Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Беларус оппозициясына расмий айыптар тагылууда


Беларус оппозициясын колдогон карикатура
Беларус оппозициясын колдогон карикатура

Беларуста 19-декабрда өткөн президенттик шайлоодо мамлекет башчысы Александр Лукашенкого каршы жети талапкер ат салышкан эле. Ушул жумада ал жетинин төртөөнө массалык тополоң уюштурган деген айып расмий коюлду.

Бешинчи президенттикке талапкерге каршы тагылчу айып бүгүн маалымдалат деп күтүлүүдө.

Талаштуу шайлоонун аркасында "Европанын акыркы диктатору" атыккан Лукашенко ушуну менен төртүнчү мөөнөткө шайланды.

Төрт талапкер - Уладзимер Някляеу, Витал Рымашеуски, Микалай Статкевич жана Андрей Санникауга массалык тополоң чыгарган деген айып коюлуп жаткандыгы 29-декабрда расмий жарыяланды. Төртөө тең азыр КГБнын убактылуу абагында жатышат.

Бешинчи талапкер Алес Михалевичке тагыла турган айып бүгүн белгилүү болот деп күтүлүүдө.

Дагы эки талапкерге - Рыхор Кастусйоу менен Дсмитри Вуска тергөө аяктаганга чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

19-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгында президент Александр Лукашенка төртүнчү мөөнөткө калды.

Учурда жети талапкер менен катар, алардын шайлоо мэнежерлери, дагы башка оппозиция активисттери, бардыгы болуп 26 кишинин иши тергөөдө.

Эгер алар күнөөлүү деп табылса, 15 жылга чейинки ар кыл мөөнөттөргө кесилиши мүмкүн.

Беларуста буга чейин да ушундай эле кинелер Лукашенконун башка оппоненттерине да коюлуп келген. 2006-жылы, мисалы, мурдагы президенттик талапкер Александр Козулин беш жарым жылга кесилип, Европа Биримдигинин кысымы менен эки жылдан кийин кечирим алган.

Бийликтер шайлоодон кийинки нааразылык жыйындар маалында кармалган кишилерди 29-декабрда бир четинен бошото баштады.

Минскинин борбордук аянтында он миңдеген демонстранттарды полиция күч менен кууп таркаткандан кийин, 600дөй киши кармалган эле.

Анын аралыгында, Уладзимер Някляеунун адвокаты анын саламаттыгына тынчсыздануу билдирди.

Адвокат Тамара Сидаренка демонстрациянын мезгилинде катуу таяк жеген Некляеуну түрмөдө тилден калып, кан басымы көтөрүлүп жаткан жеринен көрдү:

– Анын саламаттыгы кылдын учунда. Некляеу кайрадан гипертония кризисине кабылып, жүрөгү кармашы толук мүмкүн экендигине карабастан, аны ооруканага алып барыша элек. Ал 1999-жылы жүрөгү кармагандан бери дарыгерлердин каттоосунда болчу.

Лукашенканын башка атаандаштары Витал Рымашеуски менен Андрей Санникау да камакка алуу мезгилинде жаракат алышканы кабарланууда.

Расмий маалыматка ылайык 19-декабрдагы шайлоодо Лукашенка добуштардын 80 пайызын утуп алды.

Бул президенттик шайлоону Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму жана айрым Батыш өлкөлөрү демократиялык эмес, алдамчылыкка жол берилген шайлоо болду деп сынга алышты.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Лукашенкону жеңиши менен бир апта өткөн соң куттуктады.

Ал эми ушул шаршембиде Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Лукашенконун кайра шайланышына расмий колдоо билдирди.

«Мен бул шайлоонун жүрүшүн караган жокмун, бирок добуштардын санынан алганда, беларус элинин тандоосун сыйлоого тийишпиз» деди ал.

Ошол эле убакта Путин «Мен чындап эле бул шайлоонун кандай кырдаалда өткөнүнө баа берүүгө даяр эмесмин» деп айтты.

Лукашенка пост-советтик Беларусту 16 жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG