Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Украина Түштүк Курил аралдарын Жапонияныкы деп тааныды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Курил кыркасынын түштүк аралдарын таануу тууралуу жарлыкка 7-октябрда кол койду. Ага ылайык, Украина Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдарын Жапониянын Орусия оккупациялап алган аймагы деп тааныйт. Өлкө парламенти – Жогорку Рада бул чечимди көпчүлүк добуш менен колдоду.

Зеленский дүйнө коомчулугун ушул кадамга барууга чакырды жана Орусия оккупациялап алган бардык аймактар белгилүү бир убакыттан кийин баары бир бошотуларын айтты.

30-сентябрда Орусия Украинанын өзүн "ДЭР", "ЛЭР" деп атап алган аймактарын, Херсон облусун, Запорожье жана Николаев облустарын аннексиялаганын жарыялаган. Дүйнө коомчулугунун көпчүлүгү орус бийлигинин бул кадамын айыптаган.

Түштүк Курил аралдары Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССРдин көзөмөлүнө өткөн. Жапония алар СССРге, кийин анын мураскери катары Орусияга мыйзамсыз коштурулган деп эсептейт. Орусия аталган аралдарды өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө тынчтык келишимин түзүү боюнча диалогун токтото элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG