Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Эратов: Такфиризм адам акылын ууландырууда


Равшан ажы Эратов
Равшан ажы Эратов

Муфтият Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге “Диний экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта эл аралык симпозуим өткөрүүдө.

Алгач ирет уюштурулуп жаткан бул жыйын 16-апрелде Бишкектеги улуттук драмалык театрда башталып, андан ары “Жаннат” отелинде эки күнгө созулат. Он жети мамлекеттен муфтийлер жана диний ишмерлер чакырылган иш-чара тууралуу муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов “Азаттык” радиосуна айтып берди.

“Азаттык”: Экстремизм термини түшүнүктүү. Такфиризм деген эмне? Мурда бул сөз көп айтылчу эмес эле?

Эратов: Мусулман адамды "каапыр" деп күнөөлөп, алардын канын төгүүнү өзүнө адалдап, туура деп алгандардын жоругун такфирчилик деп коёт. Такфиризм түшүнүгү ушундан келип чыккан. Акыркы кездери Иракта жана Сирияда күч алган, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун идеологиясы такфирчилик менен байланыштуу. Башка мамлекеттер менен катар Кыргызстандын жарандарын да алар өз катарына тартып жатат. Терроризм, такфиризм жана экстремизм түшүнүгү ислам динине жат көрүнүш экендигин ушул симпозиум аркылуу элге жеткирүүнү көздөдүк. Иш-чарага 17 мамлекеттен муфтийлер, дин аалымдары катышат.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан такфиризм учурда Кыргызстанга канчалык коркунуч туудуруп жатат?

Эратов: Мусулманчылыкты толук өздөштүрө элек кишилердин аң-сезимин уулоочу идеология экендиги менен коркунучтуу. Учурда радикалдашуу күчөп баратканы чын. Такфиризм ханафи мазхабындагы мусулмандарга жат көрүнүш экендигин коомчулукка сиңирүү негизги милдетибиз болуп турат. Алардын идеологиясына сугарылуудан алыс болуш керек. Такфирчиликти туура деп билгендер башка мазхабдагылар менен дайыма кайчы пикирде болушат. Ушул жагы өтө кооптуу.

“Азаттык”: “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта эл аралык симпозуимдун жыйынтыгында кызматташуу боюнча кандайдыр бир биргелешкен документ кабыл алынабы?

Эратов: Албетте, резолюция кабыл алынат. Анда дүйнө коомчулугунун негизги көйгөйүнө айланган диний экстремизм менен биргелешип күрөшүү маселеси камтылат. Коңшу мамлекеттердин муфтияттары менен кызматташтыкты жандантуу жагы каралат. Ошондой эле симпозиумда айтылган баяндардын баарын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге жеткирүү зарылчылыгы да резолюцияда жазылат.

“Азаттык”: Он жети мамлекеттен өкүлдөр катышат экен, алар кайсыл өлкөлөр?

Эратов: Сауд Арабия, Иордания жана башка араб мамлекеттери, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн өкүлдөр келет. Соңунда иш-чараны келерки жылы өткөрүү эстафетасы башка бир мамлекетке ыйгарылат.

“Азаттык”: Бул симпозиум алгачкы эл аралык жыйын экен. Идея кимдики?

Эратов: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулуп жатат. Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында дин маселесин көтөрүп, мамлекеттик концепцияны кабыл алып, аны ишке ашыруу боюнча атайын жарлыгын чыгарган. Концепцияда каралган талаптарды жана дин башкармалыгына берилген тапшырмаларды аткаруу максатында муфтият ушул симпозиумду өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG