Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Каржалган Беларус сырттан каражат издөөдө


Улуттук акчанын нарксызданышы беларустарды акча алмаштыруу жайларына топтоду. 20-май, Минск.
Улуттук акчанын нарксызданышы беларустарды акча алмаштыруу жайларына топтоду. 20-май, Минск.

Каржылык кризисти баштан кечирип жаткан Беларус карыз сурап Эл аралык валюта коруна кайрылды. Экономикадагы азыркы кыйракан талаштуу президенттик шайлоодон кийин Батыштын кысымына кабылган президент Лукашенко үчүн бийликтеги он жети жылындагы эң ири көйгөй болуп калды.

Улам чыңалып бара жаткан каржылык кризисти жөнгө салуу үчүн Беларус насыя сурап, Эл аралык валюта коруна кайрылганын өкмөт 1-июнда жарыялады.

Премьер-министр Михаил Мясниковичтин айтымында, алар үч-беш жыл аралыгында 3,5 миллиарддан 8 миллиард долларга чейин насыя алууга үмүттөнүүдө. Буга чейин Эл аралык валюта кору Беларуска 2009-2010-жылдардын ичинде 3,5 миллиард доллар бөлгөн жана өлкөдөгү соңку жагдайды баалоо үчүн өз миссиясын жөнөттү.

Валюта корунун өкүлдөрү Минскиде 13-июнга чейин болот. “Биз азыркы миссиянын ишин кор менен кызматташуунун башка программасын түзүүнү талкуулоо менен айкалыштырууну чечтик”, - деди Беларустун премьер-министри.

Саясий айыпкерлер акчага алмаштырылабы?

Эл аралык валюта коруна бул жолку кайрылуу декабрдагы президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарына нааразылык билдирип чыккандар күч менен айоосуз басылгандан кийин президент Александр Лукашенко эл аралык изоляцияга кабылып, анын Евробиримдик жана АКШ менен мамилеси бузулган учурга туш келди.

Андыктан, Беларустун мындай шартта Эл аралык валюта корунан насыя алышы канчалык реалдуу?

Минскилик журналист жана саясат таануучу Александр Класковский мындай дейт:

- Менимче, эгер Беларус жетекчилиги бул маанилүү жагы, белгилүү бир чегинүүлөргө барууга даярдыгын билдирсе, бул биринчи кезекте саясий айыпкерлердин бошотулушу, мындай маселе бир күндө эмес, балким бир нече айдын аралыгында чечилет. Анда Батыш насыя берүүгө макул болушу ыктымал. Анткени чындап келгенде режимге таасир көргөзүүнүн башка рычагдары жок.

Насыя буга илинчек иретинде кызмат кылышы мүмкүн. Себеби Эл аралык валюта кору структуралык реформаларды, базар экономикасына ылайыкташкан өзгөрүүлөрдү талап кылат.

Мындай учурда Беларус жетекчилигине каалбайм дегени менен олуттуу өзгөрүүлөрдү жасоого туура келет. Бул келечекте авторитардык режимди алсыратат. Ушул схема иштеп кетиши мүмкүн. Анткен менен маселе бул жерде Беларус жетекчилиги саясий айыпкерлерди бошотуу өңдүү кадамдарга барууга даяр же даяр эместигинде жатат.


Эл аралык валюта корунун болочок насыясын саясий активисттерди абактан маселесине байланыштыруу зарылдыгын беларус оппозициясынын өкүлдөрү да айтууда.

Декабрдагы президенттик шайлоого катышып, шайлоодон кийин камалып, күрөө менен бошотулган соң Чехияга качып саясий башпаанек алган Алес Михалевич шаршемби күнү Брюсселдеги басма сөз жыйында буларды белгиледи:

- Беларуста оор экономикалык кризис, Лукашенко насыя алууга абдан кызыкдар.

Андыктан саясий айыпкерлердин баарын бошотуу режим менен сүйлөшүүнүн жана кызматташтыктын айныксыз шарты болушу керек.



Саясий реформаларды колдоо Эл аралык валюта корунун мандатына кирбейт, бирок эксперттер кор расмий Минскиге саясий айыпкерлерди, анын ичинде президенттикке мурдагы талапкерлерди бошотуу үчүн кысым көрсөтөөрүн болжошууда.

Куну кеткен улуттук акча

Беларус Эл аралык валюта коруна кайрылгандыгын өкмөт эл керектөөчү товарлардын негизгилерине бааны тоңдуруу чечимин кабыл алгандан бир күндөн кийин жарыялап олтурат. Андан бир жума алдыда өлкөнүн Улуттук банкы улуттук акча – рублди 56%га девальвациялаган, башкача айтканда улуттук акчанын башка чет элдик валюталарга карата курсун расмий төмөндөткөн.

Каржылык кризистин тутанышына экономисттердин айтымында, орус газынын баасынын кымбатташы жана декабрдагы шайлоону утурлай мамлекеттик чыгымдардын көбөйгөндүгү түрткү берди. Кризистин көзгө көрүнгөн кесепети - улуттук акчанын наркынын түшүүсү болду. Буга чет элдик валютага суроо-талаптын күчөшү алып барды.

Жыл аягына чейин 39%га жетип барышы мүмкүн деген болжолдонгон инфляцияны ооздуктоо аракетинде Улуттук банк апта башында депозиттер боюнча үстөк пайызын 2%га көтөрүп, 16%га чыгарды.

Бийликтер мындай кадам беларус акчасында салынган аманаттардын баасын арттырууга жана аларды инфляциядан коргоого жардам берет деп ишенишүүдө.

Ким кимди сатып алат?

Расмий Минск эл аралык валюта коруна чейин насыя сурап, Орусияга кайрылган.

Бирок саясий лоялдуулугу жана орус газын Европага транзиттеп жатканы үчүн бир нече жылдан бери Беларустун советтик үлгүдөгү экономикасын субсидиялап келген Орусия бул ирет насыя берүүдөн баш тартты.

Өз бюджетинен акча ажырата албасын айтып, бирок Кыргызстан да кирген ЕврАзЭШ уюмунун антикризистик корунан 3 миллиард доллар карыз алууну сунуштады. Бул маселе анткризистик кордун 4-июнга Киевге белгиленген жыйынында каралуусу керек.

Бирок орусиялык расмий өкүлдөр Беларус кырдаалдан чыгуу үчүн мамлекет колундагы ири активдерин сатуусу керектигине басым жасап келишти.

Минскилик саясат таануучу жана журналист Александр Класковский орус расмий өкүлдөрүнүн мындай турумун Беларус кабылган кыйынчылыктан пайдаланып, мамлекеттик ишканаларды арзан сатып алуу мүдөөсү катары баалайт.

Насыя берүүдөн мурда экономикалык шарттарды, анын ичинде ири ишканалардын менчиктештирүү талабын Эл аралык валюта кору да коюшу мүмкүн.

Бирок Александр Класковскийдин пикиринде, эки жактын талабында айырма болот:

- Бул жакка орус жетекчилигинин өкүлдөрү келгенде сөз Минск автозаводу, “Белтрансгаз” өңдүү конкреттүү активдерди берүү жөнүндө жүргөнү баарына белгилүү. Мындайча айтканда аларды орусиялык капиталга гана сатуу керектиги сөз болгон. Бул биз үчүн коркунучтуу. Килейген Орусия кичинекей Беларустун экономикалык жактан жутуп коюшу ыктымал.

Башкача айтканда желек менен герб калат, бирок бүткүл экономиканы сатып алып койот. Бул коркунучтуу жол, муну азыр беларус оппозициясы да эскертүүдө. Эгер Батыш менен мамилени өнүктүрүү жана Эл аралык валюта корунун талаптарын аткаруу жөнүндө айтсак, жутулуп кетүү коркунучу жок. Кокус Батыш менен диалог жолго коюлуп, бул жакка батыштык капитал келсе, бул тескерисинче геосаясий теңдикти сактоого жардам бермек.

Андыктан Эл аралык валюта корунун талаптарында империялык бойок болбойт. Менимче принципиалдуу айырмачылык ушул нерседе.


Беларустун мамлекеттик ири ишканаларына мунай иштетүүчү эки, автомобиль чыгаруучу “МАЗ” жана “БелАз” заводдору, мобилдик байланыш оператору, мунай куурларын тейлеген “Белтрансгаз” компаниясы, калий өндүрүүчү “Белкалий” ишканасы кирет.

Президент Александр Лукашенко өткөн аптадагы өкмөт жыйында өлкөнү “бандиттик ыкма менен сатууга” жол коюлбайт деп убада кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG