Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:43

Диниятчылар экстремизм тамырын жулгусу келет


Бишкекте өткөн диний симпозиумдун катышуучулары.
Бишкекте өткөн диний симпозиумдун катышуучулары.

Бишкекте өткөн ислам радикализмине каршы күрөшүүгө багытталган симпозиумга 16 өлкөнүн муфтийи, дин жаатындагы илимпоздор жана имам-хатибдер катышты.

Жыйында мусулмандар басымдуу бөлүгүн түзгөн өлкөлөрдө адамгерчиликсиз экстремизм тездик менен күч алып жатканы, диний радикализмге каршы биргелешип күрөшүү чакырыктары айтылды.

Муфтият Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге уюштурган “Диний экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталыштагы эл аралык симпозиум Европа, Араб жана Борбор Азия өлкөлөрү катышкан алгачкы жыйын болуп калды.

Иш-чаранын негизги уюштуруучусу - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы буга бир катар өлкөлөрдөгү ислам радикализми жана Борбор Азияга жаңыдан тамыр жайган такфиризм коркунучу негизги себепчи болгонун маалым кылды.

Бишкекте өткөн диний симпозиумдун катышуучулары
Бишкекте өткөн диний симпозиумдун катышуучулары

Кыргызстандын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов бул иш- чара аркылуу “Ислам мамлекети” радикал тобуна, адамгерчиликсиз экстремизмге каршы турууда, кандуу кагылыштар жүрүп жаткан аймактарга жакын өлкөлөрдүн диниятчыларынын сунуштары коопсуздукту сактоого көмөкчү болот деген үмүттө:

- Соңку мезгилде болуп жаткан диний экстремизмге, анын ичинде такфиризмге каршы туруу боюнча көптөгөн докладдар окулду. Такфирчилик же мусулман адамдарды мусулман эмессиң деп бөлүп-жаруу тууралуу да сөз болду. Эми ушул баяндаманы атайын топтом кылып чыгаруу милдети турат. Бул топтом студенттер, медреселер жана эксперттер үчүн өтө чоң макала болуп берет.

Эл аралык жыйынга катышып жаткан Сауд Арабия падышалыгынын дин иштери боюнча министринин орун басары Абдулла Ал-Хузейр Борбор Азия өлкөлөрү диний мекемелерди мамлекеттик көзөмөлгө алуусу керектигин, орток исламды кармануу жаатында Сауд Арабия тажрыйбасына ыктоо зарылдыгын белгиледи:

Муфтий Максат ажы Токтомушев менен Сауд Арабия падышалыгынын дин иштери боюнча министринин орун басары Абдулла Ал-Хузейр
Муфтий Максат ажы Токтомушев менен Сауд Арабия падышалыгынын дин иштери боюнча министринин орун басары Абдулла Ал-Хузейр

- Мусулманчылыкта ортолукту кармоо - бул сак жана коопсуз жол. Кайсыл бир коомдо орток дин сакталса, анда жакшылыктын эң чоң насиби ошолордо болот. Сауд Арабия мамлекети орток дин тутуу жаатында кызуу иш алып барды. Бул багытта дин аалымдарын үгүттөө иштерине даярдады. Алар инсандар арасында орток багытты карманууга үндөдү. Учурда даават жана илимий мекемелерди мамлекет өз көзөмөлүнө алууда. Аларга каражат жана башка жактан көмөк көрсөтүлүүдө. Негизги тарбия программасы -массалык маалымат каражаттары аркылуу даават кылуу. Экстремизм же диний агымдарга кирип кетүүгө каршы туруу сыяктуу тажрыйбалар бар. Симпозиумдан өзгөчө өрнөктөрүбүздү ушул жерде катышып жаткан өлкөлөр эске алат деген үмүттөбүз.

Тажрыйба алмашуунун дагы бир жолу менен Казакстандын баш муфтийи Ержан Маямеров да бөлүштү. Ал интернетте эл аралык деңгээлдеги фатфалар жүктөлгөн маалыматтар топтомун түзүү сунушун ортого салды.

- Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы атайын сайт ачты. Бул интернет платформасына биздин өлкөдө чыккан фатфалар жарыяланып турат. Келечекте мусулман элдеринин ушундай биргелешкен фатфалар маалымат топтомун колго алганыбыз жөндүү деп эсептейм.

Равил Гайнутдин
Равил Гайнутдин

Орусия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин жер-жерлерде тез арада жаштар үчүн ислам борборлорун ачуу керектигин билдирди. Анын айтымында, борборлор ошол жердин салтына, кызыкчылыгына жараша түзүлүп, ал жерде китеп окуу же насаат сөздөрдөн башка оюн-зоок аркылуу да кызыктыруу керектигин белгилейт.

- Мечиттерде отура берсек, өспүрүмдөр, жаштар интернет аркылуу азгырыкка чалынат. Биз жаштардын кудайдан коркуу сезимин сактап калышыбыз керек.

Иш-чаранын экинчи күнү чет мамлекеттен келген муфтийлер жана диний илимпоздор Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлери жана диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушат. Ошондой эле алыстан келген диниятчылар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы айрым мечиттерге бөлүнүп, жума сабактарын жүргүзөт.

Иш-чарага Сауд Арабиядан, Орусиядан, Иорданиядан, Пакистандан, Украинадан, Беларустан, Египеттен, Кувейттен, Казакстандан, Тажикстандан жана башка мамлекеттерден муфтийлер, имам-хатибдер жана илимпоздор катышты.

Симпозиум Мусулмандар дин башкармалыгы, Жаш мусулмандар дүйнөлүк ассамблеясы жана президенттин жеке фонду тарабынан каржыланды.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG