Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Бүгүн кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашууда


Нооруз. Бишкек шаары.
Нооруз. Бишкек шаары.

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында Нооруз майрамы белгиленүүдө.

Борбор калаа тургундарын бүгүн Нооруз майрамы менен Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов куттуктады. Учурда борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Майрамга байланыштуу бир катар мамлекет башчылары Кыргызстандын элине жана президентине куттуктоо жолдошту.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында Нооруз Жер жүзүндө эң байыркы майрамдардын бири катары XXI кылымдын башында БУУнун деңгээлинде эл аралык майрам катары таанылгандыгы белгиленип, “Бул майрам жазгы күн менен түндүн теңелишин гана билдирбестен, жаратылыштын жаңыланышын, жашарышын да туюндуруп, жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларга сугарылган”, - деп айтылса,

Казак президенти Нурсултан Назарбаев “Достукка жана өз ара түшүнүүгө негизделген, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле мында ары да, биздин элдин жыргалчылыгы үчүн бекемдей берээрине ишенем”, -деп;​

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун куттуктоосунда: “Кылымдар бою Нооруз жаратылыштын жанданышын жана жаңылануусун ачык туюндурат, боордош жакын элдерибиздин таза тилектерин жана жаратман рухун, кайталангыс маданиятын белгилейт, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн тамыры терең салттарын бекемдөөгө көмөктөшөт”, - деп айтылат.

Бул күндү дүйнөнүн чар тарабындагы кыргыздар да жыл сайын белгилеп келишет.

Бул Москвада кыргызстандыктар Нооруз майрамын алдын ала тосуп, шаардагы кыргыз кафелеринин бириде сүмөлөк жасашты. «Интернеттеги Фейсбук социалдык тармагында Москвада жүргөн кыргыздардын тайпасы бар. Бул тилек ошол тайпада жаралган. Чет жакта жүрсөк дагы, ата-баба салт-санаасын унутпайлы», - дейт уюштуруучу Бусурманкул Шакиров. Интернетте жаралган тилекти мекендештер колдоп, 30 чакты адам бириккен.​

Москвадагы сүмөлөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 6-7-кылымдарга барат. Нооруз сөзү фарс тилинин “нов” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет.

XS
SM
MD
LG