көп ирет айткан.

Тасма. Карыя Виктор Пивоваров соттон кийин. Славянск-Кубан шаары, Краснодар, Орусия. 08.4.2024.

Карыя диниятчыны жазалоо

Албетте, орусиялык бийликтер 2024-жылы өзүнүн 87 жаштагы чайын ичип жаткан бул “бейбаш” карыяны абакка салууга батынышпаса керек.

Бирок аны каржылык жазага тартууга мүмкүн эмеспи.

2023-жылы март айында Славянск-Кубан шаарындагы Славянск райондук соту Виктор Пивоваровду согушка каршы үндөөлөрү үчүн 40 миң рубл көлөмүндө акчалай жазага тартты.

Тагылган айыптоодо карыя диниятчы 2023-жылдын 19-февралындагы диний насааты маалында “Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн колдонулушун жаманаттыга алууга багытталган коомдук ачык иш-аракетке барган” деп айтылган.

Виктор Пивоваров. 21.04.2023.
Орусиялык ортодокс христиан диниятчысы Виктор Пивоваров. 21.04.2023.

Ал эми 2023-жылы июнда Виктор Пивоваров Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун Владимир Путинди камакка алуу тууралуу буйругун өз жамаатына шардана кылып, андан тышкары орус православдарынын расмий чиркөөсүн Орусиянын атайын кызматтары менен кызматташып жаткандыгы үчүн да сынга алган.

2023-жылы 3-сентябрда Виктор Пивоваров коопсуздук кызматтары тарабынан убактылуу кармалган. Ошол эле учурда ал иштеген ыбаадатканада тинтүү жүргүзүлгөн.

2023-жылы декабрда Виктор Пивоваровго каршы кылмыш иши ачылган. Анын Украинадагы баскынчыл согушту айыптоосу “Орусиянын Куралдуу күчтөрүн кайрадан жаманаттыга алуу” катары бааланган.

Ал эми 2024-жылдын 8-апрелинде Краснодар чөлкөмүнүн Кубан жергесиндеги Славянск-Кубан шаарындагы Славянск райондук соту 87 жаштагы диниятчы Виктор Пивоваровду 150 000 рубл көлөмүндө каржылык жаза төлөөгө милдеттендирген дагы бир өкүм чыгарды.

Сот залынан сыртка чыккан соң сүйлөгөн сөзүндө Виктор Пивоваров азыркы тапта украиндер менен орустарды бири-бирине согушка кайраштырбастан, “христиандар жалпылап болшевиктерди жеңүүсү керек, ошондо нагыз жеңиш камсыз болот”, – деген оюн билдирди.

Анын ою тууралуу кошумча жоромол кылсак, сыягы, азыркы бийликтеги путинизмди да карыя диниятчы мурдагы “болшевиктик жамандыктын” бир уланды бөлүгү катары карап жаткандай.

8-апрелдеги сот өкүмү тууралуу кабарды украин журналисти Антон Геращенко 2024-жылы 9-апрелде “X” тармагындагы өз барагына жарыялады.

А.Геращенконун айтымында, карыя В.Пивоваровдун “Бүгүнкү күндө ар бир кишини тынчсыздандырган “деги бул – эмне деген согуш?” деген суроого жооп” аттуу макаласы үчүн анын үстүнөн иш козголгон.

"Жардырылып салынган Каховка ГЭСи көптөгөн калайыктын өмүрүн алып кетти, ал эми суу каптоо дээрлик бүт Херсон аймагын ээн калтырды. Бул эң шумдуктуудай жамандыктын жаратуучулары өз руху жагынан шайтанга толугу менен шайкеш", – деп орус диниятчысы Виктор Пивоваров Украинадагы согуш кылмыштарынын уюштуруучуларын айыптагандыгын А.Геращенко баса белгилеген.

Путиндин режиминин Украинага каршы баскынчыл согушун айыптаган орусиялыктар көп санда экендиги жөнүндө айтылып жүргөн кеп кургак болбосу үчүн бул блогубузда ошондой каршылыгын билдирген карапайым орусиялыктардын дагы бир өкүлү катары диниятчы карыя Виктор Пивоваровду мисал кылып өттүк.

Украинадагы баскынчыл согушка каршы болгон кээ бир орусиялыктар үйүнүн ашканасында отуруп, тар чөйрөдө гана өз нааразылыгын билдиришсе, же быйылкы президенттик шайлоо маалында жекшембиде чак түштө шайлоо бекеттеринин алдына келүү сыяктуу пассивдүү ыкмалар менен гана өз турумун туюнтушса, ал эми карыя В.Пивоваров сыяктуу жарандар өздөрүнүн өкмөтүнүн согушчан саясатына каршы сын пикирлерин өз саясий деңгээлине, идеологиялык жана диний түшүнүгүнө ылайык коомчулук алдында тайманбастан ачык билдиришүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG