Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Беларуста тажик активисти кармалды


Шабнам Худойдодова
Шабнам Худойдодова

Беларуста тажикстандык активист Шабнам Худойдодова кармалды. Анын кармалганын жакындары бир жумадан кийин гана билип, кандай шартта кармалып турганы боюнча маалымат ала алган эмес.

Беларус тарап болсо Шабнам Худойдодова эл аралык издөө салынгандардын тизмесинде болгону үчүн кармалганын билдирди.

Тажик активисти Шабнам Худойдодова Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Беларуска өтүп бараткан учурда, Брест-Чыгыш темир жол бекетинде кармалганы бир жумадан кийин белгилүү болду. Анын бир тууган эжеси Мижгона сиңдиси экстремизмге шектелип кармалганын үч күндөн кийин укканын, бирок анын кармалгандан кийинки тагдыры боюнча эч кандай маалыматы жоктугун “Азаттыктын” тажик кызматына 18-июнда төмөнкүчө айтып берди:

- Ал өзү чалган жок. Мага орусча сүйлөгөн бир улгайган аял чалып, Шабнам Брестте кармалганын гана айтты. Сиңдим андан кармалганын кабарлап коюусун өтүнгөн экен. Бул дүйшөмбү, 15-июнь болчу. Биз андан башка эч кандай маалымат билбейбиз. Анын жеке адвокаты да жок, ошондуктан жардам сурап биз укук коргоочу Надежда Атаевага кайрылдык. Ал эч кандай айыпсыз кармалып турат, ал болгону акыйкаттыкты гана каалаган. Болгон айыбы ушул. Чынын айтсам, ал саясатка кандайча кызыга баштаганын билбейм. Мен анын бул топко кошулганын быйыл февралда өзүнөн уккам.

Маектешибиз бул жерде топ деп “Жаштар Тажикстандын кайра жаралуусу үчүн” деп аталган оппозициялык топту айтып жатат. Бул топ Тажикстандан сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон оппозициялык саясатчылар түзгөн “Группа-24” кыймылы менен кызматташары айтылып келет.

Эжесинин айтымында, Беларуста кармалган Шабнам акыркы жылдарда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мигранттык турмушту баштан кечирип, улгайган адамдарды кароо менен жан багып келген. Бош убактысында интернет аркылуу жогоруда сөз болгон оппозициялык топтор менен байланышып турган. Бирок Мижгонанын сиңдиси сырттагы тажик оппозиция өкүлдөрү менен жолуккан-жолукпаганы, кандайдыр бир акцияларга катышкан-катышпаганы тууралуу кабары жок.

Шабнам качан гана атайын кызматтардан басымды сезе баштаганда жана Тажикстандын Кулябында калган апасына органдын кызматкерлери келип, ал тууралуу сурай баштаганын укканда коопсуздугунан чочулап, Орусиядан чыгып кетүүнү чечет. Мындан улам ал Бириккен Улуттар уюмунун Беларустагы өкүлчүлүктөрүнө баш паанек сурап кайрылмакчы болот. Ошентип ал чек арага келгенде кармалып отурат.

“Азаттыктын” тажик кызматы Брест шаардык ички иштер башкармалыгы менен байланышканда Шабнам Худойдодова бул шаардагы №7 тергөө абагында кармалып турганы белгилүү болду. Башкармалыктын маалымат катчысы Сергей Дученко буларды айтат:

- Тажикстандын бул жараны мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экен. Аны чек арачылар тизмеде болгон үчүн кармап, бизге өткөрүп беришти. Биз маалыматтар базасын карасак, ал өз өлкөсүндө экстремисттик иш-аракети үчүн айыпталып жатыптыр. Анын абалы жакшы, эгер зарыл болсо Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү киргизилет.

Ошондой эле Шабнам Худойдодованын документтерин тергөө органдары карап жатканы, кандайдыр бир чечим чыкмайынча иштин чоо-жайы тууралуу маалымат берилбеси кабарланды.

Беларус Ички иштер министрлигинин жазаларды аткаруу департаментинен болсо, өлкө мыйзамдарына ылайык, жарандар кармалар замат адвокат менен камсыздаларын билдиришти. Мындан сырткары тажик жараны мекенине экстрадиция болору айтылууда. Шабнам Худойдодованын жакындары болсо анын Тажикстанга кайтарылышынан чочулашууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG