Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленди


Нооруз. Бишкек. 21-март, 2015-жыл.
Нооруз. Бишкек. 21-март, 2015-жыл.

Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара Бишкекте дагы өзгөчө шаан-шөкөт менен өттү.

Ала Тоо аянтында уюштурулган майрамдык салтанатты көрүүгө көп эл келип, театралдаштырылган оюн-зоок, ыр-бийлерге күбө болушту.

Бишкек шаарында эң негизги майрамдык салтанат Ала Тоо аянтында өттү. Майрамга даярдык көрүү таң эрте башталды. Саат 10дон кийин Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган майрамдык концерт шаар тургундарынын назарына сунушталды.

Концерттик программанын жүрүшүндө шаар мэри Кубанычбек Кулматов борбор тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады:

- Жадыраган жазда келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин. Нооруз майрам жан дүйнөнүн, тазаруунун майрамы. Бул күнү ар бир адам өзүнө жакшы ниет, жакшы ырыс тилейт.

Нооруз майрамына арналган концерттик программанын көрүүчүлөрү. Бишкек. 21-март. 2015-ж.
Нооруз майрамына арналган концерттик программанын көрүүчүлөрү. Бишкек. 21-март. 2015-ж.

​Майрамды белгилөө үчүн Ала Тоо аянтына эл көп келген. Алардын айрымдары Кыргызстандын элине "Азаттык" аркылуу куттуктоолорун жолдошту.

Кубанычбек Садалиев, Бишкек шаарынын тургуну: Майрамдык салтанат аябай жакшы уюштурулуптур. Неберелерди ээрчитип майрамдайын деп келдик эле. Элибизге тынчтык, токчулук каалайм.

Болду Тойчугулова, Сокулук айылынын тургуну: Бүгүнкү күн жалпы элдин майрамы. Жыл тогошуу мезгилинде эл-журтка тынччылык, токчулук каалайм. Ыймандуу, ырыс-кешиктүү болушсун.

Ала Тоо аянтындагы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Нооруз майрамына карата уюштурулган майрамдык салтанат түшкү саат бирге чейин созулду. Андан кийин концерттик программаны Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын өкүлдөрү улантышты. Аталган ассамблеянын өкүлдөрү концерттик программага чейин ар түрдүү улуттардын маданиятын чагылдырган көргөзмөнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында өткөрүшкөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин коомдук уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Эсенбек Тогонбаев иш-чара ар улуттагы элдердин ынтымагын бекемдөө максатында уюшулганын айтты:

Нооруз майрамына карата уюшулган ар улуттун башын бириктирген көргөзмө. Сүрөттө түрк диаспорасынын өкүлдөрү. Бишкек. 21-март. 2015-ж.
Нооруз майрамына карата уюшулган ар улуттун башын бириктирген көргөзмө. Сүрөттө түрк диаспорасынын өкүлдөрү. Бишкек. 21-март. 2015-ж.

- Иш-чарага 17 диаспоранын өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшуп, үрп-адат, каада-салттары менен тааныштырды. Көргөзмөнү уюштуруу менен биз ар улуттагы элдин биримдигин көрсөтүүнү максат кылганбыз. Кыргызстанда жашаган ар бир улут башка улутка тиешелүү үрп-адат, каада - салттарды көрсө аларга болгон көз караш өзгөрөт. Эң негизгиси ынтымак күчөйт.

Бишкек шаарында майрамдык салтанат борбордук Ала-Тоо аянтында гана эмес, шаарга караштуу төрт райондун аймактарында да уюшулган. Эски аянтта болгон спорттук иш-чараларда шаар тургундары айрым бир спорт түрлөрүнөн өз күчтөрүн сыноого мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында бул күнү “Нооруз 2015” аталышындагы көкбөрү мелдешинин финалдык таймашы болуп, кыз куумай, аламан байге өңдүү ат оюндарынын бир нече түрүнөн байгелер ойнотулду.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG